5 китептүү сериал, 1-китеп

 

1-бөлүм

Толмочунан келген, ак жүздүү, чырайлуу аял айдаган Жип Токмок шаарынын четиндеги айылдардын бирине кирди. Кууш, чаң ызгыган көчөлөрдөн айдап өтүп, эски дарбазалуу үйдүн алдына токтоду. Анын келишин күтүп тургансып, дарбазадан цыган улутундагы жаш келин чыкты.

– Кыйналбай эле таап келдиңизби? Кириңиз, сизди күтүп жатат, – деди орус тилинде иймениңки. Аял жооп кайтарган жок, кол сумкасын алып, машинесин пульт менен бекитти да, келиндин жанынан өтүп, дарбазадан кадам таштады.

Сүрдүү, сулуу аялдын жанында келин сүрдөнө да түштү. Артынан тыпылдап басып ээрчий келип, кең короонун ичиндеги катарлаш жайгашкан үч үйдүн кайсынысына кирээрин билбей туруп калган аялга, ортоңку каалганы көрсөттү.

– Бул жакка кириңиз.

Аял аны бир карап алды да, шагдам басып көрсөткөн эшикке жөнөдү. Аялдын көзүнөн теңсинбөө, кыйынсынуу байкалып турган. Келиндин ачуусу келе түштү, “Кыйынсынганын кара мунун, сендейлердин далайын көргөнбүз”, – деп алды ичинен. Бирок, эч кимден жалтанбаган жаны канчалык жактырбай турса да, бул сулуу аялга батынып катуу сүйлөй албады. Аялдын каалгадан киргенин көрдү да, кандай дабышсыз келсе, ошондой дабышсыз четки каалгага кирип жок болду.

Аял тар бөлмөгө туш болду. Капкараңгы. Булар жарыкты да күйгүзбөйт окшойт, келген адам эмнеге чалынып жыгылаарын да билбейт мындай жерде деп ичинен сүйлөнүп алды. Жол башта деп айтайын деп артын карап, баягы жаш келинди таппай калды да, тобокел деп колуна урунган эшикти арыга түрттү. Кире бериштеги бөлмөгө караганда бир аз гана чоңураак, үстү түшүп кетчүдөй жапыз, акталбай, кум шыбак бойдон калган бөлмө. Дагы жакшы мында төөнүн көзүндөй терезе бар экен, билинер-билинбес шоола түшүп, үйдүн ичи күүгүм кирип бараткан учурдагыдай. Көзүн үйүр алдырганга бир аз тиктеп туруп, андан кийин гана төрдө башын ылдый салып отурган аялды байкады. Эшикти каккылады эле аял башын көтөрүп, колу менен бет алдындагы төшөктү көрсөттү. Бул кирип отура бер дегендегиси окшойт.

– Менин ким экенимди билесиз да? – деди аял төшөккө отуруп жатып. Эмнеге минтип айтканын өзү да түшүнгөн жок. Кайсы жерге барбасын алдынан тосо чуркагандар, жол көрсөтүп, кирпигине чаң жугузбай кошоматтангандар көп болуп, үйрөнө калганбы, бул жерде эшикти өзү ачып киргенине ызалана түшкөндөй болду. Аял башын ийкеп койду. Билем дегенсип.

– Алаканыңды бер, – деди колун сунуп. Башында кир жоолук, семиз денесине чытырап батпай калганга чейин кийилген, эски, сүзүлгөн көйнөк, кемсели да жоолугу менен көйнөгүнөн кем калышпайт. Сулуу аял төшөккө отургусу келбей жатып коомай отурду. Анын кири денесине жугуп калчудай болуп, бөлмөнүн жупунулугунан кускусу келип чыкты. Шарт бурулуп кетип калгысы да келди, бирок эң жакын таанышы ушул цыган аялды укмуш кылып айткан. Бул чөлкөмдө буга тең келчү көзү ачык жок экен. Кааласа адамды дубана кылып, башын айланттырып да, кааласа дуба окуп өлтүрүп да салаарын айткан. Буга чейин көп көзү ачык менен жолугушту. Бири да көңүлүндөгү нерсени аткарып бере албады. Айласы кеткенинен жолдун алыстыгына карабай мында келип отурат. Ушунча келгениме жараша, мунун эмне деп тантыраганын да угуп кетейин. Мен дароо эле билем, туура эмес айта баштаса, же алдай турганы байкалса, ким мени кармап турат, турам да, кетем деди оюнда. Аял ошол убакта мунун ичиндеги ойлорун билгенсип, башын шарт көтөрүп карады. Сулуу апкаарый түштү. Анткени, аялдын көзүнөн от жангансып, күйүп турат экен. Башкага жалган, өзүнө чын, анын көзүнөн жанган оттон бөлмө жарык болуп кеткенсиди. Жүрөгү түшүп, кантип төшөккө кенен жайылып отуруп калганын билбеди. Көз карашынан көзүн ала албай, гипноздолгонсуп, алаканын сунду.

Цыган аял ичинен бирдемелерди күбүрөнүп, анысы сыртка чыкпай, оозу гана кыбырап, сулуу аялдын алаканын өзүнүн алаканы менен далайга сылап туруп, анан бир кызыктуу нерсе көрүп жаткансып шыкаалап карады. Сулуу аялдын жүрөгү катуулап сого баштады. Бул жупуну бөлмөдө отурган көзгө комсоо аялдын сүрдөнтөр күчү ушунчалык болгонуна таң калды.

– Атың ким? – деди.

– Айдай… – бакылдап катуу сүйлөп, кол алдындагыларды кууруп жиберчү аялдын үнү араңжан чыкты. Ал энергиясын бет алдында отурган аялга тарттыра баштаган эле. Көзүнө көзү чагылышкан сайын алы куруп, желкеси куруша баштады.

– Айдай… Атаңдын арбагы жаныңда отурат, – деди эле, эки жагын жалт карай калды. Эзели тааныбаган аялдын күн сайын чогуу жашап жүргөнсүп, атасы кайтыш болгонун биле калганы таң калыштуу болду.

– Атаң жаш кетиптир, артында үч кызы калыптыр. Анын бири сен. Дагы бир баласы көрүнүп жатат… Бирок, ал тууралуу мен азыр эч нерсе айта албайм. А сени мага ээрчитип келген маселең боюнча… Атаңдын арбагы каршы. Аны жасаба, оюңдан кайт деп чыркырап турат. Калганы сенин каалооңдон көз каранды… – деди да алаканын кое берип, башын чалкалатты. Көзүн сүзүп, башын чалкалатып отурган цыган аял кудум эле Айдайдын энергиясынан тамактанып жаткандай сезилди.

– Мени эч ким токтото албайт! – деди Айдай өктөм. Ал алаканын цыган аял кое берээри менен өзүнө келе түшкөндөй болду, – Бекеринен ат арытып, жол карытып өзүңүзгө келип отурган жокмун.

– Мага баары бир. Жооп берчү сенсиң. Мен жөн гана аткаруучумун, – деди цыган. Анан ыктытып, башын ылдый салып, бир мүнөттөй унчукпай отурду да, кайра башын шак көтөрүп, сулуу аялды тиктеди.

– Күйөөңдүн жүрүшү начар. Сенден кетүүнү пландап да жатыптыр. Аракетиңди кылбасаң аз убакытта кол жууйсуң.

– Башка аялы барбы? – деди Айдай. Ичине шамал өрдөгөнсүп, ойлору будуң-чаң болду.

– Бар… Бирөө, экөө да эмес… толтура. Юбканы куру кетирбеген киши экен. Колунда байлыгы да, бийлиги да бар. Үйүңөрдө уруш күн сайын болуп, мамилеңер оордоп калыптыр. Кайын журтуңдан да силердин ажырашууңарды каалагандар абдан көп. Дээрлик баары сени жактырышпайт.

– Мен ошон үчүн сизге келдим. Булардын баары мага жаңылык эмес, өзүм да жакшы билем. Мага, менин бактымды бузгусу келгендерди жок кылып бериңиз.

– Жок кылып?.. Билесиң бул өтө оор иш…

– Билем. Канча айтсаңыз да төлөйм.

– Кымбат машине минип келдиң. Кара түстөгү… Так ошондой машине мага да керек, – деди аял көзүнүн үстү менен сынай карап. Айдай ойлонгон жок, дароо башын ийкеди.

– Мен макулмун. Айтканымды аткарсаңыз, бир эмес, ушундайдан эки машине берем. Бирок, сөзсүз аткарылышы керек. Калп айтып, алдап кетем десеңиз…

– Коркутпай эле кой, коркуп бүткөндөрдөнмүн… Мен эч убакта сөзүмдү жерге таштаган адам эмесмин, колумдан келгенди аткарам дейм, келбесе жүк кылып өзүмө албайм. Көңүлүң жам болсун, мен айткандарды так аткарсаң эле баары ойдогудай болот.

Айдай көзү ачык менен дагы он мүнөттөй сүйлөштү. Максатына жетип, бактысына тоскоолдук кылгандарды жолунан тазалоо үчүн эмнелер керек болсо, баарын сурап билди да, кагазга жазып алып, үйдөн чыкты. Машинесине отуруп, кууш көчөлөрдөн артка кайрылганда жеңилдегенин туйду. “Буйруса, менин оюмдагыны чындап аткара алаар адамды таптым, жеңиш меники болот”, деп ойлоп, көңүлү ачылды…

Ал бүгүнкү бактысына өтө оор сыноо, кыйын жол менен жеткен болчу. Эми өмүр бою даярга тап болуп жашагандар, мунун кандай азап-тозок менен бакыбат жашоого жеткенин билбегендер, анын жолуна туруп алышып, өмүрүнүн ушунча жылын коротуп топтогондорун тартып алууну көздөп жатышат. “Мени сындырыш оңой эмес, баарыңарды сындырам, бирок өзүм сынбайм. Мен көргөн күндү силер да көрсөңөр, мендей күчтүү болмоксуңар…” – деп ойлоп алды.

 

Ххх

Нурила ай-күнү жакындаган сайын санааркап, ойго батчу болду. Алдыдагы төрөттөн эмес, башка нерсе санаасын санга бөлүп жаткан. Беш жана үч жаштагы эки кызы бар. Күйөөсү биринчи перзенти кыз экенин укканда, ооруканага барып жаңжал чыгарган.

– Мага уул бала керек болчу! Сен болсо кыз төрөдүң! – деп жаалданып, кудум эле Нурила баланы өзү жасап, курсагына салып алгансып, мээсин чаккан. Экинчи кызына кош бойлуу болгондо тогуз ай бою “Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук. Мага уул керек!” – деп какшанды. Миң какшансын, Кудай кимди берем десе өзү билет да, экинчи кызы жарык дүйнөгө келди. Мыктыбек аялына катуу кыжырданып, төрөтканага да барбай койду. Үч күн бою көзү ачылбай арак уулап ичти. Төртүнчү күнү күйөөсүн күтүп-күтүп жадаган Нурила ымыркайын бооруна кысып, үйгө өзү чыгып келди. Кыштын күнү болчу, кар тизеден, ызгаар борошо согуп турат. Үч күн бою палатадагыларга келген тамактан ичип, жан сактай берип жедеп уялып бүткөн жаны дарыгерлер үйүңө чыгарабыз дегенде кубанып кеткен.

Visited 239 times, 5 visit(s) today