Биз жыл сайын Ысык-көлгө эс алганы барабыз. Бирок ошол жылы жайында колу такыр эле бошобогон жолдошумдун иши ого эле көп болуп чыкты, анан биз жыйырма жаштагы кызым экөөбүз эле барууга туура келди. Мен жаш эмесмин, аял катары эми эч кимди кызыктырбайм деп ишенип алгам, бирок көлдө жүргөндө эркектердин көз артканын, атүгүл, таанышууга сөз баштап калгандарын да кезиктирдим. Жашырганда эмне, жагымдуу сөздөр, мактоолор, суктануулар туруктуумун деген бекем аялды дагы ээритет. Эркектердин көңүл борборунда болгонумду сезип, күн сайын эмес саат сайын жашарып жаткандай болдум.
Кызым жаш да. Оюн-күлкүгө тойбой турган чагы. Бат эле досторду таап алды. Кызымды жаңы дос кыздар, балдар менен тим койдум. Өзүм болсо тынымсыз шуулдап байкалбай өтүп бараткан шаңдуу жашоого көз салып көлдүн жээгинде жалгыз отурам.
Ошондой учурлардын биринде кызымды карап, эки жагыма көз салып жээк менен баратсам “Сиз мени издеп жаткан жоксузбу?” деген эркектин үнү угулду. Канча күндөн бери жөнү жок тийише бергендер тажатып жиберди. Болгон ачуумду ошол кишиден чыгарып алдым. Анан кайра өтө аша чаап кеткенимди түшүнүп, анын үстүнө тиги киши дагы каяша сөз кайрыбагандыктан ыңгайсыз болуп кечирим сурадым.
Ал оор басырыктуулук менен бир калыпта угуп, капаланбаганын айтып жылмайып, анан шарап ичүүнү сунуштады.
Салымбек аябай кызыктуу маектеш болуп чыкты. Шайыр, акылдуу дагы экен. Жүрөгүм жылып, ичимен көпөлөктөр учуп баштаганын сезгенде коркуп кеттим. Буга чейин курорттук романдарды көп эле уккам, анын аягы эмне менен бүтөрүн да билем. Ошондуктан бул жийиркеничтүү ишке аралашкым келген жок.
Салымбек экөөбүздүн мамилебиз башынан эле жалгандарсыз, ак барактан башталган. Бала-чакабыз, жолдошубуз бар экенин экөөбүз тең жашырган жокпуз. Мамилебиздин келечеги жок экенин да түшүнүп турдук. Ошентип, ичибизден сызып коштоштук.
Үйгө келгенде бардык нерсеге көз карашым өзгөрдү. Күйөөм жакшы, ичпейт, чекпейт, жумушу бар. Бирок ортобуздагы сүйүү эчак эле өчкөн. Алгач кызыбыз үчүн жашап жүрдүк, кийин чогуу жашоо көндүм адатка айланып калды. Буга чейин байкаган эмесмин, Салымбекке жолуккандан кийин көзүм ачылды.
Бир нече айдан кийин чоочун номур телефон чалып калды. “Сенисиз жашоо кыйын болуп баратат” деген мукам үндү жазбай тааныдым.
Эх, боорукер, жакшы адамды таштап, көнүмүшкө айланган кунарсыз жашоону талкалап чыгуу ушунчалык оор болду. Бирок чечкиндүүлүк менен жеңип чыктым. Азыр сүйүктүүбүз экөөбүздүн бирге түтүн булатканыбызга бир топ жыл болуп калды. Биринчи күйөөм менен ажырашып, Салымбектикине көчүп баргам. Той өткөргөн жокпуз. Бирок жыл сайын алгачкы таанышкан курортко барып, бир жумадай эс алып келебиз. Өзүмдү караганды үйрөндүм. Спорт менен машыгып, сырткы келбетиме көңүл буруп калдым. Биз азыр Салымбек экөөбүз экинчи жаштыгыбызды жашап жаткандайбыз. Түстөр мурдагыдан жарык, үндөр тунук, тамак даамдуу болуп сезилип калды. Биздин көз карашыбыз, ойлорубуз, максатыбыз бир. Биз бир бүтүндүктү түзүп тургандайбыз. Билесиздерби, бакыт эмне экенин канча жашымда билдим? Кырк төрт!

Visited 268 times, 5 visit(s) today