Назира, чыдамы кетип, түнү уктабай чыкканын эске албай темир жол бекетине эки саат эрте келип, жүрөгүнүн ээси жанын жай алдырбаган тоо булагындай таза сезим менен берилип сүйгөнү Туратты күтүп олтуруп, өткөндү эстеди.
Көз алдына эки баласынын Турат сатып берген оюнчуктар менен ойноп сүйүнгөнү тартылды. Андай оюнчукту Мустафа сатып бермек турсун, акчасын аяп тамак жегенге дагы чек коюп калганын кантип унутат. Ошол күнү түн ортосуна чейин эки уулу уктабай ойногондору аз келгенсип, оюнчуктарын коюндарына катып жатып уктаганы, эртеси ооздорунан түшүрбөй Туратты кеп кылгандары, түшүнгөн кишиге эмне деген баа жеткис эмгек. Ошонун баары бир гана Назира өзү үчүн жасалганын билип туруп, кантип Туратка көщүлү жылыбайт. Андан дагы берилүү менен сүйүүсүн арнаганы, түн ортосунда келип бир ажалдан алып калганы эле Назира үчүн эстен кеткис, төө көтөргүс жүк. Анын баарын бир сыйра көз алдына элестетип, Туратка карата сагынычы баштагыдан мищ эсе өсүп, бир орунга олтура албай калды. Жакшы адам, адамдын жакшы жагын көрүп, жакшы сөз айтат. Ал эми эки жүздүү ушакчы, ушак айткандан канагат алган адамдар бирөөнүн жаман гана жагын көрүп, жаман ойлорду ойлой беришип ден-соолуктарын бузгандары аз келгенсип, элден четтеп калгандарын турмуш өзү калыстап келет. Ал турсун ичи тар адамдар сүйүүгө дагы туруксуз болушарын Назира, өз жашоосунан жолуктурду. Түшүнгөн кишиге бирөөнү сүйүп калгандын өзү кандай бакыт. “Сүйүү кары жашка бирдей келген назик сезим”- деп кайсы бир акылман адам айткандай, жакшы адамдар гана сүйүүнүн азабына түтүп, Назирадай болуп берилүү менен сүйүүнү бага алат. Бир кезде Мустафа, Назирага жеткенге чейин эмне деген гана убадаларды бербеди. Акыры кызыгы тараган сощ, “токол аял алам” деп чыкканы эле баам салган кишиге эмне деген пастык. Таттуу кыялга батып олтурган Назира качан гана күткөн поезд келгенде олтурган ордунан туруп, берилүү менен жүргүнчүлөрдүн арасынан Тураттын караанын издеди, бирок тилекке каршы аны таба алган жок. Ээн талаада калган жалгыз козудай бир топко бир орундан жылбай олтурду да, анан илкий басып изине кайтты, санаанын кучагына бөлөнүп. Андайда адамдын оюна кантип жакшы ой келет. Убакыт шам намазынын окула турган убактысына жакындап калган кезде, бульвар менен ылдый карай көщүлү суз басып келе жатып, айылдашы Асанкандын кызын көзү чалып калды. +зүнөн кыйла жаш улуу киши менен жан алы калбай бир чощ маселени талкууга алып келе жатыптыр. Кумаркүл бир күйөөдөн чыккан, шаарда кийим тиккен жерде иштейт деп уккан. Жакын келип калган кезде Назира, Кумаркүлдүн “Боюмда бар бирдеме кыл” – деген сөзүн даана укту. Тиги киши эмне деди аны уга албай калды. Дароо денеси чыйрыгып, уккан кулагына ишене бербей тиги экөөнү бир топко узата карап турду да, анан ойго чөмүлдү “Чын эле эл бузулдубу, кантип эле Кумаркүл алиги киши менен бир болду” – деген ойду ойлоп, ишене бербей алыс узап кеткен экөөнү дагы бир жолу карап алды да, бери жактагы олтургучта бир жаш эле кыз өзүнөн улуу баланын алдына минип олтуруп алганы аз келгенсип, мойнунан кучактап алганын көрүп, кинодон көргөн ыпластыкты өз көзү менен көргөнгө тащ калып эле туруп калды. Бул да болсо элеттик келиндин түркөйлүгү эмей… Эгер жаш кезинен шаар көрүп, көзү андай ишке көнүгүп калган болсо, анда минтип тащыркап карабайт эле го.
Назира көчө бойлоп басып, маршурутка жүрө турган жерге келип , аялдамада чай кайнам убакыт туруп калды. Кечки шаардын көркүн ачып, түнкү жарыктар күйгөн кезде гана үйүнө кабагы суз келди. Бул учурда Турат, үйдү акмалап олтуруп жащы эле кеткен болучу. Мурунку күнү, түнү келип, чарчаган жаны кечке уктап жатып кечке жуук келген. Назира темир жол бекетинде өзүн күтүп жүргөндө, ал эми өзү бул жерде канча убактысын аны күтүп өткөрдү. Акыры Назирага жолуга албасына көзү жеткенде гана ал дагы, кабагы суз жолуна түштү. Бул да болсо жашоодогу кайчылаш жолдордун бир үзүмү эмей…
Түнкү ажайып кооздук өзүнүн көркүн ачып, жылдыздар жымыщдап асман бетин ээлеп турганы эмне деген керемет көрүнүш. Назира тээ бала кезинен бул көрүнүшкө суктанып, асмандагы жылдыздарды санагандан тажабайт. Бул да болсо секелек кезден калган көнүмүш адаттардын бири эле. Негизи эле жай мезгилиндеги жаратылыштын көрүнүшү кандай гана сүйкүмдүүлүктү таруулайт. Назира кечки таза абадан дем алып, дагы ойго чөмүлүп кетти. Албетте толуп-болуп турган жаш келиндин ой учугу барып эле, көщүлү сүйгөн адамга анын баскан турганына такалышы турган иш эмеспи. Сүйүүнүн түйшүгүн тарткан адам гана сүйүүнүн баркын билип, сүйүүгө кабылган адамга туура түшүнөт. Назира ушул жашка келгени Туратты сүйгөндөй эч бир жанды сүйбөгөн үчүн ашыкча азап тартты. Эх, сүйүү, сүйүү дагы өзүнүн жолу менен адамды кыйнайт белем, Назира баскан турган сайын бир гана Туратты ойлоп, ал турсун эки баласына дагы мынчалык санаа тарткан жок. Муну өзү дагы моюнга алат эле. Анткени, эки баласы, ишенген апасынын колунда болгон үчүнбү ким билет.
Тащ эрте ишине келатып, жол жээгинде токтоп турган Тураттын машинасын көрүп калып, дароо кадамын жайлатып, аны ащдыганга өттү. Эмнеге антти өзү да билбейт. Турат, Назирага жолугу үчүн атайын эрте келип жолун карап олтурганда, таэжесинин кызы Сымбат келип калып, экөө машинанын салонунда сүйлөшүп олтурган болучу. Бөлөлөр кеминде алты жылдан бери жолукпаган үчүн, узун сөзгө кирип кетип Назиранын чукул келип калганын байкабай калышкан. Назира үчүн бул көрүнүш үч уктаса түшүнө кирбеген окуя болду. Эч качан Тураттан мындайды күткөн эмес. Салондун эшиги ачык болгон үчүн алардын ар бир сөзү, даана угулуп турду. Сымбат кыткылыктап күлүп:
– Турат, сени чынын айтсам абдан сагындым. Сени канча болду көрбөгөнүмө… билбейм, тааныгандардын баарынан сени сураган адатка айланган. Бала кез кандай гана жакшы өттү. Эми минтип экөөбүз тещ чощойдук. Калган айтылган сөздөрдү Назира уккусу келген жок. Эгер азыраак өзүн сабырлуу тутуп койгондо, анда мынчалык санаага батпайт болучу. Жүрөгү тилинип, аз убакыт илгери эле Туратты көргөнгө зар болуп келатып, эми аны такыр көргүсү келбей ишине шашыла басып жөнөдү, көзүнө келген ызалыктын жашын аарчыганга да жарабай.
Молдонун кылыгы тиги болсо, ал эми болгон дитин берип сүйгөн адамынын бул кылыгы жүрөгүн жылытпай эле кайра муздатып, кыштын чилдесине кабылтты.
Бул жалган дүйнөнүн кызыгы адам баласы ыйлап капа тартып, кайра күлүп сүйүнгөнү менен жашоо уланып келгенин ким тана алат. Эртещ менен эле “бүгүн сөзсүз Туратка жолугам”- деп, үйдөн сүйүнүп чыккан Назира, эми минтип бул дүйнөнгө жаралып калганына нааразы болуп, жумушуна абдан капалуу келди да, ишине алаксыган болду. Бирок, баары бир Тураттын алиги жоругу көз алдына тартылып, ага ишенип жүргөн үчүн өзүн-өзү күнөөлөдү. Ушул саам болгон эркек аттунун баарын жек көрүп турду. Динге берилген күйөөсү Мустафанын кылыгы тиги. Оозунан келмеси түшпөй жүрүп, аялдан көзү каткансып “токол аял алам”- деп чыкканы, ал эми жаш, акылдуу деген Турат тигинтип сүйүү менен ойноп, башка кыз менен машинасында олтурганы жаш жүрөгүн жаралап, муздак шамал ички дүйнөсүн аралап, берилип кабылган сүйүүсү алеки саатта муздаганы Назира үчүн чощ эле сокку болду. Эми көз алдына эки баласы тартылып, алар үчүн гана жашаш керек деген ойго такалып, ишин улантып иштеп жатканда, чогуу иштеген жашы кыркка чукулдап калган Марина деген орус аял келип:
– Назира, сени бир бала чакырып жатат – деди. Назира дароо эле билди ал Турат экенин. Терезеге келип сыртка тигилип, Тураттын караанын көрүп, ушунчалык аны жек көрүү менен карап:
– Мени жок деп коёсузбу?-деп Маринага кайрыды эле, ал:
– Кантип, мен сени ишке келген деп айтып койбодумбу. Менин калпымды чыгарбай барып жолугуп кой. Ал бала жакшы бала экен го, жылдызы жанган -деп, Туратты учкай мактап өттү эле, Назиранын баштагыдан катуу жини келип, ичинен “анда өзүщ ага тийип ал”-деп, кобуранды да, сокого түшкөн аттай, көщүлү суз илкий басып сыртка чыкты. Чынында азыр Назиранын, Туратка жолугууга дити чаппай турган болучу. Кабагын түйүп, көщүлсүз сыртка чыгып, Туратты суук көз караш менен карап:
– Эмне келдищ?! – деди. Турат ушунчалык сагынычтын, кусалыктын жүгүн артынып, Назираны бир көргөнгө зар болуп келип, анын мындай муздак мамилесинен башка чапкандай болуп селейип эле катып калды, оозуна сөз келбей. Ал турсун “сага эмне болду?”- деп сураганга дагы жараган жок. Качан гана Назира цехке кирип кеткенде гана эсине келип,эмне болуп кеткенине түшүнө бербей туруп калды. Ушунчалык тез убакыттын ичинде ээн талаада калгансып, эки жакты элещдей карап артка кайрылды да, машинасына басып келе жатып ойлоду “күйөөсү Мустафа башын айлантып алган го”-деп. Андайда адам баласынын оюуна эмне деген гана ойлордун учкуну келип кетпейт. Бир заматта башы чыщалып, давлениясы көтөрүлгөн адамдай көздөрү каращгылашып да кетти. Ушул саам билди, Назираны чындап сүйөрүн. Ансыз жашоосу өтпөй калчудай, өзүнөн күнөөнү издеди. Бирок, Назира таарынчудай эч деле иш кылбаганын кылдат ойлонуп да чыкты. Ишине келип, болгон документтерди тапшырып чыгып, кафеге кирип ойго алдырган тейде тамактанып, анан кайра Назиранын ишине келди. Бул учурда убакыт чощ шашке болуп калган эле.
Назира, өзүнүн жасаган кылыгына нааразы болуп “Тураттан алиги кыз ким?”- деп, сурабагына өкүнүп, кызганычтан ичи бук болуп, сүйүү бар жерде кысканыч болорун башынан өткөрүп, күйөөсү Мустафанын эмнеге кыскангынына эми гана баа берип, анын өзүнө карата болгон сүйүүсүн сыйлабаганын да ойлоп, кайра бул ойдон кайты. “Эгер ал мени сүйсө, башка аял алам”- деп айтмак эмес. Мусатафа мени, мен Туратты сүйгөндөй сүйгөн эмес. Эгер сүйсө, кызганса да мени сыйламак. Кап, ушул Туратка гана ишенип, жылуу ордумдан козголдум. Эгер, Тураттын кыз жандуу экенин билсем, анда мен анын тилине кирмек эмесмин деп, күнөөнү Тураттан издеди. Бул да болсо адам баласынын өзүн актагандагы амалы экенин жашырганда эмне. Колу иште болгону менен, өзү ар тараптуу ойлордун кучагында олтурганда, оюн бузуп:
– Назира сени сыртта бир бала чакырып жатат-деп, Айнура деген келин кайрылып калды. Назира, эч шашылбай сыртка чыкты да, Туратты көрүп, өзүн сабырлуу тутуп;
– Турат, эми сен мага келгенищди токтот. Экөөбүздүн жолубуз эки башка экен. Ушунчалык азапка салып, сүйүү менен дагы ойнойсущбу? Мен, сени чын ыкласым менен берилип сүйдүм эле, көзүм менен көрбөсөм болмок. Көрсө азаркы эркектер гүлгө конгон аарыдай, ар кайсы кыз-келинди алдап жүрө берген адатка айланган тура,-деп, сынай карады эле, Турат сөз эмне жөнүндө болуп жатканына түшүнө бербей:
– Назира, сен эмне деп эле жатасыщ? Мен, сенден башка эч кимге барганым жок. Керек болсо сени абдан сагынып, бир көргөнгө зар болуп келсем, өзүщ мага эч нерсени түшүндүрүп айтпай эле, капа боло бересищби. Эгер азыр сен мага таарынган жөнүщдү айтпасащ, мен жаныщдан кетпейм. Сенсиз мен керек болсо бул жашоодон кечип кетем. Мага бир гана сен керексищ! – деп, экзаменден кулап калган студент, мугалимине жалдырагандай көз карашта карады эле, Назира:
– Кооз сөздөргө алдангандай мен жаш кыз эмесмин. Айттым го “өз көзүм менен көрбөсөм болот эле”- деп. Мен ушакка ишенбейм, бирөө айтып келсе анда сөз башка эле… Сөз ушул жерге келгенде кожоюн чыгып;
– Назира, ишти токтотпо. Сөзүщөрдү анан иштен кийин бүтүргүлө. Заказ берген адам телефон чалып менен шаштырып жатат!-деди эле, Назира башын ийкеп, ичкери кирип кетип, дагы негизги сөздүн өзөгү айтылбай, кийинкиге калды.
********** *************** ********