Мустафаны эки баласынын кандай абалды жашап жатканы кызыктырган да жок. Ал турсун балдарын ойлогонго чамасы да жетпеди. Болгон дити “катын кантип алам” деген гана ой мээсине кыттай уюп, күнү-түнү ойлогону аял заты жана беш мүнөттүк кумар болду. Айылга барып келгени багып өстүргөн ата-энесинен дагы көңүлү кайт болуп, кимден кеңеш сурашты да билбей калды. Убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде, Абдылда досунун үйүнө басып барды. Барса анын эки аялы эки жагынан көзүн карап, жашоосу ойдогудан жогору экенине өз көзү менен көрүп, ичи күйдү. Ошол учурда, эки эмес бир аялга жетпей калганына ичинен түтөп турду. Бирок, сыр берген жок. Келет деген Элмира дагы келбеди. Келсе, эртең мененки автобус менен келмек. Бир чыны чайды эптеп ичип, Абдылданы сөзгө тартты:
– Досум, эми эмне кылсам болот? Назира шаарда жөн жүргөн жок. Эмгиче бирөөнү таап алса керек. Мага башка аял алгандан бөлөк жол жок болуп калды көрүнөт. Деги эле эмнедир азыркы аялдар, шарият жолуна баш ийбеген мени абдан түйшөлтчү болду. Намаз окуп, дин жолундагы эле аял албасам, мени түшүнбөйт, азыркы дин безер аялдар – деп, жер караган тейде сөз улады эле, Абдылда молдо жан тарткан адамдын кейпин кийип:
– Досум, сага жаман болду. Тиги Сатыбалдынын кызы менен байланышып көрдүңбү?- деген болду, Мустафа:
– Ал кыз коюнга эле жатып бергенге жарабаса, мени башкарып алчудай. Тартиби тайыз экен. Жанына жуутпады. Кыскасы ал кыздан көңүлүм алгачкы жолукканда эле калып калды. Андан көрө шаарга барып, борбордогу мечиттеги медиреседен же ислам институту ошол жактан окуган такыба аял затын алсамбы деген-ой пайда болду? – деди эле Абдылда жанданып:
– Туура айтасың. Ал жактан менин бир таанышым бар. Ошонун дарегин берем, ага барып жолук. Ал сага энесинен башка жан өбө элек кыз таап берет. Бирок, сен анын кадырына жетип, иштеп акча табышың абзел. Ай, ушу Назира жетишпеген жашоодон эле кеттиби деп ойлоп калдым. Болбосо, эки бала төрөп бергенче үстү жаңырган кийим кийген жок – деп, ашыкча сөз сүйлөп жиберди эле, Мустафа жаралуу жерине тийген сөздү укканда башын ийкеп:
– Ал жагы да болду. Бир жагынан сага окшоп токол аял алам деген оюмду айтып жиберип, оозумдан таппадымбы. Андан дагы менин бир жаман сапатым, кызганчаактыгым болду. Эгер кызганбаганымда Назира кетмек эмес. Абдылда жепилдеп:
– Кызганган сүннөт. Анын эмнеси бар экен. Баардык эле эркектер кызганат- деп, тил-тилине тийбей тилин сайратып жиберди. Бул жолу сөз андан ары жарытылып уланган жок. Мустафа, Абдылдадан анча деле маанилүү кеңеш ала албай үйүнө келди да, аскерге кеткен баласын күткөн энедей жол карады, балким Элмира келип калабы деген илгери үмүттө. үмүт деген кандай жакшы нерсе, үмүт үзүлмөйүн адам баласынын жашоосу уланып, турмуш арабасы жүрө берет -тура. Мустафа көңүлү суз, Элмиранын ар бир кыймылын, жоодураган кара көздөрүн, кылчак-кылчак карагандагы элесин эстеп, үлбүрөп күйгөн шам чырактын жарыгындай болгон максат-тилегин бир гана Элмирага арнады. Атаганат, жок дегенде ушул учурда эки баласынын дайынын билип кабар алып койгондо “атам келип калса экен” деген эки наристенин тилеги кабыл болот эле го. Ага Мустафанын дити барган жок. Эт бышым убакыт жол карап отурган молдонун оюн, үч көчө бери жакта жашаган Кедейбекнтин улуу баласы бузду:
– Салам алейкум!- деп. Мустафа айтылган саламды алик алып, жагымдуу жылмайып:
– Кел, баатыр, келчү эмес элең?- деди, албетте ким чакырып келгенин билип туруп. Сагынбай коңур үнү менен:
– Сизди, Айшакан эженин улуу баласы үйлөнгөн, ошого нике кыйып берсин деп чакырып кел деп жиберди эле. Мустафа жанданып:
– И, ал Айшакандын баласы аялды кайдан алыптыр?- деди, сөз улаш үчүн. Сагынбай көзүн сүзүп:
– Таң, билбейм менин угушума караганда Таластан. Майрам Акаеванын айылынанбы, айтор “уруусу Кушчу экен”- деген сөздү кулагым чалды. Эмне болсо дагы эки жаш, жакшы жашап кетсе болгону- деп сөзүн кыска бүтүргөндө. Мустафа, Сагынбайга:
– Мен азыр, берки чепкенимди кийип алайынчы- деп, үйгө кирип кайра тез эле чыкты да, алдыга басты. Бир чети эринеп олтурганда иш табылып калганына сүйүндү. Молдолордун иши негизи эле нике кыйган эмеспи.
Келин алган үйдүн башына баш кошулуп, үйгө береке кирип, таттуу тилектер айтылган кандай жакшы жөрөлгө.
Мустафа, тасмал четинде олтуруп, алгач өзүн көргөзүү үчүн жөн эле акылдуусунуп сөздүн бүрүн тандап сүйлөп, шариятты узакка кеп кылды. Негизги тамак эт тартылып болгон сощ, эки жашка нике кыйды. Бул жерден молдонун айткан сөзү менен кылган иши төп келсе андан сөз башка айтылат эле. Ошол жерден дагы купуя өзүнө ылайыктуу аял затын көзү менен издеп, бүт дити аял алууда болду. Бирок, эч кимге сыр берген жок. Эки жашка акыл айтса жөн эле тилинен чащ чыкканда, нике тоюна келгендер “туура, жакшы кепти козгодущ” – деп сөз тыщшашты. Анткени менен Мустафа өзү айткан сөздөрдүн он эле пайызын аткарып койгондо, үй-бүлөсү менен бирге болуп, жашоосу бузулбайт болуучу. Ал жерден акылдуу адамдын кейпин кийип, нике кыйган акысына эки жүз сом акча менен бирге баштык толо татту тарапа жана устукан алып жолуна түштү. Азык-түлүк түгөнгөндө Мустафа үчүн бул чощ олжо болучу. Ъйүнө кеч келип, куптан намазын окуп чечинбестен төшөккө кулады. Бирок, дароо эле уктап кете алган жок. +згөчө көз алдына Элмира тартылып, он жети жаштагы улан биринчи сүйүүгө кабылгандай, Мустафа дагы Элмираны сүйүп калгансып, ал жөнүндө көпкө ойлонду. Эмне болду, дубанын күчү ага тийген жокпу, кап, эми бир жолу дуба ичиргенимде Элмира өзү эле келип “сага тием” демек. Шашма жаным шашып кетпедимби- деп, өзүн-өзү жемелеп да алды. Бир учурда гана таттуу уйкуга алдырып жиберди.
*