1. Асмандан издегеним жерден табылды
Учурунда коомубузду дүрбөткөн «Аккыядагы өлүм» деген окуяга болгон зор кызыгуу бүгүн солгундап калды. Бирок ал окуя ошол мезгилде эл арасында өтө жайылып кеткендиктен, жаңы гана пайда боло баштаган кыргыз детективинин сүйүүчүлөрү – биздин да элден чыга баштаган эң атактуу детективдин бири Жанызактан жана ошол окуянын негизги катышуучуларынын бири – менден ошол иштин чоо жайын толуктап жазып беришимди суранышты. Андыктан, бул жазгандарыбыз ошол окуянын тегерегинде пайда болуп кеткен жаңжалдуу ушактарга чекит койот деген ишеничтебиз. Жана да ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бул окуяны элге жеткирүүнү мага ишенген Жанызакка терең ыраазычылыгымды билдирмекмин.
Эми уруксат берсеңер, мен ошондогу окуялардын күбөсү болууга себепчи болгон жагдайларды кыскача баяндап кетейин.
Ошол жылы жазга маал катуу ооруп, дарыгерлер кургак учук диагнозун коюшуп, адегенде областтык диспансерде бир айга чукул дарылангандан кийин, көлдөгү санаторийге жиберишти. Көлдүн касиети укмуш эмеспи, кырк беш күндүн ичинде кадимкидей оюн салып калдым. Санаторийдеги эң акыркы күнү дарылаган врачым: кабинетинде кагаздарымды мага берип жатып.
– Анализдериң эң сонун, буюрса жакшы айыктың. Ошентсе да, эгерде
мүмкүнчүлүгүң болсо, бир айча кымызга чыксаң, таза айыгып кетет элең, – деп алды.
Шаарга келип: кымызды каяктан ичем? деп кыжалат ойдо жүргөнүмдө тагдыр мени Үсөн Карабаевичке жолуктуруп койду. Үсөн экөөбүз таяке-жээн да болуп калабыз. Үсөндүн атасы Карабай менен менин апам бөлө экен. Таякемдин жашы элүүлөргө келип калса да, дагы эле жаш жигиттей шайдоот жүргөн кези экен. Бала кезимде биздин тоо арасындагы чакан шаардын чет жагындагы ажайып кооз жерден орун алган Аккыядагы алардын заңгыраган үйүнө көп барар элем. Биз ошол күндөрдү эскерип, көпкө божураштык. Кептен-кеп чыгып отуруп: Аккыяга барып эс алып кетүүмдү таякем өзү сунуш кылып, көктөн издегеним, жерден табылды.
– Сен бизге дагы бир жолу конок болуп кетсең сонун болот эле. Андан бери канча жыл өттү! – деди ал.
– Таажеңем жакшы эле турабы? – деп сурадым.
– Эң сонун. Ал кайра дагы турмушка чыкканын уккандырсың?
Мен таң калганыман эмне дээримди билбей туруп калдым. Атасы Карабай биринчи аялы өлгөндө эки бала менен жалгыз калган. Анан ага турмушка чыккан Кундуз Ажыбековна ал кезде татынакай болгону менен, жашы бир топторго барып калган болчу. Азыр ал бери дегенде жетимишке чыкса керек. Таажеңебиз тың, өктөм, бирок өтө март экендиги эсимде калыптыр. Анан калса жеке байлыгы да ченемсиз болчу. Колунда жокторго дайыма жардам көрсөтүп, тууган арасындагы жамандык, жакшылыкта тикесинен тик турчу. Айтор, жеке эле тууган арасында гана эмес, эл арасында да кадыр-баркы зор болчу.
Аккыядагы короожайды, сарайларды маркум Карабай экинчи аялы менен бирге жашай баштаган алгачкы жылдары сатып алган. Ал киши аялына толук баш ийгендиктен, өлөр алдында бүт жерменчигин жана байлыгынын көбүрөөк бөлүгүн аялына мурастап, эки баласын таарынтып койгон. Бирок өгөй энекеси аябай жакшы карагандыктан, балдар аны дайыма өз апасындай көрүшчү. Анан калса, Карабай экинчи жолу үйлөнгөндө балдары кичинекей эле.
Бир туугандардын кенжеси- Осмон, аябай сезимтал өстү. Ал медициналык билим алып, бирок көп өтпөй ишин токтотту да, Аккыядагы короожайына келип отурукташып алды. Осмон өзүн толугу менен адабиятка багыштамак эле, бирок анын ырлары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табалган эмес окшойт…

Visited 327 times, 2 visit(s) today