Назира: – Эмне шашылыш иш болуп кетти?- деп цехтин начальниги Бакбүбү Абакировага карады.
– Эже, үйдөн шашылыш телефон чалды “Суранып кел” деп. мүмкүнбү барып келгенге? – деди. Бакбүбү көз айнегин чечип:
– Эмне болуптур анчалык?- деди. Назира уяңдык мүнөзү менен жер карап:
– Билбейм эже. Жаңы эле эжем тез суранып кел дегенинен улам, сизга кайрылдым.
Бакбүбү Назираны ишке алгандан бери биринчи жолу суранып жатканын эске алып:
– Назира, иш көп. Бүгүн биринчи жана акыркы жолу болсун суранганың. Бар барагой. Бүтпөгөн ишиңди бүтүрүп анан жөнө – деди. Назира башын ийкей:
– Ырахмат эже – деп сыртка чыкты да, өзүнүн иш ордуна келип олтуруп, тигип жаткан кийиминин аягына чыкканча, аңдыганы эле телефон болду. Бирок күткөн телефондон чакырык болбоду. Акыры цехтин астанасын аттап сыртка чыгып баратып, дагы телефонду үмүттүү караганга үлгүрд. Күткөн адамы телефон чалган жок.
Элеңдей басып шашыла үйгө кирген Назира оозгу үйдө туруп калды. Айзада ички үйдөн чыгып келип:
– Ырас келбедищби! Сени эле күтүп жаттык эле. Жездең экөөбүз айылга жөнөгөнү калдык. Сен үйдө туруп тур. Эшиктин ачкычын алып кал деп, чакырткам. Жездеңдин айылдагы иниси үйлөнүптүр. Ошол жакка барганы жатабыз. “Тез келгиле”- деп кайненем телефон чалды. Мен андан ары айылга тие келем. Балдарыща бир нерсе берип жибере тургандай алыщ барбы?- деп суроолуу карады. Назира сүйүнүп:
– Ооба, мен анда базарга барып келе калайын.
– Бол тез. Берчүңдү камда. Жездең келгенче тез барып келе кал. И анан… күйөң Мустафа келсе, үйгө киргизбе.
Назира шашыла басып кыска көчө менен, чоң жолго бет алды. Мурунку аптада айлык алган. Акчасын коротпой катып койгон эле. Маршрутка менен базарга келген Назира, жол жээгинде Тураттын машинасы токтоп турганын көргөндө, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти. Аңгыча жолдун аркы өйүсүнөн бери келаткан Турат, машинасынын жанында турган Назираны көрүп, артынан акырын келип эки колу менен көзүн жаап, коңур үн менен:
– Күзгүбү же таракпы?-деп, тамашалаган болду. Назира, Турат экенин тааный коюп, ичке үн менен “Күзгү” деди да, дароо артын карады.
Жашоо эмнеси менен кызык кайгы-капа, кубаныч, сүйүнүч, күтүү, эңсөө, жаман көрүү-жакшы көрүү, издөө-табуу менен экенин ким тана алат. Бул экөө деги эле бири-бирин жүздөрүн көргөнгө зар болуп, жолугушуyну эңсешпедиби беле, эми минтип күтүлбөгөн жерден жолугушуп калганы, чыныгы кубанычты тартуулап, бири-бирине көз караш менен билдиришти, чектен сырт сагынышканын. Алгач Турат:
– Назира, сен кайдан? – деди эле. Назира күлүп:
– өзүңчү? Мен сени телефон чаларыңды күтүп жатып, телефонду карай берип, көзүм тешилди. Сенин үнүңдү уксам эле баары калыбына келчүдөй болуп. Эмне мынча мени зарыктырып, күтүү азабына салдың. Ушул жашка келгениме сүйүү эмне экенин билген эмесмин – деди эле Турат:
– Тиги кишини да менчелик күткөн эмес белең? – деди эле Назира:
– Аны эстетпечи, андан көрө кечинде үйгө кел, жездем менен эжем айылга кеткени жатышат. Балдарга бирдеме алып берип жиберейин деп келген элем. Мен абдан шашылышмын- деди эле, Турат чөнтөгүнөн акча алып чыгып сунду:
– Ме, бул акчаны керегиңе жарат. Мен кечинде келем. Абдан шашып жаттым эле. Түнкү үчкө билет алдым, Россияга барганы калдым. Назира өңүн бузуп:
– Эмнеге, мен эмне кылам? – деди эле Турат:
– Аны кийин сүйлөшөбүз. Шеф күтүп калды го деп, Турат,шашылыш экенин билгизип:
– Анан жолугушабыз- деп, Кубан Аскаровдун офисин көздөй шашып жөнөдү.
– Назира эки уулуна бут кийим, апасына жакшы сырт кийим менен таттуу-тарапа алып такси менен келип калды. Назиранын келишин эле күтүп тургансып, Байыш сыртка чыгып келип, таксиден түшкөн балдызынын жүгүн көтөрүшүп, ичкери кирип машинага салды да, Айзаданы шаштырды:
– Бол эми тез кыймылда, эрте жарыкта жол арбытып алалы- деп. Назира дале болсо, жездесин тик карай албай уялып, жүзүн ала качып жалтактады. Байыш балдызын сын көз менен карап, уялчаагы бул, анан кантип алиги бала менен кучакташып өбүштү. өз көзүм менен көрбөсөм ишенбейт элем- деп, ансыз деле уялганынан жүзү кызарып турган балдызын сынай карады. Назира ан сайын жер карап, уялганынан денесин майда калтырак басып, жердин катуулугу эле кармап тургансып, үйгө киргенче шашты. Аңгыча Айзада сөз козгоду:
– Я Назира, жөн эле базарды көчүрүп келгенсиң го. Эмне айлык алдыңбы? – деди эле, жер караган калыбында:
– Ооба, бергенге жараша берейин, бекер машина менен барып калсын дедим – деп, жай жана маанилүү сүйлөдү. Байыш таң калды. “Жооштон жоон чыгат”- деген ушулбу. Келгенине аз убакыт болду тапканы бул, өбүшкөнү тиги. Деги мен түш көрүп жаткан жокмунбу -деп, ойго алаксып, машинасына түштү.
*