Бай кемпирдин мурасы

1. Асмандан издегеним жерден табылды
Учурунда коомубузду дүрбөткөн «Аккыядагы өлүм» деген окуяга болгон зор кызыгуу бүгүн солгундап калды. Бирок ал окуя ошол мезгилде эл арасында өтө жайылып кеткендиктен, жаңы гана пайда боло баштаган кыргыз детективинин сүйүүчүлөрү – биздин да элден чыга баштаган эң атактуу детективдин бири Жанызактан жана ошол окуянын негизги катышуучуларынын бири — менден ошол иштин чоо жайын толуктап жазып беришимди суранышты. Андыктан, бул жазгандарыбыз ошол окуянын тегерегинде пайда болуп кеткен жаңжалдуу ушактарга чекит койот деген ишеничтебиз. Жана да ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул окуяны элге жеткирүүнү мага ишенген Жанызакка терең ыраазычылыгымды билдирмекмин.

(Visited 837 times, 4 visits today)