Жан дүйнөмдө кайнап жаткан аралашма сезимдерди иреттегенге күчүм жетпей турду. Бир бутум менен аркы дүйнөнү көрүп келгенден кийин тирүүлүктүн ар бир мүнөтүн баалап, жарыкчылык жашоого али суктанып бүтө элекмин. Бирок көөдөнүмдө кыймылдабай турган оор ташты кантип кулатып ташташты билбей жаттым.
Чет элден келгениме он күн болду. Мен келген күндөн баштап нөшөрлөгөн жамгыр токтой элек. Күндүн көзүн көрө элекмин. Өзүмдү банканын ичинде тургандай сезип аба жетпегендей болуп абалыма түшүнбөй кыйналдым. Он беш күндөн бери ачылып эч кимге сүйлөгөнүм жок. Баарын төгүп айтып бергим келет . Бирок, кимге? Жакындарыма айта албайм. Тааныштар укбаганы жакшы…
Менин ата – энеме күтүүсүз келгеним дагы деле табышмак. “Элдер бара албай жатса эмнеге келдиң?”-деп апам айтса, “Күзгө чейин иштегениңде машина алып алат элек “- деп атам бурк этет. Капканга бир буту түшкөн коёндой тыбырчылап жаткан абалым менен эч кимдин иши болгон жок. Түгөнбөгөн суроолор лабиринт сымал мээге жайгашып , ойлорум оордун таппай ошолордун ичинде адашты.
Интернет аркылуу издеп жатып кошуна жайгашкан жакынкы шаардан психолог таптым. (Белгилүү себептер менен мен жашаган шаардагы психологдорго барууга болбойт эле)

– Саламатсызбы? Сизге жазылайын дедим эле?…

– Саламатчылык!…

Телефонго аял киши жооп берди. Бир нерседен кабатыр болгондой бир аз унчукпай калды

– Кайсы күнгө? Кайсы жерде жашайсыз?

– Ош шаарында…

Visited 313 times, 3 visit(s) today