3-бөлүм

Мыктыбек такыр эле Нуриланы күнөөлөп жатып калды. Ага кайнене менен кайната да кошумча болушту. Келинге күн өткөн сайын жашоо оордой берди, бирок чиедей үч кызын жетелеп кайда бараарын билбегендиктен көргөн кордугуна чыдап жашай берди. Айдай эки жашка чыгып калганда, айылдаштарынан Мыктыбек айылдын четинде жашаган күйөөсү каза болуп калган келинге барып жүргөнүн билди.

– Сен кетсең кете бер! Балама кыз алып берем. Эркек бала төрөп бере турган кыз алып берем! – деп кайненесинин да сүйлөнгөнү көбөйүп калган. Күйөөсүнүн башка аял менен жүргөнүн, кайненесинин кет дегенин укса да кетпеди. Нурила бир күнү болбосо бир күнү баары жөнгө салынып, жашоосу ордуна келээринен үмүт артты. Бирок, андай болбоду. Бир күнү кечинде баары тамактанып отурушса, алагүү болуп Мыктыбек келди.

– Апа, сүйүнчү, мен уулдуу болгону калдым, – деди босогодон эле кыйкырып. Үч кызы, келинчеги отурганына карабады. Кайнененин жүзү жаркый түштү.

– Болсун, болсун, – деп эле карбаластап ордунан турду.

– Жыпар кош бойлуу. Ал уул төрөп берем деди. Ал айтканында турат, кээ бирөөлөргө окшоп шагыратып кыз тууй бербейт, – деп Нуриланы жаман көзү менен карап койду. Чыдамы чегине жеткен келин ордунан кантип атып турганын билбей калды.

– Кызбы, уулбу, Кудайдын бергени! Башты чанган жарыбайт дейт, оозуңа карап сүйлөп жүр, – деди ар кимден уккандарын кошуп. Катуу ачууланганга колу титиреп, өңү бозорду. Мыктыбек аны шылдыңдагандай карады.

– Тигини. Тили чыгып калганын. Эй, салпаяк, тууй албаган аял Кудайга шылтайт. Көзүмө көрүнбөй ары турчу, – деп колунун учун эле тийгизди эле Нурила көмөлөнүп кетти. Күйөөсүнүн, кайненесинин кордугу, үч кыздын түйшүгү, үй оокаты менен жарытылуу тамак да жебей, чийдей болуп арыктап кеткен. Жылаңачтанып чечинсе көргөн адамдын жүрөгү түшчүдөй кейипте, сөөгүнө эле териси чапталып калган. Айдайды төрөгөндөн кийин каны да азайып кеткен. Ордунан тура калганда башы тегеренип, көзү мунарыктап барып оңолот. Бирок, дарыланыш кайдан.

– Тибиребе! Күйөө менен айтышканды сага ким коюптур, – деп кайнене Нуриланы зекий карады, – Жаркын уул төрөсө, алып кел. Төргө жаткырып гана багам, аны. А бул болсо, – келинин сөөмөйү менен көрсөттү, – Өзү төрөй албаса, уул төрөгөн аялыңдын аягын жууп жашайт!

Ар аялда намыс, ар бар да. Нурила ушул убакка чейин кыздары үчүн намысын тебелетип келген. А бул сапар баары башкача болду.

– Аягын өзүң жууй бер! – деди кайненесине сенсиреп, – Силердики өттү! Кармап турган асманыңар болсо таштап жибергиле! Мен эми чыдай албайм.

– Чыдай албасаң кет. Кет деп канча айттым. Итти кет десе да кетет экен, ушуну эле кетире албай койдук! – деген кайнене жаалданды. Мыктыбек апасына каяша айткан аялынын бир-эки муштап жиберди. Кыздары чыркырап, үй ызы-чууга толду да калды. Нурила сыртка атып чыкты. Таза абадан кере-кере дем алып, буркурап ыйлап жиберди. “Мен кетем, кетем, кайда болбосун кетем. Баш оогон жагыма кетем”, – деп ыйлап да, сүйлөнүп да жатты. Эсине уруна калып, үйгө чуркап кирип, үч кызын жетелеп чыкты. Дасторконду тегеректеп отурган кайнене, кайната менен күйөө ага көңүл да бурушпады. Бирдемелерди көңүлдүү сүйлөшүп, тамактанууларын уланта беришти. Кайда кетет эле, эшикте отуруп, отуруп кайра келет да деп ойлошуп беймарал. Нуриланын бара турган жагы жоктугу буларга да маалым. Мыктыбек шаардан ээрчитип келгенде эле кайненеге жаккан эмес.

– Ата-жотосу жокту алдыңбы? Эл сыяктуу куда-кудагыйлар менен чай иче да албайт экенмин да, – деп келиндин көөнүнө кетет дебей эле, балп эттирген. Мыктыбек булардын жалгыз уулу. Андан улуу эки кызы бар, экөө тең башка райондорго турмушка чыгышып, бала-бакыралуу болуп калышкан. Жылына бир жолу келип кетишет. Нурилага жаман тилдери тийген эмес. Кайра “апама чыдап жаткан сага рахмат”, – дешип, көңүлүн көтөрүшөт. Мыктыбекти акылга келтирип, тарбиялоого алар деле аракет кылып көрүштү, бирок эжелеринин акылына караганда, эненин шыкактоосу салмактуу да. Эжелери кеткиче күйүмдүү ата, камкор күйөө болуп көрүнүмүш болот да, алардын изи сууй электе эле баягы таз кейпине түшөт.

Нурила кыздарын жетелеп кошунанын үйүнүн терезесин такылдатты. “Акыры бир күн ушул нерсе болмок. Такыр эле оорукчан болуп калганымча боло турган нерсе тезирээк болгону жакшы”, – деп ойлонуп, кайратына келди. Түн жарымда терезе каккылаган ким дегенсип, айнектен үңүлгөн кошуна аял үч кызын жетелеген Нуриланы көрүп, айттырбай эле түшүндү. Суроо бербей, үйүнө киргизип, кыздардын бетин жууп, алдыларына тамак койду.

– Эже, мен шаарга кетишим керек. Бир аз акча керек болуп жатат… Жол киреге… – деп башын ылдый салды тамактанып бүтүшкөндөн соң.

– Кимге барасың? Шаарда жан күйөөрүң барбы? – деди кошуна аял. Ал мунун тарыхын жакшы билчү. Мыктыбек ичип алганда аялынын багар-көрөөрү жок жетим экенин ар кимге жар салып айта берчү.

– Таекеме барам… Көчөдө калтырбас… – деди мурдун шуу тартып, – Эртең мененки автобус менен райборборго жетип алсам болот… Андан ары автобуска отурам… Шаарга барып иштеп, акчаңызды берип жиберем…

Visited 206 times, 3 visit(s) today