Жай мезгили жакындап келе жаткан. Бирок Перизат жайга даяр эмес. Анткени кайрадан эле баягы кептер башталат: күйөөлөрү же жигиттери менен чет өлкөдө эс алуу, турмушка чыксаң же жакшы жигит тапсаң ушинтип чет жакта эс аласың, ж.б. Перизат мындайларды жактырбайт. Ал үчүн эркектердин баары эле акылсыз же орой болуп жатса эмне кылсын? Юридикалык тармакта иштеген олуттуу кыз үчүн реалдуу жашоодогу жигиттер такыр эле көңүлүнө туура келчү эмес. Кечкисин жылуу жерде отуруп алып окуган сүйүү романдарындагы эркектерди кыялданчу.
Жашы 29га келип калганын, үй-бүлө күтүүгө мезгил келгенин түшүнөт. Бирок оюндагысындай эч кимди кездештире албай келет. Бирөө менен таанышса дагы эки-үч жолку жолугушуудан кийин мамилеге өзү чекит коет. Эми турмушка чыкмак турсун, жайкы эс алуусун чогуу өткөрө турган эч кимиси жок.
Иш бөлмөсүн бекитип, кыз көчөгө чыкты. Тротуардын четиндеги гүлдөрдүн жыты маанайын көтөрдү. Перизат үйүнө сейил бакты аралай өтүп кетүүнү чечти. Терең ойго чөмүлүп аллеяда келатты. Ошол учурда анын ийнинен бирөө түртүп, “Кууп жет!” деп кыйкырып, ролик тепкен бирөө зуу этип өтүп кетти. Эмне деген кеңкелестик!
Дагы бир аз баскандан кийин ошол жигит эми өзүн карай ролик менен келе жатканын көрдү, колуна гүл да көтөрүп алыптыр. Ал жигит бет маңдай келип токтой калды:
– Жибек кана?
– Мен кайдан билем? – деди Перизат.
– Анда бул гүл сизге! – бейтааныш жигит колундагы ромашка букетин сунду. Жигит 35 жаштын тегерегинде сыяктанды. Ооба, Перизаттын ою боюнча бул жигиттин ролик тээп алганы жашына туура келбегендей көрүндү. Бирок баары бир жигиттин чымыр денелүү келбетине ролик жарашып турду.
– Сиз мени кечирип коюңуз. Мен эжемди күтүп жаткам. Окшош экенсиңер. Адашып калдым, – деп жигит бирөөгө телефон чалды.
– Жибек, каяктасың? Кандайча келбейсиң? Анда сен кимсиң, билесиңби?..
Перизат телефон менен сүйлөшүп жаткан жигиттин жүзүнө көз жүгүрттү. Анын жылмайганы, үнү жагып, ал жигит жакын адамындай сезилди. Кыз жылмайды.
– Анда сизди үйүңүзгө чейин узатып барсам каршы эмессизби? Менин Жибегим келбейт экен.
Перизат макул болуп башын ийкеди. Бул жигиттин жанынан кеткиси келбей турду.
– Менин атым Айбек. Ролик тепкен жагабы?
– Мен Перизат болом. Ролик…билбейм. Кичинемде эле тээп көргөм.
Кыз басып баратты, жигит болсо кызды роликчен жандап алды. Кийинки күнү жаңы жолугушуу, жаңы гүлдөр пайда болду. Киного барышты, сейил бакта сейилдешти. Жибек эми жайкы кечтерди гана эмес, бүт өмүрүн ким менен өткөрөрүн түшүндү.

Visited 332 times, 1 visit(s) today