Ай тептегерек болуп тегиз жарык чачып айлананы айтып бүткүс кооздукка бөлөп, шаардын ызы-чууга толгон көчөлөрүндө тынчтык өкүм сүрүп, жадагалса тынбай зуулдап өтүп турган машиналардын үнү да сээлдеп калган. Бирин-серин кыз-уландар кол кармашып сейилдеп, кээси отургучтарда кучакташып отурганы болбосо, парктын ичи ээн эле. Мээрим менен Кубат ушул күнү бири бирине биротоло энчиленгендей жашоо деген табышмактуу даңгыр жолго аттануу үчүн сөздөрүн бекемдеп атышты:
– Мээрим, экөөбүз бири бирибиздин сыныбыздан өтүп бүттүк го дейм, сени менен жолугуп үйгө барсам эле ээн талаада калгандай өзүмдү жападан жалгыз адашып кеткен жолоочудай сезе берем, эмеле көрсөм кайрадан көргүм келип түнү бою уктай албай кыйнала берем, кел үйлөнүп алалычы.
– Мен дагы сенден бөлүнөөрүм менен жалгызсырай берем, – Мээрим уялыңкы жигиттин төшүнө башын жөлөдү.
– Анда кел, бүгүн эле ээрчитип кетем, апам кандай гана сүйүнөөр экен! – Кубат кубанычтуу Мээримди кучагына кысып, жүзүнөн сүйдү.
– Бүгүн элеби? – Мээрим таң калгандай Кубатты жалжылдай карады. – Азыр кеч болуп калды, – ойлуу ордунан турду, – анын үстүнө ойлонойун, мен… мен сенден мындай сунушту күткөн эмес элем, анан окуумдан да өксүп калам го?
– Мээрим, алтыным, биз абдан бактылуу болобуз, апам эптеп эле келинчек алып келип берсең неберемди жыттап эрмек кылып отура берет элем, келинчегиң экөөң окуйсуңарбы, чокуйсуңарбы, бактылуу болсоңор болду деп санааркай берет, мен апамдын жападан жалгыз баласымын да.

Visited 620 times, 1 visit(s) today