Азыр отуз алтыдамын. Бактылуу энемин. Анткени татынакай кызым бар. Бирок кызым атасыз өсүп келет. Биологиялык атасы болгон албетте, бирок аны эч качан көргөн эмес. Себеби “атасы” коркок болчу. Турмуштук планында кызы бар экенин угаары менен көздөн кайым болгон. Көпчүлүк эркектер үчүн балалуу болуу чоң кубаныч жана бакыт. Бирок баланын жоопкерчилиги аялдын мойнунда деп ойлогон эркектер дагы жок эмес.
Биз Доорон менен таанышканда экөөбүз тең отуз жашта элек. Өтө жаш эмес болчубуз. Аркы-беркини түшүнүп калганбыз. Ортобуздагы мамиле ойдогудай өнүгүп жатты. Күн сайын шам жагылган романтикалуу кечтер, белектер, гүлдөр. Биз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Мен Дооронду катуу сүйдүм. Мамилебиздин келечегине ишендим. Анын үстүнө эркек сенден балалуу болгусу келерин айтканда толугу менен анын сүйүүсүнө ынанат экенсиң. Доорон так ушинтип айткан эле. Биз үй-бүлөлүк турмушту көп кыялдандык. Атүгүл балдарыбыздын ысымдарын дагы камдап койдук.
Ошондой жакшы күндөрдүн биринде кош бойлуу экенимди билдим. Бардык эле аял эне болууну кыялданат, айрыкча отуз жашка келип калганда балалуу болуу биринчи планга чыгат экен. Мен аябай бактылуу болуп, бул кубанычтуу кабарды Дооронго түшкү тамак учурунда айттым. Бирок кубанычым көпкө созулган жок. Доорон балалуу болорубузду жакшы кабыл алды (Балким мага жакшы кабыл алгандай сезилди). Бирок ошондон кийин мен аны көргөн жокмун. Телефонун өчүрүп жок болуп кетти. Анын батирине бардым. Бирок ал жактан да таба албадым. Эки жумадай дендароо болуп жүрдүм. Таарыныч, өкүнүч, көңүл калуу жыйырма төрт саат бою коштоп жүрдү. Бирок ата-энем көптөн бери неберелүү болууну самап жүрүшкөн, курбуларым дагы колдошту.
Ошентип, тогуз айдан кийин менин периштем жарык дүйнөгө келди. Кызым төрөлгөндөн кийин өзүмдү толугу менен кызыма арнадым, колуман келишинче кем кылбай багууга аракет кылдым.
Кызым чоңоюп калгандан кийин акырындык менен “жарыкка” чыга баштадым. Бирок турмушка чыгууну ойлогон жокмун. Бир-эки жолу таанышып көргөн жигиттер көңүлүмө толгон жок. Бүттү дедим. Эркек аттууга жолобойм. Бирок убакыт келип баары өзгөрдү.
Бир жолу жалпы тааныштарыбыздын компаниясынан Азатка жолуктум. Биз институттан бери эле тааныш болчубуз. Эсимде, экинчи курста киного чакырган. Мени жандаганга аракет кылган. Бирок ал учурда менин сезимдерим уктап жатса керек эле. Анткен менен азыр баары башкача болду. Биз жолугушуп баштадык. Азат аябай камкор болчу. Ал аз сүйлөчү, бирок кызым экөөбүзгө көп нерсе кылып берди. Анын мага болгон сүйүүсүнө ошондо ишендим. Көпкө чейин Азат менен кызымды тааныштыра албай жүрдүм. Кызым чоңоюп, көп нерсени түшүнүп калган. Мени кызганып, Азатты кабыл албай коебу деп корктум. Тагдырдын атайын бир жагдайы бул тынчсыздануума чекит койду.
Бир жолу кызым экөөбүз соода борборуна жөнөп калдык. Ал жактан кокустан Азатты кезиктирип калдык. Мен аларды тааныштырып, Азат менин эң жакшы досум экенин кызыма түшүндүрдүм. Биз кафеге кирдик. Кызым балмуздак жеп жатты, а биз кофе ичип отурдук. Тынчсызданып кызымды улам-улам карайм, бирок ага жаңы таанышуу жакты окшойт жаркылдап отурат. Биз сүйлөшүп жаткан учурда, кокустан эле кызым Азаттын бир колун алып, “Апа, карасаңыз кандай мээримдүү колдор!” деди. Азат экөөбүз уккан кулагыбызга ишенбей же таң калганыбызды билбейм, же кубанганыбызды билбейм, оозубузга сөз келбей эле отуруп калдык. Азыркы балдар эмне мынча акылдуу?
Кызым Азаттын колун кое берген жок. Азат дагы кызымдын башынан сылады. Кызым жакшы көргөн китептерин, мультфильмдерин берилүү менен божурап айтып берип жатты. Ошондон кийин бизде баары жакшы болоруна көзүм жетти.
Негизи “мээримдүү кол” энелерибиз менен айкалышат эмеспи. Бирок балдарыбыздын көз карашы такыр башкача болот экен. Бала деген ыйык, аруу, чындыкты гана сезе алган ширин жан. Аларды алдай да албайсың. Кызым аталуу болгонуна кудуңдап жүрөт. Азат экөө жетелешип басканды жакшы көрүшөт.
Учурдан пайдаланып бардык айымдарга, бакытка бөлөгөн мээримдүү колдорго ээ болушун каалап кетким келет.

Visited 267 times, 1 visit(s) today