Сүйүүдөн жаралган бала
Бул күнү Айдайлардын бүтүрүү кечеси болмок. Осмон келинчеги экөө кеңешип, кызына шаардан апакай көйнөк алдырып коюшкан эле. Атасынан мындай белек алган Айдай так секире кубанган. Кечеде ошол апакай көйнөгү менен көздүн жоосун алып кулпуруп турду.
– Бактылуу бол, карегиңден кагылып кетейиним! Бактылуу бол!
Аттестат алган Айдайды атасы менен энеси бетинен өөп куттукташты.
– Окшошкон мурдуңду урайындар, силерди да куттуктайм. Эми силер чоң жигитсиңер.
Осмон Айдайдын жанындагы Бакыт менен Эмилди да кучактап алды.
– О, кайрандар, эмитеден эле майрамдап алгансыңарбы? Кеченин аягына чейин шылкылдап калып, кыздардын алдында уят болбосоңор эле болду…
– Осмон аке, тамашалап жатасызбы?
– Мен качан тамашалачу элем?
– Тынчсызданбай эле коюңуз. Жаныбызда Айдай турса, кантип мас бололу.
Осмон көкүрөктөрү көк тиреп, алып-учуп турган Бакыт менен Эмилди алмак-салмак карап калды. Кызы Айдай десе бул экөөнүн эт-бетинен кетээрин жакшы билет. Кызы айылдын эң сулуусу. Жаш жигиттер эмес, көргөн сайын өзүнүн да көңүлү толкуп кетет. Жараткан тимеле эрикпей отуруп бирден кынаптап тизип жасап койгондой сулуу. “Алоолонгон сүйүүдөн жаралган балдар ушундай сулуу болушат”,- деп коёт ичинен сыймыктана.
– Биз үйгө кеттик. Акылдуу балдар эмессиңерби, Айдайды капа кылбай, таңды жакшы тоскула.
Анын классташ балдарынын эрте күндө кызып алгандарына тынчсыздана жолуна түшкөн ата өзүн, сүйкүмдүү кызын, бул балдарды кандай балакет күтүп турганын билген жок.

Сабагынан жулунган гүл
Бакыт менен Айдай сүйлөшүп жүрүшөөрүн баары жакшы билишээр эле. Бакыттын эң жакын досу болсо да, Эмил Айдайга болгон арзуусун жашырчу эмес. Мунун айынан арасынан кыл өтпөс достор былчылдаша мушташып кеткен учурлары да болгон. Ошентсе да кенедейинен чыбык ат минип кубалашып жүрүп чоңойгон экөө кайра табышып, жетелешип калышчу.
– Кел, бийлейбиз.
Бөлөк классташ баласы менен бийлеп жаткан Айдайды Эмил келип тартып кетти. Ичимдик дегенди оозуна албаган Бакытка чычалатып жатып арак ичкизип койгон эле. Эми анын башы айланып, бутуна оңдуу тура албай калганынан пайдаланып, Айдайды бийге тартып кетти. Бийлегенде да жөн бийлебей кызды бекем кучактап алып жинине тийди.
– Эмил, жөн бийлечи?! Бакытка эмне болгон? Мас болуп калдыбы?
– Ичпеген бала да. Бир стаканга эле “крышасы” кетип калды.
– Ой, карачы, Бакыт жыгылып кетти!
Ортодо бийлеп жаткан экөө жыгылып түшкөн жигитти жетелей чебелектеп тышка чыгып кетишти. Майрамдын шаңы менен көпчүлүк буга көп маани бербей, кечени уланта беришти.
– Бакыт, Бакыт, эсиңе келчи?! Ойгончу?! Бакыт дейм!
Шылкылдаган жигитти бетке чапкылап, ийинден тарткан Айдай баарыбир көзүн ачтыра албай койду.
– Ким мынча мас кылды сени? Бакыт, турчу эми?!
– Бакыт болбосо кече көңүлсүз болуп баратабы? Мунсуз отура албай калгансыңбы?
– Сен да мас болуп калдыңбы? Экөөңө деги эмне болгон? Эмил, айтсаң, ким мынча ичирди?
– Мен ичирдим. Сынап көрөйүн дедим. Сени мындай учурларда калкалай алабы, билгим келди.
– Сен соо элесиңби? Эмне деп жатасың?
– Соо эмесмин. Сени сүйөм! Ошон үчүн жинди болуп жатам!
– Эмил, сураныч, ушул күнү илгерки жомогуңду баштабачы?!
– Ха, сен үчүн илгерки жомок. Мен үчүн болсо… Айтчы, Бакыттан эмнем кем? Мага көңүл бөлүшүң үчүн эмне кылышым керек, айтчы?!
– Эмил, эсиңе кел! Жинди болбо! Коё бер мени!
– Айтчы, кантип сага жагам? Сени сүйөм, угуп жатасыңбы, сүйөм. Айдайым менин!
– Эмил, келесоо болбо! Коё бер! Аа-аа, жардамга! Коё бер дейм! Бакыт, Бакыт!
Чырылдаган кыздын үнүн аракка акыл-эси тумандап жаткан Бакыт уккан жок. Уккан күндө деле бутуна тура алмак эмес. Эми эле айыл элинин көз жоосун ала кулпуруп турган кыз сабагынан жулунган гүлдөй бүрүшүп, апакай көйнөгү тытылып, чөпкө булганып калды.

“Кимдин колу барды?”
Таң эрте бир колуна туфлисин, экинчи колу менен айрылган көйнөгүнүн көкүрөгүн кармаган кыз өзөн тараптан үйүн көздөй жинди немече темтеңдей басып келе жатты. Өзүнөн-өзү түй­шөлгөн атасы уйкусу качып, эшикте тамеки тартып отурган. Кызынын кебетесин көрүп, оозунан кеби түшө үрөйү учуп туруп калды.
– Айдай, кызым, сага эмне болгон?
Ыза, ачуу аралаш көзү менен жалт караган кызы унчукпай, ошол темтеңдеген боюнча үйгө кирип кетти.
– Бакыт! Кайдасың? Ким кылды муну? Иттин гана баласы, кимдин колу барды мындайга?
Жыгылып-туруп чуркаган Осмон заматта өзөн жээгине дале башын көтөрө албай жаткан Бакытты таап барып калды.
– Көзүңдү ач дейм, иттин баласы, айт, ким кылды?
– Эмнени, Осмон аке? О-ой, эмне урасыз?
Көзүнөн чаар чымын учкан Осмон шылкылдаган Бакытты бетке, көзгө муштап кирди.
– Ал кылган жок, Осмон аке, мен кылдым…
– Эмне-е?
Артына бурулган Осмон таштын үстүндө отурган Эмилди эми көрдү. Айдайдын үзүлүп кеткен шурусун чогултуп, алаканына салып отурган Эмил ордунан араң козголду.
– Осмон аке, мен Айдайды сүйөм. Ага үйлөнөм!
– Эмил, акмак бала, эмне кылып койдуң?
– Айдайсыз жашай албайм, Осмон аке, уруксат бериңиз, мен ага үйлө­нөйүн!
Чөгөлөй калып тизесин кучактаган баланы ордунан тургузуп, бооруна кыскан Осмон өзөгү өрттөнө буркурап ыйлап жиберди.
– Акмактар, Бакыт экөөңөрдү өзүмдүн баламдай көрчү эмес белем. Эми сени өлтүрүүгө аргасызмын.
Жаш жигитти тумшукка бир коюп учура койду. Мурдунан кан жайыла берген Эмил очорулуп ордунан тура албай калды.
– Сүйөм, мен аны сүйөм!
– Атаңдын башы! Ме сага!
Карылуу Осмон урган сайын Эмил учуп түшүп, кайра козголуп, Айдайды сүйөөрүн, ансыз жашай албасын айтып ыйлай берди.
– Токто-от, Осмон, эмне кылып жатасың? Эсиңе кел!
Ызы-чуудан улам чуркап келген айылдаштар жаалданган Осмонго ээ боло албай калышты. Ал жерде томолонуп жаткан баланы алынын барынча муштамакчы болуп баратып чалынып чалкасынан кетти. Балакет басып жана Эмил отурган урчук ташка башы тийген экен заматта кыймылсыз жатып калды.

Өкүм
– Ордуңардан тургула, сот келатат!
Кайгы деген жаман. Башына мындай мүшкүл иш түшүп, анын айынан атасынан ажыраган Айдай аз күндүн ичинде өзүн жүз жылга карып кеткендей сезип калды. Мына, азыр да маңдайында отурган Эмилден көзүн албай жалдырап отура берди.
Ишти карап чыккан сот Эмилди тогуз жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.
– Кудай, ай, балам! Оо, эл-журт, бул эмне деген шумдук? Бир шыртаңдаган кыз үчүн балам тогуз жылга соттолобу? Көрүнгөнгө көзүн сүзбөй тынч жүрсө мындай балакет жок эле го!
– Шуркуя десе!- Эмилдин таякеси Мурат ошол турган жеринен Айдайды сөгүп коё берди.
Отурган жеринен илбирстей ыргыган Эмилди сакчылар кармаганга үлгүрбөй калышты.
– Ким шуркуя? Оозуңа карап сүйлө, акмак! Менин Айдайыма минтип сүй­лөө­­гө кантип оозуң барды?
Жаны ачыган ал Муратты тимеле эки бүктөп бир жутчудай былчылдата муштап жиберди. Эми эстерине келген сакчылар Эмилди сүйрөп кетишти.
– Айдайды бирөөң шылдың кылчу болбогула! Көрсөтөм мен силерге! Айда-а-ай! Айда-а-ай!..
Артынан жабылган оор темир эшик айгайлаган Эмилдин үнүн угузбай жутуп кетти.

Даярдаган Айбек Нурадилов.

Visited 453 times, 4 visit(s) today