Автор бул китебинде, балага зар болгон эненин образын кенен ачып берген. Бул турмуштук баян, болгон окуянын негизинде жазылып, кызыктуу сюжеттер камтылган. Союз тарап, мамилекетибиз эркиндикти алган кездеги жошоо-турмуштун оош-кыйышы кенен чагылдырылып, окуя кенен ачылган. Баарынан дагы тилине алы келбеген кайын эненин калыстыгы жоктугу жана атасы жок бойго жеткен баланын чечкинсиз жоругуна чыдаган жаш келиндин татаал тагдыры тарбия ирээтинде берилген. Анткен менен убакыт баарын тараза ташына салып, кимдин-ким экенин билгизип койгону, окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

1983-жылдын февраль айы. Күн суук. Чыкыроон, күндүн жылышына тоскоолун тийгизип, калың жааган кардын илеби суук тартып жаздын кеч келишинен белги берип турду. Анткен менен төбөдөн тийген күндүн нуру алсыз жылуулук тартуулап турганда, карды кычырата басып көчө бойлоп келе жаткан, жашы жаңы гана он сегизге толгон Касым жашыл дарбазанын жанынан ай чырайлуу кызды көзү чалып калды да, дароо ал кызды суугун арта карады. Ушул жашка келгени мындай сулуу кызды көрбөсө керек. Балким көргөндүр, бирок азыркыдай абалга калып, жүрөгү менен берилип, биринчи көз караштан жактырып калуу сезимине кабылбаган чыгар. Буту тушалып, жомоктогу хандын жигити сулуу кызды көргөндө эсинен тангандай, Касым дагы эсинен танып бышып турган алмадай жетилген кызды жалдырап эле карап туруп калды. Кыз дагы жаш жигиттин абалына түшүнүп, уялыңкы көз караш менен бир саамга карады да, дарбазанын ичин карай кадам таштап, ичкери кирип кетти. Бала эшик жабылып бара жатканда кыздын акыркы жолу аппак колдорун гана көрүп, дагы бир топко тушалган аттай бир орундан жылбай туруп, анан жолун улады. Эч нерсе оюнда жок келе жаткан уландын ички дүйнөсүнө бүлүк салган бул көрүнүш, беш кайыптын бири, дидар кайыпка туш болгондон белги берип турду.
Касым орто бойлуу, каратору жигит. Бир жыл илгери мектепти бүтүп, учурда алты айлык айдоочунун окуусун окуп жаткан эле. Ушул жашка келгени кыз сүймөк турсун, кыздын колун кармап көрө элек кези.
Кадамын жай таштап, кылчак-кылчак кыз кирип кеткен жашыл дарбазаны илгери үмүт менен карап, ал жерден узап баратып Касым, алдындагы жерге тоңуп калган ташка чалынып жыгылып кетти. Баятан бери аны терезенин кычыгынан карап турган Аида, жыгылып кеткен жигитти көрүп, кыткылыктап күлүп жиберди. Анткен менен Аидага дагы алгач көргөндө эле, алиги уландын сырт келбети жагып калганын жашыра албайт болучу. Андан дагы анын жыгылып кеткендеги абалы, кандайдыр бир деңгээлде кыздын аёо сезимин козгоп, ага карата болгон оюн оңдогонго түрткү берди.
Касым качан гана көзгө кооз көрүнгөн, алиги үйдөн узап кеткен соң гана ойлуу кадамын алдыга таштап, баалуу буюмун жоготуп жиберген адамдай коңултактап үйүнө келип, кабагы салыңкы көмкөрөсүнөн эски диванга бой таштады. Көзүн жумса эле алиги үрдүн кызындай ай чырайлуу бей тааныш кыз көз алдына тартылып, болгон дитин ээлеп алды. Дидары бурулуп калган ал кыз менен эми таанышпаса жаны жай албачуудай сезилип, таттуу кыялдын кучагында термелип жатканда, тили ачуу “кара жаак”- деген атка конгон апасы Калича, сырттан кирип келип эле уу тилин агытты:
– Дагы жатасыңбы? Отун жарып койсоң боло деги?! – деди эле, Касым башын жаздыктан көтөрүп:
– Апа, ушул сөздү акырын эле айтсаңыз болот эле го. Мен отун жарып, бастырманын астына жыйып койгом, кардын алдында калбасын деген ойдо. Калича ошондо дагы жаагын жаап калбай:
– Көрдүм жарган отунуңду, ал эмнеге жетет. Күндүн суугу бул болсо… – деп, сөзүнүн аягын таппай калды да, анан ички үйгө кирип кетти. Касым, чукул жерден “мен алиги сулуу кызды алсам, апам минтип ажылдап турса, анда менин сүйүүм эмне болот”-деген ойду ойлоп, али тааныша элек кыздын келечегине кам көргөн болду. Бирок жүрөгү менен сезди, ал кыз менен таанышаарын.
Таң атканга чейин уйку бетин көрбөй, тун сүйүүнүн азабын тартып ооналактап жаткан Касым таңга жуук гана көзү илинип, уктап кетти. Эртең менен апасы адатынча ачуу тилин агытып, уйкудан ойготту. Негизи эле эрден эрте ажырган аялзатынын күчү тилинен чыгабы, апасынын тилдүүлүгүнө Касым көнүп деле калган. Бирок эмнегедир кечээтен бери, тактап айтканда алиги кызды көрүп калгандан бери, апасынын тилдүүлүгүнө тескери баа бере баштады. Калича чаңкылдаган үнү менен:
– Касым, деги сенин эрте турган күнүң болобу? Жөн койсом керээлди күнү кечке жата бергенден тажабайсың. Башка балдардай атаң эле болсо эмне. Касым сөздү чойгусу келбей жаздыктан башын көтөрүп:
– Апа, деги сизге эмне болду? Урушпай эле жай сөз менен айтыңызчы, айтчуу сөзүңүздү. Таң атпай уруштун сөзүн баштабай! Калича үнүн баштагыдай чаңкылдатпай:
– Эрте туруп от жаккан күнүң болобу деги? Кечээ жарып койгон отунуң калбай калыптыр. Тур сыртка чыгып көң салып кел!
– Ушул сөздү жай сөз менен эле айтсаңыз болот эле да – деп, апасына каяша айтып, кыялын көргөзүп жылуу төшөктөн туруп сыртка чыкты. Калича эмнегедир ушул саам, уулу айткандай болбогон нерсеге эле ачуулана бергенин сезип калды белем, каршы сөз айткан жок. Буга Касым дагы таң калып калды. Анткени, жооп угам деп ойлогон эле да.
Бул күнү, убакыт дигер намазына жакындап калган кезде Касымды кандайдыр бир белгисиз күч, алиги жашыл дарбазаны көздөй жетелеп жөнөдү. Жакшы эле аракет кылды ал жакка барбаска, бирок көз алдынан кетпеген кыздын сулуу келбети, жаркын элеси жанын жай алдыра койгон жок. Айтканга оңой бирок, тун сүйүүнүн түйшүгү, азабы, санаасы кимди гана ойго салбайт.
Көзгө тааныш жашыл дарбазанын жанына келген Касым бир топко туруп калды, таттуу кыялга жетеленип. Көз алдына элестетип келген болучу, алиги кызга кечээ көргөн жеримден жолугам – деп, бирок, аны көрө албай, ушундай бир жакшы ой, жакшы тилек менен келип супсуну сууп, үстүнөн бирөө муздак сууну куюп жибергенсип, шалдырап эле туруп калды. Ал турсун бир орундан жылганга дарманы жетпей, нес болгон адамдай дарбаза жакты карап, кеминде бир сааттай убакыт турганда, түнөргөн булуттан чыккан күндүн нурундай Аида, эки чака көтөрүп суу алганы дарбазадан чыкканын көргөн Касым, өзүнө-өзү ишене албай көзүн бар-бар ирмеп, көргөн көзүнө таң берип, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти. Ушул жашка келгени, азыркыдай сүйүнүп көрбөсө керек. Бой келбетине жарашыктуу кийинген аркар шыйрак, кымча бел, музоо кирпик, орто бойлуу бей тааныш кыз көчөгө көрк берип, кыз каадасы кылып, кылыктана баскан бул кылыгы Касымга баштагыдан миң эсе кооз көрүнүп, кыздын артынан кандайдыр бир күч жетелегенсип, өзүнөн-өзү басты. Аида ан сайын кылыктанып, көйнөгүнүн этегин чайпалтып басып, суу ала турган жерге жетпей туруп калганда, Касым учурдан пайдаланып, болгон күчүн жыйып жакын келип:
– Чоң кыз, саламатсызбы? – деди. Ушул жерден сүрдөнгөндөн үнү дагы каргылданып, кулакка жат, үшүгөн адамдын үнүндөй угулуп кетти. Аида сын көз менен карап, өзүнүн үстөмдүгүн көргөзүп:
– Саламатчылык, сиз кимсиз?-деди. Назик үндөн Касым баштагыдан алда канча сүрдөп, оозуна ылайыктуу сөз келбей, мугалимден сүрдөгөн окуучудай:
– Мен Касыммын. Сизди кечээ көргөндөн бери, менде чукул ой пайда болду “сиз менен таанышсамбы” – деген. Сураныч сизден, менин өтүнүчүмдү четке кага көрбөсөңүз. Кыз наздана караганда, сулуунун көз карашына туруштук бере албай, Касым аргасы жок жер карады. Ушул жерден билди өзүнүн мококтугун. Сулуу менен биринчи жолу бетме-бет кездешкен Касымга мындан көрө жоо менен бетме-бет кездешүү алда канча жеңил болот беле… такыр эле өктөмдүгү жоголуп, тили буулуп калганы өзүн таң калтырды. Жакшы эле аракет кылды, кайран жигит бир нерсени айтайын деп, бирок тили буулуп али сүйлөй электе эле ээриндери титиреп, ылайыктуу сөз оозуна келбей, ал турсун тердеп дагы кетти. Кыздын көзүн тик карамак турсун, сөз таба албай туруп калган Касым болгон күчүн жыйып, жер караган калыбында:
– Чоң кыз, ысмыңыз ким?-деди, үнүн жапыз чыгарып. Аида учурдан пайдаланып:
– Мен сизди кечээ көргөм. Бирок, сиз менен бүгүн минтип жолугуп калам деп, ойлогон эмес элем. Уялыңкы чыккан кыздын үнүнөн Касым эрдемсий түштү. Эх, баардык нерсени баалуулугу жеткенге чейин эмеспи. Эгер Аида кыска сүйлөп, сүрдүү көз караш менен караганда, Касым баштагыдан дагы мокой түшөт беле. Кыздын уялыңкы жана жол бошотуп сүйлөгөн сөзү демине – дем берип:
– Сизге мени кандайдыр бир күч жолугууга ээрчитип келди. Сөз ушуну менен уланып, экөөнө таанышканга мүмкүнчүлүк табылды.
Аида суу алып, эки чаканы көтөрүп бери басканда Касым жардам бермекке аракет кылды, бирок бул аракети текке кетти. Аида ушуну эле күтүп тургансып:
– Мен өзүм эле, аны коюп сиз кечинде келиңизчи, үйдөгүлөр көрүп калса мага ыңгайсыз болуп калат го, чынында ушак айыңдан алыс болуп, эч ким билбегендей болгон эле жакшы, – деди. Ушул сөздү укканда Касым, уккан кулагына ишенбей, өзүн абдан бактылуу сезип, оозуна сөз келбей, башын ийкеп:
– Мен сизди кечинде тиги силердин үйдүн маңдайындагы бактын жанынан күтөм. Сөзсүз чыгыңыз деп, андан ары сөзүн таппай калганда Аида:
– Азыр бара бериңиз, кошуна-колоңдор көрүп калбасын. Касым эч сөз айта албай, өзүн бул дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардай сезип, ал жерден нары басып кетти да, суу көтөргөн сулууну үйүнө кирип кеткенге чейин, бери жактан көз ирмебей карап турду. Качан гана кыз үйүнө кирип кеткенде, кылчак-кылчак артын карап, жолуна түштү.
Андайда убакыт дагы өтпөй калат эмеспи. Касым үчүн кечтин кириши азаптын-азабы болду. Декломация айта тургансып же чоң жыйында сөз алып сүйлөй турган адамдай Аидага айта турган сөзүн ичинен миң кайталап, катуу даярданды. Анткен менен убакыттын өтмөгү тун сүйүүгө кабылган уландын сабырын түгөтүп, чыдамын кетирди. Мал-салын жайлап, отун сууну даярдап, мына чыга берээрде апасы Калича:
– Касым, азыр эч жакка кетпей тура тур, шаардан таякең келе жатыптыр. Бейшенбектен баягы карызын доолаганы. Чогуу барып кел, жалгыз жибербей. Жаш уланга ушул эле жетпей турду эле. Касым дароо өңүн бузуп:
– Апа, мен бир жерге барып тез эле келип калам, таякем келгенге чейин. Сөз жебеген Калича адатынча ажылдап кирди эле, Касым өзүн кармана албай:
– Апа, болбогон нерсеге эле ачуулана бересиңби? Кызык эле жансыз. Мен убада берип койгом, “кечинде келем” деп, айттым го тез эле келем дебедимби.
-Эмне убада, кимге?-деп көзүнүн чаарын чачып карады. Бир күндө бир же эки киши менен урушкан Каличанын адаты. Жана эле дүкөндөн Аида менен урушуп кеткен. Аида кезеги келгенде соода кылганы жаткан. Аңгыча эле Калича:
– Ай кыз, сенде улууну сыйлоо деген болобу деги? Эмки жаштарда уят деле жок. Аида кабагы салыңкы:
– Эже мен сизди канча күттүм. Сиз тиги эже менен сүйлөшүп туруп албадыңызбы. Мени үйдө күтүп калышты. Дүкөнчү аял Аидага болушуп кеткенде гана Калича сөзүн кайра алган. Ошондо Аида бул Каличаны ушундай бир жаман көз караш менен карап “кимдин энеси болду экен”деп ойлоп койгон эле. Эгер дүкөнчү ортого кирип сөзгө аралашпаганда, Калича эмне деген гана сөздөрдү айтат эле. Дагы жакшы Аиданын, Каличага теңелбегени.
“Кечинде кел” деп айтылган убакыттан алда канча эрте келип, Касым жашыл дарбазадан көзүн албай карап турганда, эки бала басып келип:
– Дос, сен кимди күтүп турасың?-дешти, бир ооздон. Мындайды күтпөгөн Касым жооп бере албай, башын жерге салган тейде:
– Мен жөн эле. Азыр бир теңтуш бала келет эле – деди, оозу бош. Тиги эки баланын бирөө Аиданын байкеси экенин Касым билген жок. Бердибек кабагын түйүп:
– Эй, иничек, азыр ушул жерден кетип кал, болбосо бирди көрүп каласың! – деди. Аңгыча Аида дарбазадан чыгып, байкесин көрүп эле кайра изине кайтты. Бирок аны Касым байкаган жок. Сөз кезеги келгенде :
– Балдар, мен силерге эмне кылдым?-деп, сөз сүйлөп келе жатканда эле көзүнө катуу сокку тийип, бош турган денеси жерге кулап түштү. Тиги экөө учурдан пайдаланып, жакшы эле сабашты. Касым кол көтөргөнгө дагы жараган жок. Ал турсун эмнеге токмок жеди, ага акылы жетпей турду. Аз убакыт илгери эле кызга жолугу үчүн сөз камдап жаткан Касым, эми эптеп үйүнө жетүү үчүн денесин түз кармап, бул жерден кетүүгө кадам таштады. Баятан бери дарбазанын ичинен аны карап турган Аида артынан келип:
– Касым, деги дени-кардың сообу?-деди. Тааныш үндү уккан Касым абдан сүйүнүп кетти:
– Ооба, мен жакшы элемин, кап, экөөлөп кетишпедиби, мен аларды тааныбайт экенмин. Аида көзү көгөргөн Касымды аяп:
– Кап, сак болсоң болмок. Мен сени абдан күттүм эле.
Касым бул сөздү укканда ооруган жерин унутуп калды. Жагымдуу чыккан кыздын назик үнү, жан тартып сүйлөгөнү, жоодургана карагаттай болгон көздөрү, баарынан дагы анын “сени абдан күттүм эле” деген сөзү Касым үчүн бакыт эмей… сөз кезеги келгенде:
– Мен үчүн бүгүн убакыт өтпөй койду. Менин азыр токмок жегеним эч нерсе эмес, эң негизгиси сага жолукканыма, сени көргөнүмө ишене албай турам. Ушунчалык кыска убакыттын ичинде мен, сага берилип калам деп ойлогон эмес элем. Коңур үндүү жаш уландын айткандары жаш кыздын кулагына жаңырып, дагы жакшы сөз уккусу келип, сөз күттү. Касым жоодураган кыздын көзүнө тик карап:
– Аида, сени кандай эне төрөдү болду экен, жомоктогу сулуу кыздай кылып. Сөз ушул жерге келгенде жанагы эки караан пайда болуп, алиги көзгө урганы:
– Аида, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?- деди. Тааныш үндү укканда Аида сөз таба албай, байкесинин өктөм чыккан үнүнө каршы сөз айтмак турсун, уялганынан артын карабай кыз каадасы кылып, чуркап кетти. Ушул жерден Бердибек:
– Мен сага эмне дедим эле?! Кетип каласыңбы же дагы бирди көргүң келип турабы? Касым дароо эле билди, бул бала Аиданын байкеси экенин. Уялган түр менен:
– Байке, кечирип коюңуз, менин кетип эле калганым оң – деди, корккон түр көргөзүп. Негизи эле кичүү балабы же кызбы улуудан ыйбаа кылып, коркуп койгону кандай жакшы көрүнүш. Касымдын тартынып жооп бергенинен Бердибек өзүн жогору тутуп:
– Балакай, экинчи ушул аймактан сенин карааныңды көрбөйүн, бол тез кетип кал! – деди. Токмок жеп денеси оор тартып калгангабы же дагы токмок жегиси келбедиби, балким ортодогу мамилени бузууну каалабадыбы, Касым эч каршы сөз айтпастан алдыга кадам таштады. Бердибек досу Кубаныч менен Касымды узата караган тейде бир саамга туруп:
– Кеттик, эми бул жакка бут таштабас болду, – деди эле, Кубаныч:
– Кайдан, билесиңби, баягыда экөөбүз Айнурага барганда байкесинен кандай токмок жедик эле. Анан эки күндөн кийин аны унутуп калып, кайра барганыбызчы. Байкеси дагы кызык экен, карындашына биз эч кандай жаман иш кылбасак деле, кубалап, жолотпой койгонуна мен азыр деле таң калам. Бул айтылган сөз Бердибектин огородуна эле ыргытылган таш болуп калды. Бердибек өзүнүн күнөөсүн сезип, сөздүн төркүнү кайда жатканына баа берип, үн дебестен алдыга басып кетти.

************ *************

Visited 38 times, 1 visit(s) today