Назиранын көщүлү баштагыдан абдан чөгүп, кечиндеги окуяны эстеп араң эле кадам шилтеп басып келатты. “Эми жездемдин бетин кантип карайм?”-деп өзүн-өзү жемеледи. Анан эмне кылат? “Уят олүмдөн катуу” дегендей, жердин катуулугунан өзүн кармап,санаанын кучагында баратты. Жүзү албырып, уялганы жүзүнөн билинген Назира, оозгу үйдө отурган жездесин тике карай албай, ичкери кирип кетти. Айзада, Байышка:
– Качан келдиң? – деп сурады. Байыш:
– +зүщ кайда бардың? Келгениме бир сааттан ашты. Жумабек досум чакырып жатат. Бол тез, камдан. Айзада көщүлү суз:
– Эмнеге чакырыптыр? Мен светтин акчасын төгүп келдим – деди. Күйөөсү шаштырып:
– Барганда көрөсүщ да. Аны коюп кийинип чыкчы. Бизди күтүп калышты. Бат эле келем дедим эле… Байышка. Айзада эч сөз сүйлөбөстөн үйгө кирип, кийинип чыкты да, суроолу кайрылды.
– Эмне алыш керек? Акча алып алайынбы? – деп жооп күтүп туруп калды. Машинасын от алдырып жаткан Байыш:
– Менде акча бар, бол ылдам – деп машинасын дарбазадан чыгарып Айзаданы күтүп, шаштырган болду.
Назира жездеси менен эжеси кеткенде “өх” деп үшкүрнүп алды…
*