“Жамгыр жааса-жерге жакшы, аялдын кылыктанганы эрге жакшы” – дегендей Мустафа, Элмиранын акыркы жолку кылыктана караган көз карашынан өзүнө кубат алып, келечекти үмүт менен карап, жаш аялдын, жаңы никенин убайын көрүүнү ичинен миң мертебе тиледи. “Атты сатып алаарда тишин кара, аялды алаарда анын ичин кара” дегендей, молдону Элмиранын кулк-мүнөзү ички дүйнөсү кызыктырган жок. Анын болгону сырт көрүнүшү жана сулуулугу көңүлүнүн төрүнөн орун алып, кошунадан акча карыз суратып, өзүнүн үйүнө жөнөдү. Ойлогон ою тайыз, бир гана аял затынын этегине көз арткан Мустафанын үйүнө шашкан жөнү бар болчу. Эгер бүгүн кетпей калганда, ойлогон оюу орундалмак. Элмира кара дубанын күчү менен Мустафаны гана эңсеп калган.
– Апа, бүгүн молдого барабызбы? Эмнегедир эле ал молдодон мага дем түшчүдөй, оорудан өзүмдү сакайчудай сезип жатам,- деди эле, апасы:
– Жок, ал бүгүн айтпады беле, өз үйүмө келгиле, үйүм райондун борборунда деген Сайра эне Элмираны чочуган түр менен карады:
– Жок, апа! Ал кечээ эми бир жолу дем салып суу берем анан күн алыс келсеңер болот- дегендей болгон. Мага эки жолу суу берди. Эми үчүнчүсүн ичкенден кийин жеңилденип калам – деди эле, Сайра эне башын ийкеп:
– Таңкы тамакты татып анан деле барабыз. Ага эмне мынча шаштың, тургандыр үйүндө. Азыр анын иштей турган деле иши жок. Баягыдай колхоз иш таап берген учур болсо, анда сөз башка эле… Элмираны шаштырып, акылын ээлеп алган Мустафанын кайтартма кара дубасынын күчү болуп жатканын Сайра менен Элмира кайдан билсин. Ал дубаны Мустафа өзбек досунан жазып алган “Бирде болбосо бирде кереги тиет” деп. Айткандай эле учуру келип, минтип өзүнөн алты жашка кичүү келиндин башын имерүү үчүн колдонгонго жараганы турат. “Ашыкча дөөлөт баш жарбайт” дегендей молдоке жөн эле учурунда ушундай иш болоорун алдын ала билгендей жасаганына не дейбиз. Бул да болсо өзүмчүлдүктүн бир белгиси болчу. Элмира деп ооруп калган молдонун оюна эки баласы келген жок. Алар эмне жеп, эмне ичип жатат ал жөнүндө ойлогонго Мустафанын духу дагы жетпеди. Болгон эс дарты Элмирага үйлөнүп, Назирага көрүнү негизги максаты болду.
Элмиранын табити тамакка тарткан жок, көңүлү бир гана молдону көрүнүү эңсеп, дубанын күчү таасирин берип жаткан. Башы айланган кишидей, көзү шишигенсип, өңү керсары тартып, кырк күн суу ичкен адамдай өң алакеттен кетип, төшөккө кайра кулады. Эмнегедир Мустафа келип дем салса эле калыбына келчүдөй сезилип, бир саат үнсүсүз жатты. Ан сайын эне байкуш, чарк тегирмен болуп айланып берээрге эч нерсе таппай, чебеленип турду. Тээ бир оокумда гана Элмира тилге келип:
– Апа, молдону үйгө чакырып келесизби, анын дубасын аягына чейин ичсем дурус болобу деген үмүт бар. Болбосо, көзүмө бир нерселер эле көрүнүп жатат- деди. Сайра эне дароо макул болуп, молдонун үйүнө буту-бутуна тийбей, шашып келди. Келгени курусун,бул убакта Мустафа өз үйүнө кетип калган болчу. Зуура таң калып, бир чети шекшинип:
– Я Сайра, кызыңа балам кайтартма окуп койгон жокпу. Анын аялы кетип калып, санаа чегип жатты эле. Эгер макул көрсөң Мустафага дем салдырбай койгонуң оңбу деп, турам. Бул молдолоруң булганган киши болобу деп дагы ойлоп калдым. “Шарият жол берет” деп эле аял ала берген, кантип болсун. Кечээ силерди узатып жатканда байкагам, Мустафанын оюн. Сайра бир нерседен шек алып:
– Зуура, сен туура айтасың. Эмнегедир кызым таң эрте уйкудан ойгонуп эле, молдону алгач оозуна алды. Балким кайтартма дубанын күчү таасирин бере баштадыбы. Эми эмне кылсам болот?! “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей, алкаштын азабынан жаңы гана кутулсак, кайра молдонун азабына кабылганы турабы, кызым. Мен тиги “Калыстын жаназасын окуйм” деп талашкан эки молдонун жоругунан кийин, динчил молдолорду жаман көрүп калдым. Чынын айтсам Мустафага кызымды бербей калайын! Эрден жыргаса кызым ушинтип үйгө келет беле?- деп бир топ сөздүн башын козгоп, ичтеги бугун чыгарып алды эле Зуура:
– Тээ илгертен бери молдолордун болгон ой максаты, коштоп аял алуу. Жок дегенде эле колдорунан бир иш келсечи. Мустафа молдо болгону абышкам экөөбүздүн кыжырыбыз эле келип жатат. Бир жагы жакшы экен, арак ичпей калганы. Кечээ Айымжандын турмушка чыккан кызы келиптир. Ал аталаш эки кайнисинин жоругун айтса кыжырыщ келип,уккущ келбейт го.
Куданын иниси эки уулун медреседен окутат “Молдо болуп бул дүйнөдөн такыба жашап өтсүн” деген ойдо. Эки уулуна короткон акчасын айтпай эле койгонум оң. Өзбекстанга барып келген эле жол киреси канча.
Азыр куданын эки уул кумган кармап, даарат алгандан башка эч нерсе иш кылбайт экен. Болгону шарият жолун жакшы билишет. Бөлөк эч нерсе кылбай эле, окуган намаздарын милдет кылышып, куурай башын сындырбай аппак кийинип алышып, ээрчишип жүрөт -дейт. Бул эмне деген жорук. Ал эми тиги Абдыгазы менен Күнболоттун баласын алалычы. Жапжаш болуп турушуп сакал коюп алгандарычы. Ошолорго окшогондор динди дагы булгап бүтүштү. Илгери молдо деген таза, сүрдүү болчу эле. Азыркы молдолоруң курусун- деп, Зуура чын ниетинен кейип, диндин булганганына өкүндү эле, Сайра:
– Я, Зуура, анан балаңа бирдеме деп айттыңбы, эне катары.
– Айтпаганда эмне. Абышка экөөбүз эки жактан жанын койгон жокпус. Акыры өзү дагы бул үйдө өлүк жан экенин билип, кеткенче шашты. Колуңдан келсе кызыңды эми ага алып барба! Менин сага айтаарым. Какыс-кукус кылып айтсаң, тилиңди алып калар. Элүүгө чыккан кишиге ким эмне сөз айтып жеткизе алат. Кайсы бир акылман адам айткан экен “Эр жигит отуз жашында орок оро албаса, кыркында кылыч чаба албайт” деп. Анысыңары кырк эмес, элүүгө чыккан тиги биздин молдо баланын болгон дити аял алуу болуп калганын кеч байкап калдым. Неси болсо дагы экөөбүз сый бойдон калсак болду. Сайра кайтартма жаман, кызыңдын болгон дити ойлогон ою бузулат. Деги кызыңа сак болчу. Мен тиги Мустафаны мынчалыкка барат деп ойлогон эмесмин. Алиги жаш алган аялынын дагы башын имерип алса керек. Болбосо өзүнөн улуу адамга тиймек эмес. Сайра сөз тереңдеп баратканда:
– Зуура, мен шашылбасам болбойт го. Кызым таң эртеден “молдого качан барабыз”- деп шашып жаткан, бирдеменин ичинен чыкпаса болду. Өзү дагы учурда алы жок болуп турду эле. Сен айткандай, Мустафа кара дуба ичирип койсо, жол карап, мени күтүп жаткандыр. Андан дагы кызымдын тийген күйөөсү аң сезимине доо кетиргенби, ай ушул замандын түрү жаман. Жаныгы кээ бир гезиттерге жылаңач кыздардын сүрөтүн бербей эле койсо эмне. Ушул эми жакшылыктын белгисиби? Ургаачы адамдын болгон байлыгы жашыра турган жери абийири менен тулку бою эмеспи, “Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт” дегендей, аялзаты денесин жапса кадыры бийик болбойбу. Я, айланайын Зуура, биздин учурда эркек аттуунун алдынан кыя өтчү белек?! Болгон дитибизди “Уят” деген сөз ээлеп турчу эле го. Ал эми азыр эркектердин алдына түшүп алышып, жамбашын чайкап баскан кыз- келиндерди көргөндө, итатайым тутулуп, эмне кылышты билбей калам. Кой мен көп сүйлөп баратам, – деп шашкалактады эле Зуура:
– Мынча болду, даам ооз тий жок дегенде. Чай ичсең деле болмок. Күтчү кызың азыраак күтө турар- деп оозу бош сөз улады. Сайра каршылыгын көрсөтүп:
– Жок, даам ооз тийсем болот. Жанагы бир ырчы бар го “Болсом да баланын атасы, дагы эле апама баламын” – деген, кызым эрге тийип чыгып келсе дагы эле мага секелек кыздай сезилет- деп, нан ооз тийип, шашыла сыртка чыкты. Бул учурда Элмиранын сабыры түгөнүп,үйгө олтура албай калганынан сыртка чыгып, аскерге кеткен баласын күткөн энедей, жол карап жүргөн. Сайра эне алыстан эле кызын көрүп, андан бир сырды байкады. Бирок ал эмне сыр ачык биле албай, кадамын тез таштап жол арбытуунун амалын жасады. Аралык жакындаганда кызы Элмира көзүнө оорукчан адамдай көрүнүп кетти. Ал эми Элмира апасынын шашып келатканына көңүл бурбастан “Болбойбу эми кыбырабай” деп күбүрөнүп, утурлап басты:
– Апа, эмне сизди ал жакка байлап койдубу? Молдоке кана? -деп күч менен сурады. Ооруп төшөктөн турбай жаткан кызы минтип жол карап жүргөнү Сайра эненин санаасын күчөттү:
– Я, айланайын кызым! Сага эмне болду анчалык?! Сен молдосу жок эле доктурга барчы. Ал сага кайтартма кара дуба окуп ичирип койсо керек. Болбосо эмне мынча аны сурап калдың? Бас, андан көрө үйгө кирип дары ичип жат. Молдо өзүнүн үйүнө кетиптир. Эми ага барбайбыз. Апасы дагы айтты, ал сени оорудан сакайтпай эле кайра башыңды айлантып алгысы келип жатат өңдөнөт. Элмирага апасынын айткан сөздөрү кулагына кирген жок. Бир гана “Молдо өз үйүнө кетиптир” деген сөздү уккан соң дароо “Ал жакка барыш керек” деп айла амал издей баштады. Апасынын сөзү жөн гана желге айтылгандай, эч таасир бербеди. Ал турсун апасынын араң эле оозу кыймылдап жаткандай элес берип, башын кармап жерге олтура калды. Болбосо жыгылып кетет беле… Сайра эне калдастап, кызын кармап калды да, келме келтирип жиберди. Бул да болсо адам баласынын эң акыркы мүмкүнчүлүгү эмеспи. Качан адам баласы кыйынчылык же оору башка келгенде келме айтып, улууАлланы эстеген бул тээ атам замандан бери жашап келаткан өнөкөт иш. Айласын таппай калдастап калган Сайра эне, эмне кылышты билбей калды. Аз убакыт өтпөй Элмира өзүнө келип:
– Апа, коркпой эле койсоңуз. Башым тегеренип кетти. Давлением түшүп кетсе керек. Жүрүңүз үйгө деп, ордунан турганда Сайра күч менен үшкүрүнүп жиберди да, кызын колунан кармап:
– Эмнеге көчөгө чыктың? Үйгө эле жатып турсаң болмок. Элмира кабагы салыңкы:
– Мен дагы сизди тартып санаакормун. Кечиккениңизден санаам тынбай баскам, жол карап. Үйдө төрт дубалды карап жалгыз жаткан дагы жаман экен. Андан дагы сыртка чыгып, таза аба жуткум келди- деп, молдого карата болгон ой-максатын жашырып, эбин келтирип сөз менен жыйкап койду. Сайранын көңүлү жайланып:
– Мен эмне сени таштап кайда кетмек элем. Зуура баласы жөнүндө кобурап калды. Азыркы молдолор курусун. Динди дагы булгап бүтүштү.Ушакчы катындардай эки сүйлөп, пайда көрүүнүн амалына түштү, өздөрүн көргөзүү үчүн баштарына селде ороп алышкандарын кантесищ.Илгери молдолор тебетей, чепкен кийишип, зыңгырап көзгө сүрдүү көрүнүшчү эле. Азыркылар табактай кылып сакал коюп, узун көйнөк кийип алышканы, такыр эле көзгө өөн учурайт экен. Деги булар ээрчиме, өз акылдары менен иш кыла албаган немелер болобу- деп, ойлоп калдым, сүйлөгөн сөздөрү менен жасаган иштери такыр төп келбейт. Сараң, аялсаак, кызганчаак калк болушат белем. Жанагы биз барып жүргөн Мустафа деген молдо чүрөктөй болгон жаш аялын, эки баласы менен кетирип жиберип, эми ылайыктуу аял таппай жаткан имиш. Ошол кантип болсун. Баланы туудуруп койгондон өткөн оңой эч нерсе жок, – деп сөз улап келатты эле Үркүнбай карыя алдынан чыгып калып сөз үзүлүп калды. Бул карыя дагы карылыкка моюн сунуп, таяк таянып басып калган. Сайра учурашты:
– Жаксыңар- деп, Үркүнбай карыя көзүн үлдүрөтүп:
– Сен Сайрасыңбы? – деди да, саламды алик алып:
– Кайдан, таң атпай?- деген болду. Сайра жооп бергенге шашылбай, жакын келип:
Өзүңүз кайда баратасыз? Мен тиги көчөгө эле баргам. Жүрүңүз кирип чай ичиңиз- деди эле Үркүнбай:
– Жок, ырахмат. Элде эмне кеп-сөз бар угуп келейин деп, почтону көздөй баскам. Пенсияны качан берет болду экен?- деди эле Сайра үнүн бийик чыгарып.
– Дүйшөмбүдө берем деди, почточу. өзүңүз да барып сурап көрүңүз. Үркүнбай карыя карылык сөөлөтүн кармап:
– Макул Сайра, мен барайын, үйдө олтуруп зеригип да кеттим. Карыганда үйдөн чыккың дагы келбей калат экен. Бирок, эл журттан кабар албасаң да болбойт- деп, сапарын улады. Сайра аны узата карап:
– Кайран киши, учурунда кандай адам эле- деп, кобуранып бир саамга өткөн бир окуяны эстеди.
Ал кез алтымышынчы жылдардын башы эле. Үркүнбайдын болуп-толуп турган кези болучу. Ар бир нерсенин өз учуру болот эмеспи. Анысыңары Үркүнбай дагы ошол кезде күпүлдөп айылдын активи эле. Актив башы менен улакка түшүп, үч жолу улакты ордого салганда, райком таң калып өз колу менен алчалай сыйлыгын берген. Андан дагы согушка катышып келгени жөнүндө чай кайнам убакыт айтып, Үркүнбайдын кадырын өстүргөн. Жакшы сөз адамдын өмүрүнө- өмүр, шыгына-шык кошору турулуу иш экенин танып болбойт. Ошондо Үркөнбай эл оозуна катуу алынган. Эми минтип үч буттап басып, карылык сөөлөт күтүп, жакшы карыды.
Сайранын оюн Элмира бузду:
Апа, эми эмне кылабыз. Сиз, ар нерсени бир тараптуу алып ойлогонуңуз болбойт. Экөөбүз молдого акыркы жолу баралы да, болгон ишти болгондой айталы. Эгер, ал мени толук айыктыра албаса,ачык айтсын. Анда доктурдун дарысын ичейин. Бир чети химия жолу менен жасалган дары ден-соолуктун бир жерине жакса бир жерине жакпайт. Аны өзүңүз деле айтып жүрбөйсүзбү. “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлүптүр” дегендей, бир молдону, бир доктурду эңсеп орто жолдо калбайлы. Аны коюп Мустафа молдого барып ачык айталы, айыктыра аласыңбы же сенин ойлогон оюң башкабы”- деп. Бир чети анын салган деми эмнегедир тасирлүүдөй сезилди-деген оюн айтты эле, Сайра:
– Кызым, молдо-солдого ишенбей эле койгонубуз оң го. Дегеним,тиги Мустафа сенин башыңды айлантып аялдыкка алып алса анда кандай күн болот. Билесиңби, молдолор аял жандуу келишет. Андан дагы алар абдан кызганчаак болушат. Деги эле молдого тийген аял затынын бакытка тунганын көргөнүм жок. Эгер, сага Мустафа молдо кайтартма дуба ичирип, сени өзүнө имерип аял кылып алса, анда сенин келечегиң тар болот. Билесиңби, Мустафа кызганганынан мөлтүрөгөн жаш аялы менен ажырашып тынганын. Негизи эле диндин фанаты болгон адамдардын, адамдык деңгээли тайыз болот. Бирок, бир жакшы жагы ичимдиктен алыс болгону- деп, өз оюн айтып Элмираны суроолуу карады эле Элмира өңүн бузуп, көзүн сүзүп:
– Апа, баарын кылган өзүңүз. Мен башында айттым эле го “молдонун колунан эмне келет” деп. Сиз болбой алып бардыңыз. Эми, анын аягына чыгалы- деп жүйөөлү сөз айтты эле, Сайра баштагы оюнан кайтып:
– Кызым, ооба, менде күнөө – деп андан ары сөз таба албай калдастай түштү. Бир жагынан Зууранын айтканы эп болсо, кызы Элмира дагы жүйөөлү сөз айтты. Чынында эле кызынын “Молдого барбайм, анын “сүп-сүп” деген сөзүнөн эмне пайда” дегенде, өзү болбой койгон. Эми кайра баш тартканы адамдык сапаттыкка жатпайт. Бирок, Элмирага кайтартма дуба ушул сөздү айттырып жатканын этибарга алган жок. Сөз-сөзгө уланып, эне менен кыз эртеси күнү жалган шашкеде жолго чыгышты.
*