Адамдын тагдыры миң сан чыйыр экен го. Кантип жашашты, кайсы жолду тандашты ар бир адам өзү билет дегенибиз менен, кээде тагдыр адамдан сурап отурбай, өз билгенин жасайт көрүнбөйбү. Балачактан биринин кайгысын бири сезип, биринин кубанычына бири ортоктош болуп, ээрчишип чоңойгон үч курбунун тагдыры – жашоодо билгенден билелегиң көп экенин эскерткенсийт.

 

Үч курбу жашаган айыл салтты катуу кармаган аймакта жайгашкан. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген макал ушул аймакка бап келгенсийт. Бой тарта баштаган кыздардын баскан-турганын аңдымай, астыртан сынай карамай бул элдин көнүмүш адатына айланган.

Сыртта катаал доор – СССРдин тарап, анын курамындагы өлкөлөр өз алдынча турмуш жолуна аттанган кез. Кайда караба, бараткан нугунан жаңылып, кайда бараарын билбей элейген адамдар. Жумуш жок, акча да жок, ал турмак дүкөндөрдүн текчелери бопбош – көзгө кунарсыз. Кечээ эле короо-короо кой, уй, жылкылар батпаган колхоздун сарайы ээн калды, менчиктештирүү араанын ачып, эптегени жула качып, эптей албаган койдой жооштор куру кол отуруп калышты. Баштагы чындыкты туу тутуп, абийир менен иш кылган адамдарды бийик көкөлөткөн заман өттү, эми айлакер, куу, бирди төрткө айланткан кызыл кулактардын күнү тууду. Ар замандын өзүнө жараша баалаган сапаты болот турбайбы.

Дал ошондой кыйынчылык элди каптаган мезгилде башта айтылган, салтка бекем ыктаган айылда тоо гүлүндөй буралган үч кыз бойго жеткен. Үчөө бала чактан үч эм козудай ээрчишкен ынак курбулардан. Алдыга койгон максаттары тоодон да ашып турган чакта, минтип заманың түшкүр түбүнөн өзгөрдү. Бирок, жаштардын жүрөгүндө кайрат, сезиминде кыял толтура. Келечектен коркпой, алдыда аларды жайыл дасторкон күтүп аткандай эртерээк эле мектепти аяктоого ашыгышат.

Үч курбунун бири – Жылдыз мектептин пол жуугучу, жесир Гүлсүндүн кызы. Атасы эрте кайтыш болуп, чөжүрөгөн алты бала менен калган энесине ушул кыз тээк болуп күн өткөрүп келишет. Жаштайынан түйшүккө аралашса, чыйрак болбой кайда барсын, колу бары-жокко эптүү, иштин майын чыгара жасаган, мээнеткеч кыз. Мектепте да мыкты окуйт. Ошондон улам, байкуш эненин бир гана тилеги бар – ал кызына жогорку билимге ээ кылуу. Өзүндөй күйпүл күчүк болуп, пол жууп калышын каалабайт. Бирок, эненин тилегинин талканын чыгарып, замандын бир заматта өзгөргөнүн карачы.

А Асыл оокаттуу жердин кызы. Атасы мал доктур болуп эчен жыл совхоздо иштеди. Союз убагында ар жума сайын үйлөрүндө бирден козу союлуп, флягадан кымыз үзүлбөй, бир аз гана катуу тарткан нандарды энеси кесирленип, итке таштачу. Бирок, замандын өзгөргөнү буларга да таасирин тийгизди. Баягыдай ар апта сайын козу өңөрүп келген чабандар жок. Кантсе да, жеп көнгөн адам кандай убак болбосун, жештин бир айласын табат экен. Мал доктур совхоздун менчиктештирүүгө берген куйругуна кучак жетпеген койлордун далайын өзүнө алды. Айылдын четиндеги союз учурунда курулган, нечен гектарды ээлеген мал сарайды менчиктештирип, ал жерге бир короо коюн атайын чабан жалдап бактырды. Ошентип, кадыр-барктуу мал доктурдан заматта жаңы замандын күркүлүнө айланды.

Үчүнчү курбу – Нургүлдүн ата-энеси айылдын интеллигенттери. Апасы доктур, атасы мектептин директору. Болгондо да сүрдүүлүгү жагынан атагы районго тараган директор. Анын карааны көрүнгөндө окуучулар турмак, окуучулардын ата-энелери да кирээрге тешик таппай калышат. Он беш жылдан ашуун бир кызматында кармалганы – өз ишин мыкты билгенинин далили. Мектепте кандай болсо, үйүндө да ошондой. Үч уул, эки кызын темирдей бекем кармап, күнүнө алты жолу акыл-насаатын кулактарына куят.

Үч башка катмардан болушса да, үч кыздын ынтымагына сөз жок. Баамдаган адамга булар бирин бири толуктап тургансыйт. Сулуусу Жылдыз, акылдуусу Нургүл, боорукери Асыл. Булар азыр, бүгүн-эртең колубузга аттестат тийсе, шаарды көздөй канат кагабыз деп турушат. Ишеним Асыл менен Нургүлдө күчтүү, а жарым жетим Жылдыз кантсин, ичинен санаага чырмалат.

Мына, мектепти да аякташты. Айылда мектепти аяктаган кыздар шаарга кетип гана кутулушпаса, аскерден келип, үйүнөн күнүгө «үйлөн» деген жеме угуп жүргөн жигиттер жөн коюшпайт. Айрыкча, ошол жылдары кыздарды койчосунан бөктөрүп, ала качмай салтка айлангандай эле болду.

Айрыкча, Жылдызды тооругандар көп. «Энесин көрүп, кызын ал», – демекчи, апасы Гүлсүн оор басырыктуу, мээримдүү аял. Анын үстүнө, кыз да турмушка бышкан, айрымдарга келин бекер малайдай эле көрүнөт эмеспи, «балам ага, ал балама жагабы, жашап кетишеби» деген ой менен эмес, «балта-керкиси» жанында болгон кыздын тирилик кылганына кызыккандар андан көп. Бул Гүлсүндү абдан бушайманга салды. Жалгыз уюн сатса да, акча таап, шаарда жашаган сиңдисине тааныш таптырып, кызын окууга өткөрмөй болду.

Жылдыздын тагдыры чечилди – борбордогу өзү эңсеген Медициналык институтка эмес, жакынкы шаардагы медициналык окуу жайдан билим алмай болду. Ошонусуна да шүгүр. Ары карап ыйлап, бери карап күлүшүп, бала-бакырага ак ичирип аткан жалгыз уйду сатышты. Акчаны Жылдыздын белине түйүп, сиңдисине кошуп шаарга кетиргенден кийин гана Гүлсүн терең дем алды.

А Нургүл менен Асыл борбор калаадагы жогорку окуу жайларына тапшырууга жөнөштү. Алардын аталары акчасын акчадай, таанышын тааныштай алдын ала сүйлөшүшкөндүктөн көңүлдөрү ток. Тагдыр бир берген адамына колу көнүп, акыр аягына чейин сыйлыгына жыргатат көрүнөт.

Visited 276 times, 1 visit(s) today