Кубаныч балдар үйүндө өскөн экен, – деди мени менен кобурашып отурган Алмагүл, – Аны үч жашында апам өзү аргасыз алып келип таштаган экен. Күбөлүгүнө кошуп кат жазып таштаптыр…
Гүлсүн бир үйдүн эрке, жападан жалгыз кызы, ата-энеси анын көзүнүн агы менен тең айланып турушат, бирок Гүлсүн акыл-эстүү кыз болуп өстү. Мектепти бүткөн соң мединститутка өтүп окуп калды, кадимки кыздардай эле жатаканада жашап, китепканадан кетпей кесибине берилип окуп жатты, атасы Дыйканбай менен Нуржамал тапкан-катканын кызына жөнөтүп турат, алар экөө тең алтымыштан өтүп карылыкка баш ийе баштагандыктан өздөрүнчө кеңешип Гүлсүндү өздөрүнө жакын жерге күйөөгө бермек болушат. Экинчи курсту бүтүп келгенде экөө айланып-кагылып, берээрге эчтекесин таппай казан асып, дасторконун жайнатып отуруп бири-бирине: “Сен башта, сен башта”, – дегендей ымдап калышат. Ошол кезде Гүлсүн:
– Ата, эмнеге эле ымдашып жатасыңар? – деди күлүп.
– Кызым, – деди Дыйканбай тамагын жасап, – Сен эми чоңойдуң, биздин маңдайыбызга бүткөн жалгызыбызсың…
– Сенин балдарыңды көрсөк дегенде эки көзүбүз төрт, – деп Нуржамал ары жагын коштоду.
– Апа, окуумду бүтөйүн.
– Жо-ок балам, турмуш куруп алып деле окуй бересиң.

Visited 383 times, 1 visit(s) today