2-бөлүм

– Күйөөң келеби, же кайнене, кайнатаңбы? – деген башкы дарыгер буга боору ооруй карап. Айылдагы окуялар мүнөт айланбай баш-аягына чейин жетет да. Мыктыбектин көзү ачылбай ичип жүргөнүн дарыгер да уккан. Ал турмак баласына кошул-ташыл болуп, карып эле калган кайнене-кайната да келинине таарынып калышкан имиш. “Жалгыз баламдын башын экөө кылбай, бул катын кыз эле төрөп жатат. Жаман катын кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт”, – деп кайненеси сүйүнчү айтып баргандарды жактырбай, бурулуп кетиптир. Ошондон кийин өзү да бир чыны сорпосун көтөрүп келип койгонго жарабады. Кайнатасы болсо кайненеге толугу менен баш ийген бир байкуш. Кемпири кайсы жакты караба ошол жакты карайт, кимди мактаса ошону мактап, жамандаганды кошулуп жаман көрөт.

– Билбейм… – деп Нурила башын жерге салды, – Мен өзүм деле кете берем. Ушул турган жерге жетпей эмне болуптурмун…

– Ошентсе да бирөө келип алып кетсе жакшы болмок. Төрөттөн кийин аялдын алы куруйт, баратып жыгылып калсаң балаң эмне болот? – деп дарыгер башын чайкады. А Нурила эртерээк эле кеткиси келип турган. Үйүндө калган эки жаштагы кызын эстеп, бушайман. Кыз бала да балабы деп кайненеси небересине боор деле бербейт. Байкуш ар кимдин көзүн карап курсагы тойсо тойуп, тойбосо ар кайсы жерде томпойуп уктап жаткандыр. Дарыгерден суранып жатып, чыгууга уруксат алды. Кызын төрөткананын эле орогучуна ороп, сыртынан калың одеалды жапты да, бурганакта сыртка чыкты. Оозу-мурдун тумчуланып алып, эптеп басып, үйүнө жетти. Кайненеси сарай жактан келатыптыр, ымыркайын көтөрүп дарбазадан кирип келген келинин көрүп, жактырбай бурулуп кетти.

– Кайсы бети менен келатат бул?! – деп сүйлөнгөнү келиндин кулагына даана угулду, – Дагы бир кызды көтөрүп. Үйдөгү кыз деле жетиштүү эмес беле бизге?!

Үстүнөн бир чака муздак суу куйулгандай ичиркене түштү. Ушундай сөз угаарын, ушундай кабыл алышаарын билип, өзүн даярдап келатса деле көзүнүн кычыгына жаш толду. Бирок, кеп кайтарууга аргасы да жок эле, кайнененин кебин укмаксан боло үйгө кирди. Дароо эле үй оокаттарына аралашты.

– Кир толуп кетти. Жууй кал. Печкада суу ысып турат, сени бүгүн чыгып келет дешкенинен суу ысытып койгом, кир жууй калсын деп, – деп толтура кирлерди алдына таштап койду. Ымыркайын эмизип уктата калды да, улуу кызынын жытынан тое жыттай да албай, эптеп курсагын тойгузумуш болуп, кир жууганга отурду. Үч күндө кирди ушундай толтурушуптур, караңгы киргенде араң аягына чыкты. Бели талып ооруп, табарсыгы өйдө-ылдый болгон сайын сыздайт. Тиштенип алып акыркы кирди да жайып бүттү. Анан тамак жасады. Андан кийин төшөк салып, кайнене-кайнатасын жаткырды. Мыктыбек келбей кечигип жатты, анын кайда экенин сурабады дагы, кечиккен сайын кубанып, дагы келбей турса экен деп ичинен тиленет. А кайната менен кайнене небересинин бетин ачып көрүп да коюшпады. Ымыркай ыңааласа кулактарын басышып, бул үйгө дагы бир чүрпө келгенин таназарына алышкылары келишпеди.

Мыктыбек түн жарымында бутунан тура албай мас болуп келди. Келди да Нуриланы басып жыгылды. Чачынан сүйрөп, муштуму жеткен жерге согуп, сүйлөнүп жатты.

– Мен сага кыз төрө дедим беле?! Эмне айтканды укпайсың?! Атайын мага өчөшүп кыз тууп келдиң да э?! – деп жаалдана бакырды. Булардын ызы-чуусун кемпир-чал сопсонун угуп турушса да, бири да ордунан кыймылдашпады. Катуу уйкунун кучагында термелишкенсип, былк этишпегени менен экөөнүн тең кулактары булардын жаңжалында. Сабап-сабап моокуму кангандан кийин эркек уктап калды. Көз жашын сүртүп, жоолугун оңдоп салынган Нурила да эки кызын кучактап төшөк четине коомай жатты.

Ошону менен бир айдай Мыктыбек күн сайын “концерт” коюп жатты. Ар ичип келген сайын уулу жоктугун арман кылып, буркурайт. Анан барып аялына асылат. Кемпир-чал кой деп койгонду билишпейт, кайнене “Ооба да, катынды карап алыш керек да, уул тууй турганынан. Мына бул сетирейген, чөп жетпеген эчки кейиптенген аял уул тууп жыргатабы. Мен сага канча айткам, Алимандын кызын эле ал деп. Болбой койгон өзүң. Кара эми, Алимандын сен чанган кара кызы күйөөсүнө үч уулду катарынан төрөп берип койду”, – деп шыкактайт.

Мыктыбек менен Нурила шаарда окуп жүрүп таанышышкан. Нурила шаар четиндеги айылдардын биринен болот. Сүйүү деп ата-бабасы көрбөгөн тоо арасындагы айылга күйөөсүн ээрчип келе берген. Ата-энесинен эрте калып, ар тууганын байырлап жетим өскөн кыз жашоосунда биринчи эле жолуккан, жылуу сүйлөп, мээримин төккөн эркекке тагдырын ишенип тапшырып салган. Туугандарынын үйүндө ар кимисинен айбыгып жашоодон жедеп жадаганга окуусун да аяктабай, орто жолдон таштап туруп, Мыктыбектин жетегинде келе берди. Ал өз үй-бүлөм, күйөөм, балдарым болот, бири бирибизге эриш-аркак бактылуу жашайбыз деп кыялданган да. Балээсинеби. Аңгектен качсаң дөңгөккө так ушул Нуриланын тагдыры болду да. Туугандарынын кордугунан качкан жаны минтип кайын журт менен күйөөнүн зордугуна туш келди. Кыштын узун түнү ымыркай кызын бооруна кучактап жатып, уул төрөсөм жашообуз оңолуп, мен кордук көрбөй калат белем деп арман кылды.

Ошондуктан, үчүнчү кош бойлуулугунун ай-күнү жете баштаган сайын сары май жеп алгансып, ичинен сызат. Керели кечке дандырга камыр ачытты, дандырга нан жапты, уйларды саады, сүт тартты, айран уютту, ал арада тамак жасады, кир жууду, айтор жаны тынган жок. Жаз келгенге талаа иштери да башталып калды. Бул жакта талаа иштеринде негизги күч келиндерге түшөт экен. Ар бир үйдүн келини үйдөгү оокаттарды бүтүрөөрү менен кетменин ийинине коюп алышып, талаага ашыгышат. Күн түштөн ооп калганда Нурила да эки кызын уктатып коюп, айыл четиндеги үлүш жерине жөнөдү. Мыктыбекке тамак алып барып берет. Эртеден бери күйөөсү талаада. Күйөөсүн тамактандырып коюп, кайтып келатса, кошуна келин беш-алтынчы класстарда окуган эки баласы менен иштеп жүрүптүр.

– Нурила, талаага чыкпай калдың да? Күйөөң оңолуп калган го сенин? – деп күлүп, кетменин арыга таштап, беттей басты.

– Кайненем ооруп калган, ага режим менен дары, мүнөздөп тамак берип жатам. Ошон үчүн үйдөмүн, – деди да челкейген курсагын кармап, дарактын түбүнө отура кетти. Бир топ жол басып келгенге бели уюп, буттары талып кеткен.

– А, байкушум ай, ушуларга кор болбой кетип эле калбайсыңбы? – деп келин муну аянычтуу карады.

– Кайда? – деди Нурила айласы куругандай жалдырай карап, – Ким мени кыздарым менен батырат? Бара турган жерим болгондо эчак эле кутулганыма шүгүр деп жолума түшөт элем.

– Ата-энеңчи? Ичине баткан бала сыртына да батат.

– Алардан эрте ажырагам. Ата-энем тирүү болгондо ушул күндү көрмөк белем? Күйөөгө тийгениме алты жыл болду, эч ким издеп келбеди артымдан, ушундан деле билсеңиз болот, – деди шуу үшкүрүнүп. Көзүнүн кычыгына жаш толду. Келин сооротууга шашылды.

– Кайгырба. Кыздарыңдан көрөсүң буйруса. Кыздарың акылдуу, эстүү, сени тартып сулуу да болушат. Кызды жериген адам жарыбайт, азыр адамдар эркек баласынан эмес, кызынан жакшылык көрүп жаткан учур, – деп көзүнүн жашын аарчып, чар көпөлөк айланды. Чын эле ошондо келип, тим эле алдыны көрө билгендей айтыптыр. Нурилага кошуна келиндин кеби кубат берди. Жылмая ордунан турду.

– Мен анда барайын. Жакшы кебиңиз үчүн рахмат, – деп жолун улады.

Ошол түнү Нурила көз жарды. Ыңаалаган ымыркайдын үнүн угаары менен азыр эле өмүр менен өлүмдүн ортосунда жанталашкан келинге тил бүттү.

– Ким? Уулбу? Уулбу дейм? Айтып коюңуздарчы, – деп башын көтөрүп, дарыгерге жалдырап жиберди.

Дарыгерлер бирин бири карап унчугушпады. Ансайын келиндин шаштысы кетип, улам бирине жалдырайт. Акырында бир дарыгер чыдай албай кетип, катуу айтты.

– Кыз! Кыз төрөдүң! Кызды да Кудай бергенге берет. Кыздан айланайын!

Нуриланын башы шылк кулады. Өңү бозоруп, деми тартыла баштады. Дарыгерлер чыркырап, айланасына топтолушту. Бир топтон кийин гана өзүнө келди.

– Мага кереги жок. Алып келбегиле. Көрсөтпөгүлө, – деп күбүрөндү. Дарыгерлер дагы бирин бири карашты. Улуу курактагы дарыгер катуу айтты.

– Баштан чанып, кесирлик кылба! Күйөөңө, кайненеңе кереги жок болсо да бул бала сага керек! Экинчи бул сөзүңдү укчу болбойун!

Нурила терезени карады. Ай толуп турган кез экен. Ичинен кызынын атын Айдай койууну чечти. Бирок, дагы деле перзентине мээрими төгүлбөдү. Күйөөсүнүн үчүнчү кыздуу болгонун укканда кандай абалга келээрин ойлоп, дагы мурдагыдай уруш-талаш, жаңжал башталаарын элестеткенде денеси дүркүрөп кетти. Ушул жерде эле, төрөтканадан кетпей, айды тиктеп жата бергиси келди. Дайыма түн боло берсе, мен уктай берсем деп ойлонду. Түн жана уйку гана аны азап-тозоктон сактап калчу.

Visited 57 times, 1 visit(s) today