Автор бул китебинде өткөн кылымдын, отузунчу жылдарында болгон окуяны кенен чагылдырып берген. Мергенчи Алымкул өнөрүнө таянып тоодо жашаган жапайы кишини көрүп калып, артынан түшүп, акыры аны элге кошот. Ошону менен бирге, оозунан чыккан убаданы аткарып, кийин колуна мылтык кармагыз болот. Айткандай автор бул чыгармасында элибиздин салтына да кенен токтолуп, жашоодо кездешүүчү көщүлгө жат окуяларды ачып бергенге аракет кылган. Айтмакчы бул чыгарма автордун отузунчу повести. Кызыктуу сюжеттер окурмандын көщүлүнөн орун алып, кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Алымкул мергенчи єткєн кылымдын башында жарык дүйнөгө келип, чакан єлкєбїздїн тїндїк тарабында єз чєйрєсїнє тєбєсї кєрїнїп, элге алынып жашап єткєн экен. Бул мергенчилик өнөр дагы тукум кууп, атадан балага ооп, уланып келгенин кеп кылсак сєз учугу тїгєнбєйт. Айткандай, Алымкул мергенчинин атасы Малабай кєзгє атаар мергенчи эле эмес, кайсы убакта кайберен тукуму кайсы жерде тєлдєйт, текесинен качан качты, ал турсун бооз кайберендердин ичиндеги баласына канча ай болгонун дїрбї салып билип койгон, табигаттын сырын чече алган, өнөргө бай адам болгон экен. Алымкул атасы Малабайды он алты жашына чейин ээрчип, тоо койнун кыдырат. Малабай алтымыш жети жаш курагында дїйнє салат. Бул жалган жашоодон өтөрүн алдын ала билип, уулу Алымкулга єзїнїн мылтыгын белекке берип, анан айткан экен:
– Балам, мергенчиликтин жүгүн алып олтурасыщ, эми сен мен айткандын баарын аткар. Калганын турмуш өзү көрсөтөт. Элге калыс болуп, жарыгыщды жакындарыща жана айыл элине тийгиз- деп, сөзүн кыска бүтүргөндө, Алымкул калган сөздү айттырбай түшүнүп, башын ийкеп гана жооп бериптир. Бул ата менен баланын акыркы сүйлөшкөн сөздөрү болгон экен. Он жетиге караган Алымкул атасы эмне сөз айтмакчы болгонун ички сезими менен гана билет.

Visited 428 times, 7 visit(s) today