Чиновник менен 41 түн

Эскертүү, 18 жашка чыга электерге окуганга болбойт!
Мезгил, убакыт бирде уу берип, бирде бал берип, тагдыр өзү каалагандай калчап келет. Тагдырдын далай сыноолоруна кабылып, далай жакшы көз ирмемдерин мен да өткөрүп келем. Адам баласынын өмүрүндө байлык, бакыт, сүйүүнү 3 жолудан берилет экен. Жашым отузду чамалап калса дагы башыман бир чоң махабат өттү. Махабат эмей эмине, баары мен ойлогондон да башкача болду. Атым Жазира. Койчунун кара кызы болом. Кичинекей кезимде чоң атам менен чоң апамдын колунда тарбияландым. Сегиз бир туугандын ортончусумун. Мен мектепке кирээримде чоң апам атам менен апамдын колуна тапшырып берген. Союз таркаган маал биздин үй-бүлөөгө да чоң кедергисин тийгизди. Себеби, атам да, апам да жумуштарынан бошоп үйдө отуруп калышты. Атам чоң ЗИЛ машинеси менен бизди багып жүргөн күндөрдүн биринде авария болуп машинеси күкүм болуп калды. Ал учурда баарыбыз атамдын көзүн карап жашачубуз. Дагы жакшы атамдын эч бир жери эч нерсе болбой аман калды. Ошол жылдары бардык малыбызды сатып атам кайрадан жаңы Зил курап чыгам деп болбой тырышып туруп алды. Ал машинесин бир жарым жыл дегенде курап бүттү окшойт. Ага чейин байкуш апам бизди базарга чай сатып, тамак сатып атып бешөөбүздү кийинтип, окутуп жатты. Азыр беш бала эмес бир баласын балдар бакчасына бере албай жатышат, апам болсо

(Visited 2 242 times, 32 visits today)