Эркек:
Кырк жаштардагы аял. Кийими жупуну. Келбети келишимдүү. Тыкан жасалган макияж. Кымча бел, кең көкүрөк, мойну койкойгон татынакай келин. Көздөрү…акылдуу, океандай терең. Көз жан дүйнөнүн күзгүсү деп бекеринен айтышпаса керек. Иттики десе! Мен таза эле жалдырап калган турбайымбы. Кайсы иш боюнча келдим эле?..
Аял:
Көңүлдү дароо бурган эркек экен. Сүйлөгөнү да орундуу. Билимдүү окшойт. Жашы өтүп калса дагы сынынан кетпептир. Катынпоз сыяктанат…Андай болсо эмне болуптур…Боло берет…Акылдуу…Аялга кандай мамиле кылышты билет…
Эркек:
Үч күндөн бери эмне болуп атам? Ал аял башымды айлантып алды окшойт. Такыр эле эсимен чыкпай калды. Көргүм эле келет. Кандай жол табам? Баса, китеп алып барам дебедим беле. Андан ары эмне болот? Көрө жатарбыз…
Аял:
Кызык, ал дагы келер бекен? Китеп алып келип берем деп сөз берди эле. Жөн эле айтып койсо керек. Мени эмдигиче унутуп деле койгондур. Мейли…Эркек деген толтура, тигине турушат, шилекейлерин жутуп. Бирок ал башкача…
Эркек:
Китеп үчүн ыраазычылык билдирди. Жакшынакай жакшы аял. Кучагыңа бекем кыскың келет. Кайык менен сүзүп келүүгө чакырсам окшойт. Эгер баш тартса баары түшүнүктүү: мамиле уланбайт. Кокус макул болуп калсачы?
Аял:
Келди… Мына сага…Убада кылгандай китеп ала келиптир. Албетте күттүм, жашырганда эмне. Кайыкта сейилдеп келүүгө сунуш кылды. Чындап эле мени жактырып калдыбы? Башка эркектер ресторанга чакырышат, бирок көздөрүндө төшөк гана. А бул адамдын көз карашы башкача. Балким бул адамдын көздөрүнөн төшөк байкалбай жаткандыр. Кызык, ал менин көздөрүмөн эмнени окуйт болду экен? Жок, эмнеси болсо да кайыктан баш тартпайм.
Эркек:
Мына биз кайыктабыз. Коргоочу чыптаманы кийүүгө жардам берип жатып ийнине колум тийип кетти. Ток ургандай болдум. Ушунчалык жумшак экен. Көздөрү күлмүңдөп турат. “Сизден” “сенге” өттүк. Кафеде тамактандык. Үйүнө жеткирдим. Подъездин алдынан коштошордо акырын гана жүзүнөн сүйдүм. Төшөккө сүйрөбөгөнүм үчүн рахмат айтты… Мен сүйүп калдым окшойт…
Аял:
Өтө сонун киши экен… Башкаларга эч эле окшобойт…Кишиге жабышпайт…Көздөрү менен чечиндирбейт…Дайыма аны ойлочу болдум. Чындап эле жүрөгүмдүн ээси ушул кишиби?
Эркек:
Биз биргебиз. Ал керемет…Мен кайсы сапатым менен анын сүйүүсүнө татыктуу болдум экен? Такыр түшүнбөйм. Жашым дагы бир топко улуу…
Аял:
Биз биргебиз. Курбуларым мени жиндисиң дешет. Сени менен ойноп, кызыгы тараганда таштап кетет дешет. А мага баары бир. Таштаганча чогуу болом… Эч кимге бербейм.

Visited 412 times, 6 visit(s) today