Кыш мезгилинин чок ортосу. Кар калың болгону менен күндүн илеби жылуу. Бирок, кардын каары эртели кеч денени ичиркенткени болбосо, эмнегедир адамдар жеңил кийинип,кыштын суугун таназар албай жүрүшөт. Жылда бул учурда ооздон түшкөн түкүрүк жерге жетпей тоңуп калчу. Ошого жараша элет жеринде эл ичик-тон, шуба өңдүү сырт кийимдерди кийип, элдин саны көчөдө аз кездешчү. Ал эми бул жылы көчө көркүнө чыгып, шаңдуулук күчүндө.
Убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде, өтө жупуну кийинген арыкчырай, орто бойлуу Назира кимдендир корунгансып жер карап, базарды көздөй келе жатты. Бул айыл райондун борбору болгон үчүн шаар тибиндеги көрүнүштөргө- бай. Базары, чоң дүкөнү, эки этаж ооруканасы, бала бакча өңдүү имараттар өзгөчөлөнүп көрүнүп турат.
Назира ак жуумалдын сулуусу. Жашы болгону жыйырма төрттө. Эки баланын энеси. Жашоодон бир жаңылганы он сегиз жаш курагында, өзүнөн жыйырма жаш улуу күйөөгө тийгени. Андан дагы тийген күйөөсү колунан иш келбеген, динди бетке кармаган «молдо» деген аты бар, басып жүргөн бир пенде деп айтсак аша чаппайбыз.
Көргөн киши Назираны, тийген күйөөсү Мустафага такыр ыраа көрбөйт. Бул да болсо тагдыр, бешенеге жазылган буйрук эмей…
Элдер жаңы жылды тособуз деп, катуу даярдык көрүп,базар ичи ызы-чуу. Назира базарга жакын келип калган кезде кошунасы Айна:
– Назира, жаңы жылга карата кошуналар акча чыгарып, бир үйгө отуралы дедик эле. Силер кошуласыңарбы?-деди Назира эки жакты элеңдей карап, басынганын жүзүнөн билгизип:
– Аны тиги киши менен сүйлөшүңүзчү. Сиз аны толук билесиз да -деди эле, Айна ниетинен Назираны аяп:
– Анда, өзүң эле келе бер. Акча кошпой деле кой. Эң негизгиси, кошуналардан калба. Билем, Мустафаны. Анын бизге кереги жок. Келсе каяктагы шарыят сөзүн сүйлөп, башты чагат-деди эле, Назира:
– Аны учурунда айтайынчы. Мен барайын. Үйдө чай менен нан калбай калыптыр. Кечиксем тиги киши шекшинет. Молдолорду билесиз да «Кызганган сүннөт» деп, обу жок кызгана беришет эмеспи.
Айна эмнегедир ушул саам ички дүйнөсү менен кещешкенсип, аяр карап, чөнтөгүнөнө акча алып чыгып Назирага сунуп
– Балдарыща бирдеме ала барып берип койчу, күйөөң акчаны эсептеп берген чыгаар. Кантип эле биз сени түшүнбөйлүк-деп, кошуналарынын атынан сүйлөп, акчаны болбой колуна карматып койду. Жыйырма сом Назира үчүн чоң акча. Сүйүнгөнүнөн жүзү нурданып чыкты:
– Айна эже, сага ырахмат. Мен сиздин бул жакшылыгыңызды унутпайм деп, базарга кирип, элге аралашып кетти.
Бул учурда, Мустафа жол карап, аялы Назираны күтүп турган. Жакын жердеги дүкөндөн деле алса болмок чай менен кантты. Базарда эки сомго арзан деп, акчанын көзүн караган молдоке, Назираны төрт көчө алыс базарга жибергенинин жөнү, акчаны аягандагы кербези эле. Назира, эки күндөн кийин боло турган жаңы жылга даярданмак турсун, Мустафа санап берген акчага керектүүлөрүн алып, жыйырма сомду катып алды, 31-декабрда эки баласына бир нерсе алып бериш үчүн.
Шашып, энтиге басып келгенде Мустафа:
– Ай, эмнеге кечиктиң, ушул турган жерге барып келгенге?-деди эле, Назира жалтактай карап:
– Кошуналар менен сүйлөшүп калдым. Жаңы жылда Сайраш эженин үйүнө отурушат экен, болгон кошуналар, чогулуп. Бизди кошуласыңарбы? деп сурашты. Мен «сизди билет»-деп жооп бердим. Мустафа кабагын түйүп:
– Ай, ушу кошуналардыкы өттү. Каапырлардын майрамын майрамдайбыз деп. Чыныгы мусулман баласы үчүн бир жылда эки гана майрам бар. Орозо айт жана Курман айт. Биз эч кандай аларга кошула албайбыз. Арак ичиле турган жерге барганга такыр болбойт-деп өзүнчө күпүлдөп, сүйлөнүп алды:
Ошентип, эч билинбей убакыт өтүп, эл күткөн 31-декабрь да келди. Элдер майрамга катуу даярданып, базардан керектүүлөрдү алып келип жатышканда, Назиранын эки баласы мотураңдап чуркап келишти:
– Апа, элдер майрамга даярданып жатышат. Биз качан даярданабыз дешти, бир ооздон. Назирага ушул эле сөз жетпей турду белем, кабагын түйүп, жамап жаткан байпагын токтотуп:
– Аны, анан атаңар келген кезде айткыла деп, бурк этти. Бул Назиранын ачуусу келгендеги белгиси эле.
Күндө бир маал Мустафа мээсин жейт «аял деген минтиш керек, аял дегендей тигинтиш керек» деген акылдуусунган сөздөрү менен.
«Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты» дегендей, алты жылдан бери Назира күйөөсүнүн аягы тайыз сөзүнө ишенип, иштемек турсун үйдөн он мүнөттөй сыртка чыгып, эл менен сүйлөшө элек.
Арадан туура эки саат убакыт өткөндө, энтиге басып Мустафа келди да, Назиранын үйдө экенин көрүп, эс ала түштү. Анткени, кудум Назирага окшош аялзатынын машина менен баратканын көрүп, ою бузулуп, ойлонгондон мээси чыңалып, давлениясы көтөрүлүп кеткен. Бул адам баласындагы ашыкча ой жүгүртүүнүн, болгондо дагы жаман нерсени ойлогондогу абалы эле. Көрсө адам өз өмүрүн өзү ушинтип жаман ойлор менен кыскартып, оору тилеп алат тура.
Назира да билди, күйөөсүнүн кызганыч ой менен келгенин. Аңгыча эки баласы жакын келип:
– Ата, элдер майрамга даярданып жатышат. Биз качан даярданабыз?-дешти бир ооздон. Көңүлү жайланган Мустафа:
– Койгула балдарым, антпегиле. Бүгүн эч кандай майрам эмес. Ал каапырлардын чыгарган майрамы. Аны коюп бүгүн апаңар манты жасап берет-деп, чөнтөгүнөн акча алып чыгып, Назирага сунду:
– Ме, бул акчага эт, май, аны муну сатып келип, келиштире манты жасачы. Көптөн бери манты дагы жей элекпиз-деди, Назира акчаны алып жатып:
– Жолдон базарга кирип, өзүңүз эле ала келсеңиз болмок-деди үнүн жай чыгарып. Назира тийген күндөн бери «сиз» деп кайрылат. Ошол себептен, «келсеңиз болмок»-деп кайрылды. Мустафа өзү ала келмек, саат басып, машинага түшүп бараткан келинди көрүп калып, шашып келбедиби. Назира кабагын түйүп:
– Анда, мен эки баламды ээрчитип алайынчы. Кечиксем, жол карап, капа болосуз!-деди. Бул айтылган сөздүн артында «кызганасыз» деген сөз жаткан. Мустафа дароо макул болду башка айласы жок болучу.
Жолдо ката Назира эки уулуна эмне сатып берсем деп, жаңы ачылыш ача турган окумуштуудай катуу ойлонуп, жыйырма сом көзүнө чоң акчадай сезилип, таттуу ойго алаксып бара жатты. Андан дагы ал акчага күйөөсү билбегендей нерсе сатып бериши керек. Болбосо, “акчаны кайдан алдың”-деп, тергөөчүдөн жаман суракка алышы турган иш. Ойлуу кадам шилтеп бараткан Назиранын жанында эки баласы алыскы Лондон шаарына бараткансып сүйүнүп алышкан. Үйдөн алыс чыкпаган бул эки наристе үчүн базарга барган жөн эле бир келген бакыттай сезилди.
Назира алгач Мустафа берген акчага керектүүлөрдү алды да анан эки уулуна бир лимонад жана пирожки сатып берип, катуу эскертти… «атаңарга айтпагыла»-деп. Кыштын күнү лимонад ичкен эки наристенин сүйүнүчүндө чек жок. Ашып калган акчага чупачупс алып берди. Үйгө барганча жеп түгөткүлө- деп. Ошентип, бул күн дагы эки наристе үчүн өзгөчө күн болду.
Эки уулу менен кеткен аялын Мустафа чыдамы кете күттү. Алардын карааны имерилиштен көрүнгөндө гана жаны жай алып, ичкери кирип, мешке от калады. Аңгыча чоң майрамга катышып келгенсип эки уулу «Ата базарда тигини сатып жатыптыр, элдер катуу даярданып жатышкан экен, тарсылдак атылган нерселерди сатып алышкан эл көп» деп, көргөндөрүн айтышты эле Мустафа:
– Алар, туура эмес кылышат. Мына бүгүн апаңар силерге келиштирип манты жасап берет. Кана Назира, алып келгендериңди көргөзчү-деп, сумкага көз агытты. Оюндагынын баарын көргөн Мустафа:
– Эмесе, баштайлы. Мен эт туурайын. Сен камыр жууру.
– Эшик суук. Бир чыныдан чай ичип алып баштайлычы. Курсак ачып кетти-деди эле Мустафа жактыра бербей:
– Тамак канчада даяр болот?-деди. Назира кабагын түйүп:
– Кеминде үч саатта. Биз даярдаганча эле бир саат кетет. Отко койгондон кийин бир сааттан ашык убакытта бышат.
Мустафа колун шилтеп:
– Анда чай ичип алалы. Назира сен туура айтасың-деди. Чай ичилип бүткөндө, Мустафа даарат алып келип, намазын окуганы ичкери кирди. Назира эки уулу менен кечки тамактын камын көрүп, ун элеп келди.
Эне үчүн баланын күлгөнү, сүйүнгөнү эмне деген бакыт. Өзгөчө кичүү баласы ар нерсени божурап сүйлөй берди. Назира “кап атаганат, эки уулумду эл сыяктуу бала бакчага берсем кана”- деп ойлоп койду. Анткени экөө үйдө камалып отуруп көп нерсени али билише элек. Базарга барып келгенге эле ушунча сүйүнүп жатат деп, келечекке кам көрө таттуу кыялга батып, ойго чөмүлүп кетти. Эгер, Мустафа ички үйдөн чыкпаганда, дале ойго алдырып отура берет беле. Назира, кабагы суз, күйөөсүн бир башкача көз караш менен карап:
– Эттин баарын эле кошолубу? Пияз дагы аз калыптыр-деди сөз улансын үчүн. Негизи эле Мустафа идиш-аякка кийлигишкен үчүн, Назира өз эрки менен эч нерсе жасай албайт. Ошол себептен сурады, болбосо молдоке сөз менен жеп салат, бир сөзүн кайра-кайра кайталап айта берип.
Бул күн кыштын кыска күндөрүнүн бир күнү эле. Мустафа куптан намазын окуп болгон кезде, тамак бышты. Төртөө чогуу отуруп тамак жешти да, төшөк салып эрте эле жатып алышты. Бул учурда башка элдер жаңы жылды тосууга катуу даярдыктарды көрүп, тасмалдарын кенен жайып коюп, көңүлдөрү шат эле.
Эки бала курсактары тойгонгобу, баштары жаздыкка тиери менен уктап кетишти. Назирадан уйку качып, түбү жок ойду ойлоп, кеминде эки сааттан ашык убакыт жатты. Аңгыча, тарсылдактар атылып баштады. Бирок, жаңы жылды тосчу убакытка дагы кенен бир саат убакыт бар эле, негизи эле молдолордун болгон дити төшөк оюну менен чектелеби, Назиранын жанын койгон жок. Ансайын Назиранын кыжыры келип, эртерээк эле ишин бүтсө экен деп өзүн- өзү араң кармады.
Ансайын Мустафанын иши узакка созулганда Назира:
– Болчу, болгон оюң эле ушу. Элдер тигинтип майрамды тосуп жатышат. Деги биз качан эл сыяктуу жашайт болдук -экен? Бүгүн кошуналар “чогулабыз” деди эле, ага да барган жокпус. Мустафанын кулагына эч нерсе кирген жок. Анткени анын болгон дити башка жакта болчу.
Назира, айткан сөзү текке кеткенине өкүнүп:
– Сизге айткан сөз эч таасир бербейт. Элдин аялдары кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, ээн эркин басып жүрүшөт. Мен болсо капаска түшкөн куштай кайтаруудамын деди эле, ишин бүткөн молдо:
– Сени, бирөө бузуп жатат өңдөнөт. Минтип айтчу эмес элең. Сага айтпадым беле “динден алыс аялдар менен сүйлөшпө” деп, өктөм сүйлөп нары карап жатып алды. Аңгыча, сааттын жебеси он эки болду белем, тарсылдактар кеминде жарым сааттай убакыт атылды. Мустафа жаздыктан башын көтөрүп:
– Ушул эми жакшы ишпи. Канча акчаны асманга куру бекер атып салышты “Ысырапкорчулук”-деп, төшөктү чүмкөнүп жамынды.
Назира, таң куланөөк атканга чейин уктай алган жок. Жаңы жылды тоспогонуна ушуну менен алтынчы жыл болду.
************************* ***********************