Кыргыз эли башка калктарга салыштырмалуу орошон ойду камтыган ар тараптуу накыл сөздөргө бай экенин танып болбойт. Ар бир орду менен айтылган сөз тентекти жоошутуп, ыйлаганды сооротуп, алсызга күч кубат берип келгенине турмуш шарт өзү күбө. Автор бул китебинде элибиздин көсөмдүк менен айткан “жетим да жетилер” деп айткан кеби турмуштан алынганын дагы бир жолу далилдеген. Атасы менен энесинен ажырап томолой жетим калган кыздын образын кенен ачып берип, жаштарга сабак боло турган окуяларга кенен токтолгон. Бул китеп окурмандардын кещири чөйрөсүнө арналган жана зор кызыгууну жаратат деген ойдобуз.

Таң жаңы атып бүгүнкү күндүн башталышынан белги берген кезде, Жапар молдонун азан чакырган үнү угулду. Ажар азан үнүн укканда жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыгып келип жүзүн чайып, короодогу уйду сааганы чаканы көтөрүп басты.
Он алтыга жаңы чыккан Ажар жумуш жасаганга чыйрак, жүүнү тирүү, барган жерине барктуу болчудай, өзүнө тың жана сүйкүмдүү. Чекесиндеги сепкили эле болбосо көзгө толумдуу, аты эле айтып тургандай ажарлуу кыз. Мектепте дагы жакшы баада окуп, өз деңгээлинде баркы бар.
Кушту мүнүшкөр, атты саяпкер тапка келтирсе, баланы ата, кызды эне тарбиялайт эмеспи. Анын сыңары Ажар атасы менен энесинен 5-класста окуп жатканда ажырап, таенеси Сыйда эненин колунда өстү.
Өзгөчө кыз бала үчүн энеден ажыраган кандай жагымсыздыкты тартуулайт. Атасы Бекболот көз жумган соң эки айдан кийин эле апасы Салимкүл жөн туруп эле төшөк тартып жатып калып, эки күндөн кийин ооруканадан үзүлгөн. Өзүнөн үч жашка улуу байкеси Саматты атасынын туугандары алып кеткен. Ал эми Ажарды таенеси болбой колуна алып, өзүнүн тарбиясын берип, минтип мектепти аяктар убакка жеткизди.
Ооба, Сыйда эне такыба адам. Ургаачы адамдын пакиза, өзүнүн оордун биле жүргөндү оозунан түшүрбөй айтат. Өзгөчө кызынан калган чүрпөсү Ажарды өзүнө жакын өстүрдү. Негизи эле кары кишилер көптү көрүп, көп жашагандыктан баамчыл болушат эмеспи. Эмнегедир барган сайын жаштардын эч иш кылбай баскан-тургандарына, арак ичкен булганган адамдарга зээни кейип, улутунганды адатка айланткан. Өзү дагы эртең менен эрте туруп намаз окуп, тилегени эле тынччылык менен небереси Ажардын өмүрү. “Ушул кызым түзүк жерге барса экен, барган жеринен көңүлү ооруп, кейибесе болду, тийген күйөөсү түшүнүктүү адам болсо” деп күндө тилек тилеген Сыйда эненин адаты.
Кыз бала бой тартканы бышкан мөмөдөй көзгө бараандуу көрүнөт эмеспи. Ажар дагы убакыттын өтүшү менен көкүрөгү чыгып, эликтин шыйрагындай түз буттары, ичке бели, узун чачы көркүнө көрк кошуп келет. Негизи эле сулуулук бойго жеткен кыздын “биринчи душманы” деп айтсак дагы жарашат. Анткени, канчалаган сулуу кыздар мектеп босогосунан бошоноору менен ала качкандардын торуна кабылып, турмушка чыгышты. Канчалаган сулуулар тилек-максаттарына жетпей, турмуштун соккусуна кабылышты. Чын-чынына келгенде эркектер көз менен сүйгөндүктөн, сулуулукка көп кызыгышат. Андыктан үйлөнөрүндө дагы көбүнчө сулуу кыздарга чабуул коёору эч шексиз. Ажар биз кеп кылгандай сулуу болбосо дагы өзүнүн чыйрактыгы, мода кубалап кийинбегени, жөнөкөйлүгү менен өзүнүн чөйрөсүнө кадыры бар. Баккан таенеси Сыйда колуна алгандан бери эч тажабай көргөн-билгенин айтып, Ажарга колунан келген тарбиясын берди.
Дайыма кечки тамакка олтурганда, өзгөчө кыштын узун түнүндө жомок, икаяларды айтып берип, кыздын кандай болушу керек экенине басым жасаган бул адатка айланган. Табактын түбүн колуң менен сүртүп ооз тийип, анан жыйна, ырыскылуу болосуң. Чачыңды кыркпа, чач кырккан ырыс кыркканга барабар. Чачтын дагы ден-соолукка пайдалуу жактары көп. Эркек адам эмне үчүн сакал коет. Сакалдын токсондон ашык пайдасы шарият жолунда айтылат. Ал эми аялдын, зайыптын көркү чач. Азыркы жаштар “чачым түшүп атат” деген шылтоону бетке кармап, кыркылган байталдын куйругундай чычайтып алганга өттү. Чачтын дагы сурагы болот. Чачтын узуну аял затынын көркү. Тиги дүйнөгө барбай калган жан жок. Баарыбыз жер алдына барабыз. Көргө киргенде чачты эки бөлүп, эмчекти жаап коет. Ошондо суракчылар чачтын узундугун сыйлап, сурактан жеңил куткарат. Чачы кыркылгандар кайсы чачы менен денесин жабат. Тээ илгери төө чечмей оюну болчу экен. Ал оюнда аял киши энеден туума жылаңач чечинип, чачы менен денесин жаап эл алдына чыгып, төөнү чечип кеткен экен. Чачтын дагы өзүнчө касиети бар деп Сыйда эне Ажарга чачка байланыштуу көп нерселерди айтып бергени бар. Мээримин төгүп, жетимдик эмне экенин билгизбей баккан таенесинин тарбиясында өскөн Ажар, жашоодон көп деле кыйналган жок. Сөөгү таза, айткан сөзү терең Сыйда эненин берген тарбиясы Ажарды жаман жолго түртпөдү. Ажар Сыйда энедей сөз бакан, акылга дыйкан, чыйрак кыз болуп чыга келди. “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тиет” деп айтылгандай, карыса да бой-келбетине таза караган Сыйда эне төрдүн көркү. Кайда барбасын сыйлап, төргө өткөрүшөт. Мал союлганда батага сөзсүз чакырылат. Сыйда эне бата бергенде, элдер кеминде чай кайнам алакандарын жүздөрүнө жакындатып, сөз тыңшап күтүп турушат. Сөздүн бүрүн тандап, маанилүү сөздөрдү айтып, качан гана Сыйда эне “оомийин” дегенде гана үй ээси баш болуп бата тилешет.
Сыйда эне өзү байдын кызы болгон экен. Тийген күйөөсү кечээ жакында эле жетимишинчи жылдары согуштан алган жараты козголуп, узап кеткен. Күйөөсүнүн көзү өткөнчө “сен” деп каяша айткан жок. Аны сыйлаган үчүн Абды аксакал дагы өз деңгээлинде мээримин төгүп, сыйлап жүрүп өттү. Сыйда эненин чоң энеси Калый апа, наабааттуу карыган, таза, салт кармаган жан эле. Сыйда эне чоң энесинин тарбиясын алды. Ошол себептен азыркыга чейин сый үстүндө. Эми өзүнүн жээн небереси Ажарга аял затына таандык жакшы сапаттарды үйрөткөндөн тажабайт. Өзгөчө нандын күкүмүн кол менен терип, нанды сыйлаганды эрикпей айтып келет. “Сөздү уккан жерге айт” демекчи, ата-энесинин мээримине канбай, жетимчиликтин жүгүн эрте артынган Ажар, таенесинин айткан сөзүн эки кылбай аткарып, өзүн Сыйда энедей бакубат карылыкка жетсем деп тилек кылат. Анткени Ажарга бир гана адам тарбия берип, эрезеге жеткирбедиби.
Ажар үйдү жыйнап, эки чаканы колуна алып, суу алып келгени ылдыйкы көчөнү көздөй басканда, алдынан Сыйда эне чыгып:
– Кызым, ал жакка барбай эле койчу, сууну анан деле алып келесиң, тиги жолдун имеришинде топ балдар арак ичип отурушат. Ичтерине бирдеме кирген алар сага тийишип, капа кылып коюшат го. Тиги Азимканга убал болду, жалгыз уулу Нураалынын азабын тартып, анын баласы дагы алар менен олтурганын көзүм чалып калды.
Ажар Нураалынын арак ичкен балдар менен олтурганын укканда, кабагы бүркөлө түштү. Анткени анын апасы Азимканды аяп кетти. Нураалы экөө чогуу өстү. Нураалыны эмне кылып гана бакбады, апасы. Ажар таенесинин артынан келатып Нураалы жөнүндө ойлоду. Эх, арак эмнени гана кылбайт. Аракка сын тагып да бекер. Сыйда эне алдыга басып баратып:
– Ажар, сен азыр Азимканга барып айт. Уулун ээрчитип кетсин. Тиги Темиржандын баласына кошулуп калыптыр. Темиржандын баласы арак ичкенде урушмайын тура албайт. Нураалыга анын кесепети тийбесин,- деп улутунуп койду. Ажар башын ийкеп:
– Азимкан апага го айтам. Бирок, Нураалы анын тилин алабы?
– Албаганда. Энеси да. Эненин тилин албаса андай баланын кимге кереги бар. Сен жөнө, келе чакаларды мен үйгө киргизип коем,- деди.
Ажар шашыла басып, Азимкандын үйүнө келди да, астананы аттап, жүн тытып олтурган Азимкан апага ооз учунан салам берди. Азимкан:
– Жакшы, кел, келегой. Келчү эмес элең.
Ажар ыңгайсыз абалда калды. Сөздү эмнеден баштаарын билбей.
– Апа, сизге мени таенем жиберди. Тиги көчөнүн имерилишинде, Аттокур байкенин үйүнүн жанында Нураалы балдар менен арак ичип олтурат, алып кетсин,- деп, Темиржандын аскерден келген баласы дагы бар экен.
Азимкан бул айтылган сөздөрдү укканда мык басып алгансып чочуп кетти:
– Кантет, Нураалы азыр эле үйдө жүргөндөй болбоду беле, ал жакка качан жетип барды болду экен. Алда катыгүн ай, – деп шашып ордунан турду да, таягын таянып алдыга кадам таштап.
– Ажар, сен үйдү карай турчу, мен аны чакырып келейин,- деп өтүнүч менен кайрылды. Ажар башын ийкеп:
– Макул, -дегенге араң жарады.
Нураалы Ажардан эки жашка улуу. Өткөн жылы мектепти аяктаган. Бирок каражат жок, бир чети энесин жалгыз таштагандан жазганып, үйдө апасы менен. Бир-эки жолу Ажарга тийишип, көз кысымыш болгон. Бирок Ажар ага көңүл бурбай кетип калган эле. Эне-бала урушуп келатканын Ажар дарбазанын ичинен даана укту:
– Апа, деги эл сыяктуу көчөгө ээн басамбы. Качан болсо аңдып жүрөсүң.
– Сага канча айтам, Темиржандын баласына кошулба деп. Ал бала адамды бузат. Ишенгеним жалгыз сен болсоң.
– Менин көзүмдү карабай, дагы төрөп албайт белең, – деп Нураалы оңураңдап дарбазадан кирип келатып, Ажарды көрүп уялып кетти да, сөзүнүн аягына чыкпай Ажардан көзүн албай карап калды. Күткөн эмес эле Ажарды көрөм деп. Экөө тиктеше түштү. Бул тиктешүүдөн Нураалы Ажардын көзүнөн: “энеге да ороңдойсуңбу?” деген сөздү окуду. Ал эми Ажар Нураалынын көзүнөн өзүнө карата ою түз экенин, андан дагы анын көз карашынан сүрдөөрүн билди. Аз убакыт тиктешүү Нураалынын ичине кирген аракты каяккадыр айдап, соолуга түштү. Эх, сүйүүнүн касиети. Ушул саам Нураалы Ажардан таза, такыба, аял затына таандык бийиктикти, “кыз” деген үч тамгадан турган аруулукту байкады. Биринчи жолу сүрдөдү. Азимкан бул көрүнүшкө тоскоол болуп:
– Сенин арак ичип жүргөнүңдү мага Ажар айтып келди. Эгер Ажар болбогондо сен, бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетмексин. Болду эми, эч жакка чыгарбайм, – деп, өзүнчө кобуранып Ажарга кайрылды:
– Ыракмат сага, Ажар. Эми үйүңө бара гой. Энең күтүп калды го.
Ажар башын ийкеп:
– Эч нерсе эмес, – деп ыңгайсыз абалдан кутулуш үчүн:
– Нураалы, мени бул жакка апам жумшаган, сенин арак ичип олтурганыңды мен көргөн эмесмин. Жылуу ордуңдан козгогонумду кечирип кой,-деди.
Анткени Азимкандын “Арак ичип жүргөнүндү Ажар айтып келди” деген сөз Ажарды ыңгайсыз абалга алып келген эле. Нураалы үнү бош:
– Ажар, биз менен отуруп чай ичип кетпейсиңби, куттуу үйдөн куру чыкпа деген сөз бар эмеспи.
Азимкан сөзгө кошулду:
– Ой, мына карылык деген ушу. Эч болбосо, нан ооз тий,- деп шашып калды.
Азимкан үйгө кирип кеткенде Ажар:
– Нураалы, бекер кыласың. Арак ичип ким муратка жетиптир. Өзүң үйдүн жалгыз баласы болсоң, – деди. Нураалы уялып, көз карашын өзгөртүп:
– Туура айтасың, бирок балдардан чыгып калам го…
– Арак ичип балдарга кошулам десең катуу жаңылышасың. Бирок, ичкен адамдын шылтоосу көп, -деп сөз менен чымчып өттү. Ушул убакта Азимкан эне нан алып чыкты да:
– Ажар, нан ооз тий, сага ыракмат. Жакшы кыз болуп бой тарттың. Өткөндө сенин кол өнөрүңдү көрүп абдан ыраазы болдум. Апаң Салимкүлдү жазбай тартыптырсың. Бейиши болгур Салимкүлдүн колунан баардык иш келчү эле.
Ажар нан ооз тийген соң:
– Макул анда, жакшы тургула – деп, өзүн теше тиктеп турган Нураалыны көз кыйыгы менен карап, кылыктана басып дарбазадан чыгып кетти. Жолдо келатып, Нураалынын кылгыра караган көз карашын эстеп, үнүн чыгарып “эркекте ар жок” деп кобуранып алды.

Visited 333 times, 2 visit(s) today