Бала чагыман эле унааларды жакшы көрөм. Мотордун дырылдаган үнү, кыймылы, ылдамдык, булардан ырахат алам. Эсимде, кичинемде атам менен троллейбуста бара жатып, “Москвич”, “ваз”, “запорожец” сыяктуу советтер союзундагы унааларды колум менен көрсөтүп, үн чыгарып туурай берчүмүн. Кийин мектептен деле сагыздардын ичинен чет элдик унаалардын “накелейкалары” чыгып калса баса калчумун. Ошентип, автомеханик болууну самап окууга тапшырдым. Анын үстүнө адамдардан караганда техниканы түшүнүү оңой сыяктуу сезилчү. Бирок…
Үч күндөн бери мына бул “Опел” менен отурам. Кайсы жеринде мандем бар экенин башында түшүнө албай жаттым.
Египеттик ребусту тиктеп отуруп тыкылдап келе жаткан туфлинин үнүн дароо уккан жокмун.
– Саламатсызбы, – унаа оңдоочу жайга үнү жаңырды. – Ким бар?
Мен унаанын бузулган жерин эми эле таап, киришейин деп турганда бул айым баарын бузду окшойт. Ичимен “иттикки” деп алып, унаанын алдындагы чукурдан сыртка чыктым.
Чыксам эле…Орто бойлуу, чачын жайган, арык чырай, кой көздүү сулуу бийкеч турган экен. Автомеханик болуп иштеген мезгилден тартып карала-торала май болгон кебетемден биринчи жолу уялдым. Саламдашуунун ордуна башымды гана ийкедим. Анан сурадым:
– Сиздикине эмне болду?
– Менин унаам…
– Унааңыз экени түшүнүктүү, – мыйыгыман жылмайдым. – Эмне болду унааңызга?
– Билбейм, – кыз жалооруй ийин куушурду. – Бир жери ышкырып жатат.
– Ышкырып жатабы? Азыр көрөбүз?
Мен анын “Шевроле Авеосуна” отуруп, экинчи унаа оңдоочу аңга айдап барып токтоттум. Көрсө, генератордун подшипник кайышы жешилип калган экен, ошол үчүн ышкырыктай үн чыгып жатыптыр. Алмаштырыш керек. Унаанын майын дагы алмаштырууга туура келет. Бул оңдоп-түзөөгө жарым сааттай эле кетмек, бирок автомастерскойума кокустан туш болуп калган бейтааныш сулууну кармап тургум келди. Анан зарыл болбосо деле темир тулпардын абалын сурай баштадым: техосмотр, ДТП болгонбу жокпу ж.б.
Кыз баарын берилүү менен айтып берди, атүгүл аягында күлүп мындай деди:
– Өзүмдүн баламды айткандай эле айттым го.
– Ооба, – деп жылмайдым. – Айдоочулар өз тулпарын баласындай эле жакшы көрүшөт. Айтмакчы, балдарыңыз барбы?
– Жоок, кайдан, турмушка чыга элекмин, – деди кыз ыңгайсыздана.
“Азыр расмий түрдө турмуш курбай деле балалуу болуп жатпайбы. Анча эмне ыңгайсызданды” деп ойлодум. Бирок бир суроом менен эки коенду өлтүрдүм. Эми анын күйөөсү жок экенин билем, демек… Негизи бул эч кандай мааниге ээ эмес. Мен унаа менен алпурушуп бүттүм. Сулуу бийкеч акчасын төлөп, унаасына отуруп, кетип калды. Жомок ушинтип аяктады. Эгерде дагы бир учур болбогондо бул окуянын уландысы болмок эмес.
Нөшөрлөп жаан төгүп жаткан. Октябрь айы. Трассада бараттым. Жол жакшы көрүнбөгөндүктөн ылдамдыкты жайлаттым. Кокустан эле көзүмө алтургай жүрөгүмө өтө тааныш “Шевроле” урунду. Жолдун жээгинде капоту ачык турган унаанын жанындагы баягы сулуу бийкечти жазбай тааныдым. Ал кабагын чытый унаасын тиктеп туруптур. Дагы бир нерсе болгонун көрүп, жолдун четине токтоп, анын жанына бардым.
– Дагы ышкырып жатабы? – дедим.
– А сиз кайдан билесиз? – деп таңыркады ал.
Төгүп жаткан жаандан улам башыма кийип алган күрмөмдүн чүмкөмөсүнөн мени тааныган жок окшойт. Чүмкөмөмдү чечтим.
– Эмичи? – дедим жүзүмдү ачып.
– А бул сиз белеңиз?! – деп кыз эски досун көргөндөй сүйүнүп кетти.
– Тааныдыңызбы? – деп күлдүм.
– Тааныдым! Тааныдым! Комбинезон жана каардуу жүзүңүз эле жетишпей жатат…
– Мен каардуу бекем? – деп таң калдым.
– “Сиздикине эмне болду?! Аа баары түшүнүктүү!” деп ансыз деле жүрбөй калбаса болду деп тынчсызданып жатсам, олуттуу жүңүз менен коркутуп салгансыз, – деди кыз.
Мен күлгөн бойдон унаасынын ачык турган капотуна үңүлдүм:
– Сиздикине эмне болду? – деп атактуу суроомду берип, өзүм күлүп жибердим. – Түшүнүктүү. Дагы жакшы шаардан алыс чыкпаптырсыз. Алып кетиш керек унааңызды.
Жаан болсо чакалап төгүп жатты. Кыз баштан-аяк суу болуп калыптыр. Үшүгөнүнөн калтырап баштады.
– Унаага отуруңуз. Андан аркысын өзүм кылам, – деп кызга буйрук берип, өзүмдүн унаамды “Шевроленин” алдына айдап келип токтоттум. Багажыман кендир арканды алып чыгып, эки унаага туташтырып илдим. Анан кыздын унаасына келип отурдум.
– Мен сизди айдайт го деп ойлогом…- бакырайган көздөрүн тостойтуп, узун кирпиктерин ачып-жумду.
– Мениби?! – мен таңыркадым. Кыз эмне дешти билбей ойдолоп калды.
– Макул, макул, тамашалап жатам. Ылдамдыкты, эскертүүчү белгилерди сүйлөшүп алалы. Анан… – Ушул жерден эрдемсинген күчүмдү көрсөтүүнү чечтим: – Анан, кайсы жерге токтоп кофе ичээрибизди дагы сүйлөшүп алалы.
Кыскасы, эсте каларлык жол жүрүү болду, бирок Зарина (менин сүйүктүүм) мен айткан көрсөтмөлөрдү туура аткарып, болжогон жерге аман-эсен жеттик.
Жолдон кафеге кирип кофе ичкенге да жетиштик. Кокустан туш болгон окуяларды айтып берип күлдүк. Негизи жашоодо укмуштар боло берет экен да, мына мисалы, капоттун алдынан ышкырган нерсе – чоң сүйүүнүн башталышы экен. Биз Зарина экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга үч жыл болуп калды. Биздин сүйүүбүз ошондогу унааны сүйрөп келген нейлон арканындай эле бекем. Айтмакчы, “Шевролени” сатып жибергенбиз, анын ордуна сүйүктүүмө жапжаңы чакан унаа сатып бердим.

Visited 187 times, 1 visit(s) today