Биздин мамилебиз кызыктай жагдайда башталган.
2010-жыл. Адаттагыдай эле аптанын аягы жума күнү унаамды айдап алып, дем алыш күндөрүн кайдан өткөрүүнү ойлонуп келаткам. Анан курбу кызым телефон чалып калды. Корпоративден алып кетишимди суранды. Барсам жакшы эле кызып калыптыр. Майрамды андан ары улантууну каалап, кафе иштеткен досунукуна барып кофе ичем деп чыкты. Анысыз деле кыларга ишим жок болгондуктан курбумдун өтүнүчү менен макул болдум.
Ал жерге барсак курбумдун досу башка компания менен майрамдап отуруптур. Алар менен бир аз отургандан кийин үйгө кетээримди айттым. Бирок алар унаамды үйгө таштап, кайра келип майрамды улантууну суранышты. “Эртең баары бир дем алыш. Үйгө барганда эмне кыласың?” дегендерди угуп, үйгө унаамды таштап кайра келдим.
Көңүл ачып жаткандардын аягы суюлуп калыптыр. Кафенин ээси, курбумдун досу Нурбек, анын досу Бектур жана Бектурдун жанынан чыкпай жабышкан Тамара аттуу кыз бар экен. Биз майрамды уланттык. Курбум болсо Нурбек менен андан ары дагы көңүл ачкысы келерин айтып, мени дагы Бектур менен жакшылап тил табыш деп кыйнай баштады. Ага чейин эле биз Бектур экөөбүз жакшы эле тил табышып калганбыз.
Акыры балдар Тамаранын таксиге салып үйүнө узатышты. Биз болсо саунага бармай болдук. Алкоголь закускалары менен алып алганбыз. Баарыбыз кызыдык. Көңүлүбүз жай. Эртеңки күндү ойлогон эч ким жок. Курбум Нурбекти кое бербей кучактап алыптыр. Алар саунанын башка жагына кетишти. Бектур дагы менин жаныман чыкпай, ичибиздеги ичимдиктин күчү менен сезимдерибизге ээ боло албай калдык. Ошентип эртең менен бир төшөктө ойгондук.
Үйгө кетип жатып Бектурдун номурун алып калдым. Мындай күндөрдү кез-кезде кайталап турсак ашыктык кылбайт деп ойлодум. Кийинки күнү биз сүйлөшүп баштадык. Бирок олуттуу мамиле куруу үчүн эмес, жөн гана ырахат алуу үчүн.
Арадан убакыт өттү. Бир жылдан кийин сезимдерибиз олуттуу экенин түшүндүк. Чогуу жашап баштадык.
Бирок ортобузда түшүнбөстүктөр болуп, таарынышып кеттик. Анткен менен бири-бирибизди кыя албай жаңы жылда кайра табышып, майрамды чогуу тостук.
2013-жылдын январь айында боюмда бар экенин билдим. Бул кабарды укканда Бектур экөөбүз тең төбөбүз көккө жетип сүйүндүк. Биз ушунча убакыттан бери бир эле жолу сактанбай кошулганбыз, мына эми дароо эле белекке ээ болдук. Чыныгы үй-бүлө экенибизди ошондо жакшыраак түшүндүк. Бектур үйлөнүү сунушун киргизди. ЗАГСка барып арыз таштадык. Калганы ойдогудай жүрүп кетти. Окуу жайды ийгиликтүү аяктадым, үлпөт тоюбуз болду, кыздуу болдук. Азыр биз эң бактылуу жана кызыктай үй-бүлөбүз.

Visited 169 times, 2 visit(s) today