Машинемдин фарасынан чыккан жарык кыздын арык сөлөкөтүн караңгыдан сууруп алды. Боз юбка, кызгылт чыптама кийген кыз мени көрө койуп, бир колун которо булгалап турган. Анын жанындагы эски “Ауди” машинеси акыркы жолу атам заманда гана жуулса керек. Негизи жол- белден кыз-келиндерди машинеме салчу адатым жок, бирок бу бийкечтин машинеси бузулуп калганын билип туруп кантип кыя өтүп кетем, анын үстүнө аларды ондоо менин жумушум. Тормузду басып, саатка көз салдым: он бирден жыйырма мүнөт өтүптүр. Кардымдын ачканын айтпа, анткени Манас аэропортунун жанынан бузулган машине менен эки сааттан ашык алышкам. Анткен менен бийкечтин жагымдуу үнүн укканда эшикти ачып, сыртка кантип чыкканымды да байкабай калдым.
– Ой, чоң кыз, сизге эмне болду?
– Бакта бензин толо болчу, от албай жатат го.
Машинеге жакын келип капотун ачсам, каңырсып күйүк жыттанып кетти. Баары түшүнүктүү.
– Зажиганиеңиз өлгөн тура. Эртең ондобосо азыр караңгыда кайдан.
– Аа, чын эле ошентиптирби? Иттики десе! Ошол эле жетишпей атты эле. Сиз жакшылап карадыңызбы?
– Карай турган деле эч нерсеси жок экен. Жыты эле айтып турбайбы. Бу менин кесибим да.
Кыз артына бурулуп машинемдин капталындагы кызыл тамгалар менен бадырайта жазылган: “Кабылов Бактыяр. Машиналарды оңдоо кызматы, Кулатов көч. 14” деген жазууну карап койду. Үч жылдай мурун бул кылдыраган жигулини адеп сатып алганда абдан сыймыктанган элем. Андан дагы бул жазууларды капталына жаздырганда улам карап алып көргөн сайын көөнүм ток болуп калчу. Эми болсо ошол аппак жигулим калдыраган калайга айланды.

Кыз алаканын шак чаап, каткырып ийди:
– Мына сага! Амалдуу жигитке ажалдуу кийик жолугат деген ушу да! Башка бирөө болсо эч нерсени билбеген бир макоону токтотот беле, а мен тим эле билгендей механиктин өзүн кармаган турбаймынбы.
– Ооба, жолдуу экенсиз, бирок тилекке каршы, мен сизге мындан башка жардам бере албайм. Жакынкы жердеги гаражга чейин эле таштап койо алам, макулсузбу?
– Алардын баары эбак жабылып калгандыр. Муну менен сүйрөлүп жүргүм келбей турат.
-Кантип эле бирөө ачык болбосун, ошого чейин жеткирип койойун.
– Жок, рахмат. Анын үстүнө, бул машине меники эмес, досумдуку. Керек болсо келип өзү алып кетсин, ушул жерге таштап кете берем.
– А бирөөлөр айдап кетсе эмне болот? Досуңуздун жаны чыкпасын!
– Мага десе андан ары кетсин. Сиз мени үйүмө жеткирип койосузбу? Мен Карпинкада турам, эми андан башка арга жок болгон соң…
Бийкеч ушинтти да, лып этип, жигулиге отуруп алды. Мен дагы эле машинени жал-жал карап, таштап кете албай кыйылып турдум.
-Ушу турган жеринде караңгыда көрбөй калып, бирөө жарым сүзүп алсачы? Ошону ойлодуңузбу?
– Кудай оой! Сиз дайыма эле ушинтип башкалар жөнүндө тынчсыздана бересизби?
– Бу калдайган немеге урунуп алгандан кудай сактасын. Караңгыда карайлап араң келатканда алдыңыздан чыга калса эмне кылат элеңиз?
Багажнигимди тинтип атып, чакан фонарь таптым да, “Аудинин” эшигине илип койдум.
– Фонарды эмеле уурдап кетишет.
– Уурдаса уурдап кетишээр. Ага чейин илинип турсун.
Биз жолго чыктык. Фаралар жанымдагы бийкечтин узун буттары менен ачык тизелерин жарык кылып турду. Үрүл-бүрүл жарыкта ага көз кырымды салып келатам. Бирок мен андан артык көп деле нерсесин көрө алган жокмун: далысына жетпеген кара чачын улам колу менен серпип оңдоп койот. Эмнеге экенин билбейм, бирок өзүмдөн өзүм эле жанымда отурган кыз жүзүнөн нур тамган абдан сулуу болуш керек деп ойлоп келаттым.
– Бул машине сиздикиби?
Ал сумкасынан тамеки алып чыгып, бирин өзү тиштеп, дагы бирин мага сунду. Жарк эттирип ширеңке күйгүзүп, экөөбүздүн оозубузга тиштелүү тамекилерди жандырды, бирок мен бул жолу да анын жүзүн түзүгүрөөк көрө албай калдым.
– Демек, сиздин атыңыз Бактыяр экен да?
– Ооба.
-А меники Айжамал.
Ошол боюнча унчукпай ар кимибиз өз оюбуз менен алышып, бир километрдей жүрдүк, анан бир маалда кыз кайра ун катты:
– Сиз дайыма эле ушунча алыс барып иштейсизби?
– Иштеп жүргөнүмдү кайдан билдиңиз?
– Колуңуздун кара майы машине оңдогонуңузду айтып турат, антпесе балтак-шалтак болуп жүрө берчү эркектерге окшобойсуз.
-Аныңыз чын, кардарларымдын бирөө телефон чалып, “машинем бузулуп, жолдо калдым” дегенинен ошого барып келаткам. Бери жагында эле элүү метрдей жерде СТО бар экен, бирок ал алыстыгына карабай мага чалыптыр… кыскасы мыкты жигит.
– Баралбайм деп койбойт белеңиз?
– Анткенге да болбой калды, анын үстүнө саналуу эле кардарым бар.
– А мен машине оңдогондордун баары эле акчаңы сапырып жүрүшөт го деп ойлогом.
– Мен да ошондой болсо керек деп, ушул жумушту баштагам.
– Анча кирешелүү эмес бекен?
– Андай деле эмес го… өзүм туура эмес жай тандап алган окшойм.
– Кулатова менен эмненин кесилишинде?
– Ибраимова.
– Аа, казинолордун тушубу? Жакшы эле район го?
– Жаны көчүп барганда ошондой көрүнгөн.
– Анан эмнеси менен жаман болуп чыкты?
– Ал көчөнү бир тараптуу кылып салышканын билесиз да. Менин СТОмдун тушуна аялдама орнотуп, “токтогонго тыюу салынат” деген белги коюп коюшкан, анысы аз келгенсип буйткага гаишниктер туруп алышат. Машинесин оңдотмок тургай айдоочулар май алмаштырганча жандары чыгат. Мунун баарын айтып сизге эмне даттанып атам? Анын сизге эмне кереги бар? Мен аны бир карап алып, кайрадан дөңгөлөк алдындагы зымыраган жолго үңүлдүм.

– Эми мен сизди уккандан тажадым дей элекмин го? Экөөбүз бир мүнөткө унчукпай калдык.
– Мен сөзсүз машинемди сиздин гаражыңызга айдап барам, машинелүү курбуларыма да айтам.
– Жакшы болот. Рахмат сизге!
– Чын эле ошентээриме ишенбей жатасыз, ээ?
– Эмнеге, менимче убадаңызды сөзсүз аткарасыз, эгерде эстесеңиз. Бирок эртең эле мага берген убадаңыз эмес, менин бары- жогумду да унутуп койосуз го. Анан машинеңиз бузулганда жакынкы СТОго айдап жөнөйсүз. Баары эле ошентишет, ага таарынып да кажети жок…
– Мен борбордук мечиттин жанында турам, жакын эле да.
– Машинеңиздин маркасы кандай?
– “Ягуар”.
Ал чын эле мен жакты көздөй ыктап жабышып алыптыр.
– Машинаны ремонттош керекпи?
-Жок, бирок жууш керек. Сизге айдап келсем болобу? Азыр ал үйдөн бир топ алыс жерде турат.
– Орун го табылат, бирок мен гараждын ачкычын эч кимге бербейм.
Мен дагы эле анын айткандарын капарга алган жокмун, жөн эле көңүл улап сүйлөп атса керек дедим.
– Кээде мен аябай кеч келем.
– Эч нерсе болбойт, мен гараждын үстүндө жашайм жана биз кеч жатабыз. Баасы, сизге туура келеби билбейм, айына беш жүз сом. Ичи- тышын тазалап жууганы менен жети жүзгө барат.
– Койсоңузчу, мен жабык гаражга ошончо төлөйм.
– Андай болушу мүмкүн эмес, – мен башымды чайкадым.
– Ойлонуп коруш керек экен, – ал күлүп жиберди. – Болуптур эми, сиз айткандай болсун.
– Жети жүз арзан эле, өзүңүз деле билесиз да. Ошол бойдон ” ягуар” тууралуу сөз бүттү го деп ойлогом. Аны Чуй проспектине таштаган бойдон ал жөнүндө Экинчи укпайм да, көрбөйм да дегем.
– А эмнеге бүгүн ” Ауди” айдап алдыңыз эле?
Ал бир аз алдыга жүткүнө ачык терезеден тамекисинин кулун серпти.
– Досумдун эжеси Парижге кетип бараткан, аэропортко жеткирип койчу деп суранганынан ошону жеткирип келаткам. Сиз Парижде болдуңуз беле?
– Ооба, окуп жүргөндө путевка утуп алып, ошондо бир эки күнгө токтогом.

– Жакты беле?
– Ооба. Ал жакта ошол убакта эле баары кымбат болчу, эми баалар таптакыр эле асмандап кетсе керек.
– Азыр бардык жерде ошондой болуп калбадыбы. Бирок эбин тапкан эки жейт дегендей. кайда барсаң да тааныштар болгону жакшы. Мен бир арзан мейманкананы билем, дос- тааныштарым дагы коп, ошондуктан көбүнчө анча коромжу болбойм.
– Сиз Ал жакка көп барат окшойсуз ээ?
– Ооба, ай сайын барып турам.
– Жумуштар мененби?
– Ооба, мен модельермин. Улуттук кийимдердин жаны моделдерин жаратып, алып барам.
– Бул эмне, жакшы бизнеспи? — мен тан кала сурадым.
– Абдан. Мен башка чеберлерден кем калышпайм, мыкты фирмалар менен байланышым бар.
– Парижге кийим-кечек алып баруу
болбогон иш го деп ойлогом.
– Ооба, сатып алуучулардын купулуна толуш кыйын, бирок менин табитим жаман эмес.
– Менимче, өз алдыңызча иш баштоо сиз үчүн али эрте, айтайын дегеним, сиз али жашсыз.
– Сиз деле анча картаң эмес экенсиз, – ал артка чалкалай күлүп калды.
– Отуз экиге чыкканда бирөө боз улан деп айтат деп ойлогон эмесмин.
– Үйлөнгөнсүзбү?
– Ооба, а сизчи?
– Кудай сактасын. Анын мага эмне кереги бар? Иштеген ишим бар, колу- жолум бош, ал эми эркектер керек болсо табыш бат эле да.
Мен тормозду басып онго бурулдум. Анын айтканы чын окшойт. Карпинкада үйү болушу да мүмкүн. Бу кебетеси менен өзү айткандай Парижге да, башка каалаган жагына бара алчудай. Ошол учурда мен негедир өзүмө жиним келип кетти. Менин ишим жакшы жүрүшпөсө эле элдики да ошондой болуп калмак беле? Бөлгөн акчама гараж сатып алып бекер кылганмын. Дагы бир аз акчам болгондо эле бутума туруп кетмекмин. Жаны шайман сатып алганга келишим түзмөкмүн, станокторду сатып алат элем, дагы…
Бир маалда ал капысынан отурган ордунда тыбырчылап, тынчы кете баштады:
– Сиздин саатыңыз туура элеби? Аай-иий, ушунча да кеч болуп кеттиби?
– А жок, Ал бир аз алдыда, азыр он бирден он беш мүнөт эле өттү. Сиз шашып аттыңыз беле?
– Ой жо-ок, кайда шашмак элем, баары бир түшкө чейин уктайм. Сиз эрте турганды жакшы көрөсүзбү? Мен жек көрөм.
– Жакшы көрсөм да, көрбөсөм да турбаска аргам жок, – дедим мен кыжаалаттана, аным үнүмдөн байкалып эле турду. Гаражды танкы алтыда ачам, ошол убакта гана бензин жакшы отот. Алтыдан кеч туруп калсам эле соодам өлдү дей бер. Ушундай.

2-

Visited 346 times, 1 visit(s) today