Күндүн батышын телмире тиктеп турган жигит жаагын карыштыра дубалды муштап сөгүнүп алды. Көрсө, Россиянын чытырман токойлуу аймагында беш жыл бекерге жашырынып, азаптанып жүргөн тура. Өзүнүн көздөй эки досунун бири мунун сүйлөшкөн кызына ээ болуу үчүн кайдагы бир кылмышты уюштуруп, анан жакшылык каалаган адам болуп Россияга качырат деген түшүнө да кирген жок эмес беле…

«ТЕКСИЗ ЖИГИТКЕ КҮЙӨӨГӨ БЕРБЕЙМ!»
Күйүгө чуркап бирин-бири куушкан үч жигит жатакананын экинчи кабатындагы бөлмөгө сүрдүгө эшик талашып киришип, анан тиктеше ка­лып, сандарын чаап каткырып калышты. Нурбек, Канат, Жапар үчөөнү тагдыр университеттен тааныштырып, арасынан кыл өтпөгөн жакын досторго айланткан. Жапар алыскы Барскоондон болсо, Нурбек Нарындан, Канат болсо шаардык боло турган. Атасы майлуу-сүттүү орунда, шаардык прокуратурада иштеп, бардар бүлөнүн баласы болуп туруп, Канат жатаканага достору менен чогуу чыгып алган. Ата-энеси урушуп жатып, чарчаганда көнүп беришкен эле.
– Эй, сен жыргап каткырбай саатты карачы?! Мээримиң күтүп калбадыбы,- Нурбек күлгөндө жарк дей түшчү тиштерин кашкайтып күлүп жаткан Жапарды жыга түрттү.
– Канча болду? Ту-уй ата, жана эле айтып койбойт белең!
Шашып-бушуп кийимин которуп да, досун сөгүп, урушуп да жаткан Жапарды Канат телмире тиктеп калды. Жактырбаганыбы же ичи тарый көз артканыбы, айтор, ичине демин тарта муштумун түйүп жиберди. Бирин-бири тамашага салып жаткан экөө анын бул абалын байкашкан жок.
Мээрим сууктан тоңуп чыккан буттарын кандай жылытаардын айласын таппай улам карды тепкилеп, бушайман болуп турган экен. Элди көзүнө илбей кучагын жайып чуркап келе жаткан жигитти көрүп жарк дей түштү.
– Канча айтам кечикпей жүргүн деп. Демейде “жолугушууга кыздар кечигет” дешчү эле. Сен кыздардан да жаман күттүрөсүң.
– Ошон үчүн менин Мээримимсиң да! Кана, муйдуңду тосчу?
Эми эле калтыратып үшүтүп жаткан аяз кудум мелүүн жазга айлангандай жетелешкен экөө бакты аралай басышты. Акыркы күндөрү ачык айтышпаса да, ичтен сыза кыйналып жүрүшөт. Экөөнүн баш кошуусуна Мээримдин атасы караманча-каршы чыккан. Бул ою жөнүндө айтканында аюудай бакырып коё берген:
– Ушул аброюм менен кайдагы сайда саны жоктор менен кантип кудалашам? Ошого башың жеткен жокпу? Өзүңчү? Өзүң кантип жашайсың теги жок бир жигит менен? Кантип бүлө курасың?
Буркан-шаркан түшө жинденип, Мээримге болгон ачуусун “кызды карабай талтаңдатып эркине койгонсуң!” деп энесин каарып, андан чыгарып алган. Ошондон бери алардын үйүндө тынчтык жок. Кудайдын куттуу күнү кечки тамакта ушул тема башталат. Атасын сыйласа да, Мээрим Жапардан баш тарткысы жок же кызынын көңүлүн карап атасынын макул болчу түрү жок.
– Жапар, бир нерсе айтайынбы? Бирок, капа болбойм деп сөз берсең?- жалооруй көзүнө тигилген кызды карап туруп жигиттин жүрөгү сайгылашып кетти. “Мына, эми айтат. “Атам сага бербейт экен. Тең-теңи менен, тезек кабы менен деп жатышат. Мени кечир, экөөбүз бирге боло албайт экенбиз” дейт…” Ичинен “кыздын оозунан чыкпаса экен” деп тилеп жүргөн кептерди ойлой Жапар көзүн жумуп алды.
– Жапар, айтсаң, капа болбойм десең?!
– Унчукпа, эч нерсени айтуунун кереги жок. Бизди капа кыла турган бул дүйнөдө эч нерсе жок.
маанилүү нерсени айтмакчы болуп жаткан кыздын оозун алаканы менен басып сүйлөтпөй койду. Кыздын “үйгө досуң Канаттын ата-энеси жуучу түшүп келиптир” деп айтаарын кайдан билсин, бечара. “Сага күйөөгө чыкпайм” деп айтып жибербесин деп корккон Жапар маанилүү кепти укпай калды. Анын көңүлүн аяган кыз да ошол бойдон бул кепти козгой алган жок. Балким, Канаттын жоругу жөнүндө ошол күнү укса, мынча жыл азап тартпай акыйкатка тезирээк жетээр беле, ким билсин…

«ЧЫН АЙТАМ, МЕН ӨЛТҮРГӨН ЖОКМУН»
– Канат! Канат! Бол, ач эшикти!
Таң атпай дарбазаны жин ургандай тарсылдатып жаткан Нурбекке эшик ачкан Канаттын апасынын жүрөгү оозуна кептелип калды.
– Саламатсызбы, кечиресиз. Шашылыш иш чыгып калды. Канатты ойготуп коюңузчу?!
Уйкусурай желкесин кашыган Канат досунун кептерин уккан соң уйкусу умачтай ачылып, шаша-буша кийинип чуркап чыгып кетти. Экөө артынан энесинин: “Чай ичип чыкпайсыңарбы?! Деги эмне болду, байболгурлар?”- деп кыйкырганын угушкан да жок. Бул күнү таң эрте жатаканага келген милиция кызматкерлери Жапарды издеп таппай, “адам өлүмүнө шектелип жатат” деп кетишкен. Кандай кылаарды билбей далдырап калган Нурбектин оюна биринчи эле Канат түшүп, үйүнө чуркап келгендегиси эле. Кашайып демейде жатаканада түнөгөн ал бүгүн үйүнө түнөп калганын карабайсыңбы.
– Кечээ кайда кетти эле? Жатаканага келген жокпу?- деп үстөккө-босток суроо берген Канат Мээримдикин көздөй жөнөдү.
– Сен кайда жөнөдүң?
– Мээримдикине, ошонукунда болсо керек.
– Койчу, аныкында качан түнөп калчу эле?!
– Анда жок болсо да, болгон окуя жөнүндө Мээримге айтышыбыз керек.
– Келесоо болгонсуңбу? Жапарды таап, эмне болгонун так билмейинче Мээримди бушайманга салып эмне кылабыз? Азыр Жапарды табышыбыз керек эмеспи.
Кужулдашкан экөө күнү кечке талашып-тартышып жатып ал күнү Жапарды табышкан жок. Үч күндөн кийин сабактан келе жаткан Нурбекти жеңинен тарткан жаш бала колуна алакандай кагазды карматып: “Сизге бир байке берди”,- деп кете берди. Жапар “Ататүрк” сейилбагында күтөө­рүн жазган экен. Калың бактын арасында экөө көпкө чейин сүйлөштү.
Биринчи курска жаңы келгенде жатаканадагы балдарды коркутуп, салык салган спорт мектебинин балдары боло турган. Алардын Борик аттуу тыңчыкмасы каяша айткан Жапарды өлөөрчө сабап, ал милицияга арызданып, экөөнүн ортосунда эзели келишпес кек пайда болгон. Ошол каргашалуу күнү баягы Борик эки шериги менен Жапарга келиптир. Кептен кеп чыгып отуруп аягы мушташка, эски кекти чечишмейге өткөн тура.
Ушуларды айтып, канталап кеткен көздөрү менен кыжына алысты тиктеп, башын мыжыккан Жапар кандай кылаарды билбей отурду.
– Чын айтам, Нурбек. Тигил кулактары сынган Борик бар эмес беле. Сен деле таанычу эмес белең. Ошону менен мушташууга туура келди. Жанында эки шериги бар эле. Алар унчукпай карап турушту. Экөөбүз бутту тарта албай калгыча мушташтык. Аягында башына бир муштасам, жини келип кетип чөнтөгүнөн бычагын ала жүгүрдү. Шериктери жеткизбей кармап калышпаса, билбейм, эмне болоор эле. Ошол кезде кулак түпкө бирөө ушунчалык катуу сокту дейсиң, көзүмдөн от чыгып, кулагым чуулдап, эч нерсе укпай жыгылып кеттим. Андан ары эмне болгонун билбейм. Эсиме келсем жерде жатыптырмын. Колумда кан болгон бычак бар экен. Жанымда болсо… Борик… Бети-башы кандан көрүнбөйт, өлүү-тирүүсү билинбейт. Коркуп кетип, тура калып качып кеттим. Ээн жерде болгондуктан, анын үстүнө, эми эле таң ата баштаган экен, киши карааны көрүнбөдү. Бычакты да ошол тегерекке ыргытып жибериптирмин. Жок кылып салсам болмок. Менин бармагымдын издери калды да.
Досуна кантип жардам берээрин билбей Нурбек үнсүз ыйлап жиберди.

«ЭКИ-ҮЧ ЖЫЛ ЖОГОЛО ТУР…»
Ошол күнү Борик менен кошо келген эки жигит чуулгандуу окуядан эки күндөн соң милицияга барып Жапардын Борикти бычактап салганын, анан анын шериктери келип буларды сабап, кубалап жиберишкендерин айтып көрсөтмө беришиптир. Бардык көрсөтмөлөр өзүнө каршы болуп жатканынан кабардар болгон Жапар кандай кылаарын билбей алдастап, сейилбакта үч күн жашырынып жатты. Айла кеткенде Жапарды түнкүсүн келип Канаттын үйүнө алып кетишти. Канатты Жапардын жакын досу катары суракка чакырышканы менен анын үйүн тинтүүгө негиз жок болчу. Шаардык прокурордун орун басарынын үйүн тинтүүгө кантип батынышсын?! Айтор, караңгы жер төлөдө он күн жашынып жаткан Жапарды кайрадан түнкүсүн чыгарышып, колуна даярдалган кийим-кече, азык салынган сумканы карматышып, темир жол вокзалына алпарышты да, Орусияга жөнөтүп жиберишти. Кетээрге убакыт келгенде Канат:
– Атам баарын даярдап, сүйлөшө тургандар менен сүйлөшүп койду. “Мүмкүн болсо эли көп шаарлардан алыс кыштактарга же бир токойдогу жумуштарга кетип калсын. Эки-үч жылдай жоголо турсун”,- деп айтты. Сен эми өзүңдү кыйнай бербе, дос. Биз бул ишти ким уюштурганын тактоого аракет кылабыз. Мээримден да кабар алып турабыз”,- деди көзүнөн жаш куюлган досун кучактай. Мээрим деген атты укканда Жапардын денеси дирт эте жыйрылып барып ого бетер өксүп жиберди. Эми кантет? Мээримсиз кантип жашайт? Ал эмне деп ойлойт?
Эки ай бою дареги билинбеген Жапардан бир күнү кат келди. Кыргызстанга жөнөгөн жигиттен берип жибериптир. Канаттын атасынын акылын оң көрүп, Сибирь тараптагы токойлордо карагай кыйган топко кошулуп алгандыгын, күн өтө суук, шарттары татаал экендигин айтып келип: “Кантсе да силердей досторумду эш тутуп, өлбөй аман жашап жатам. Мүмкүн болсо апама барып, болгон окуяны туура түшүндүрүп айтып келгиле. Мээрим мени күтсүн”,- деп бүтүрүптүр.

«МЭЭРИМГЕ ҮЙЛӨНӨМ»
Бул күндөрү Канаттын үйүндө тойго катуу даяр­дык жүрүп жаткан эле. Ал жөнүндө Нурбек билген эмес. Бешинчи курсту бүтүп, экзамендерди тапшырышкан соң “группалаштар болуп диплом жууйбуз” деп тоого чыгышкан. Бир топ кызып алганга Жапарды эстеп буулуккан Нурбек башын жерге салаңдатып, ичтен өксүп отурган. Аны капталга катуу нукуган Канат:
– Жүрүчү, сүйлөшүп келели,- деп калды.
– Эмне болду?
– Жүрү тигиндейрээк…
Бака-шака түшкөн топтон чыгып алган экөө көпкө унчукпай турушту. Акыры башын чулгуп алган Канат:
– Дос, бир жумадан соң үйлөнгөнү жатам,- деди.
– Болсун, куттуктайм. Бирок, кимге? Сүй­лөш­көн кызың жок эле…
– Мээримге.
– Эмне-е-е?
– Мээримге дейм. Эчак эле кудалашып коюшкан…
Кебинин аягына чыга электе Нурбектин соккусунан учуп түштү.
– Акмак, кантип бардың мындай ишке?
– Мага эле оңой бекен? Билсең, Мээримди мен да сүйөм. Керек болсо Жапардан да катуураак сүйөм!
– Кийин досуң кайтып келгенде бетин кантип карайсың?
– Ал эми кайтып келбейт.
– Эмне-е-е? Эмне деп турасың сен? Кайтып келет. Анын кайтып келишине бар күчүмдү жумшайм. Ал күнөөсүз. Аны актап чыгам мен. Күнөөлүү адамды табам. Угуп жатасыңбы? Муну ким уюштурганын табам деп ант берем өзүмө!
Былчылдата бирин-бири сабаган экөөнү группалаштар араң ажыратышты. Ошол ошол болду, эки достун жолу эки айрылып кетти.

«КАНАТ ӨЗҮ УЮШТУРГАН»
Ошентип, каршы болуп ыйлаганына койбой атасы Мээримди Канатка күйөөгө берди. Министрдин орун басарынын кызын алган Канат бат эле чоң кызматка ээ болуп, чоң столду кучактап отуруп калды. Нурбек да айтканынан кайткан жок. Тырышчаак, сабактарды жакшы өздөштүргөн бала окууну бүткүчө эле штаттан тышкаркы кызматкер болуп милицияда иштей баштаган эле. Окууну бүтөөрү менен тергөөчү болуп кызматка орношту. Маянасы жетишпей кыйынчылык тартса да, негизги жумушунан тышкары Жапар досунун ак экендигин далилдөөгө далалат кылып, өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатты. Оюнда “Борикке каршылаштар аны өлтүрүп, кылмыштын изин жазгырыш үчүн эстен танган Жапардын колуна бычакты карматып кетишкен” деп жоромолдоп жүргөн. Көрсө, иш башкача экен. Баягы күбө өткөн балдардын бирин издеп таап, көп күн бою эзип сурап отуруп, ишти Канат аттуу бала заказ кылганын билди.
– Канат “эгер ишти жигин билдирбей бүтүр­сөңөр, жакшы акча төлөп берип, Орусияга качырып жиберем” деген. Бизге акча абдан керек болчу. Канат чын эле бизди качырып жиберди. Бишкекке ошондон бери эми келишим. Ишти чын эле жаап салышыптыр,- деп беш жыл мурунку окуяны айтып берди.
– Канат дедиңби?
– Ооба, дос турбайсыңарбы үчөөңөр. Өзү ээрчитип келип силерди алыстан көрсөтүп, Борик экөөнү мушташтыруу планын да өзү айтып берген.
– Болду, сүйлөбө. Бир аз үнүңдү чыгарбай тур.
Мына азыр жер астын-үстүн болуп кетчүдөй болуп башын мыкчыган Нурбек бул жигит менен мындан ары сүйлөшүүгө чамасы келбеди. Эртеси болгон окуя жөнүндө толугу менен жаздырып алып унутулуп бараткан ишти кайрадан козгоду. Эки айдан соң Орусиядан Жапарды өзү таап келди.
Жапар кандай күнгө туш болгонун, аны кантип күнөөсүз күнөөлүү кылгандарын Нурбектен уккан Мээримдин дүйнөсү астын-үстүн түшүп кетти. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй жулуна Канаттын жумушуна келип селейип туруп калды. Колу артына кайрылып кишенделген Канатты формачандар эки жагынан кармап алып чыгып баратышкан экен.

Айбек Нурадилов

Visited 252 times, 1 visit(s) today